Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:54

Сузак: сексуалдык кызмат көрсөткөн жай ачууга шек саналган аял кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сексуалдык кызмат көрсөтүүгө, баңгизат колдонууга ыңгайлашкан көмүскө жайды уюштурууга шек саналган 29 жаштагы аял кармалды.

Облустук милициянын билдиришинче, ушул жылдын май айында Ош-Бишкек жолунда жайгашкан мейманканалардын биринде сексуалдык кызмат көрсөткөн, баңгизат жана психотроптук каражаттар колдонулган жай бар экени тууралуу маалымат түшкөн.

Чогулган тергөө материалдарынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси ("сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү”) беренеси менен кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү райондук милициянын тергөө абагына киргизилди. Учурда бул кылмышка тишеси бар башка адамдарды аныктоо иши жүрүп жатат.


Быйыл апрель айында Жалал-Абад шаарында "кыздарды опузалап, сойкулукка иштетип жүргөн" деген шек менен блогер кармалган. Облустук ички иштер башкармалыгы "Ч.Н. аттуу 34 жаштагы тургун сутенёрдук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруп, сойкулук менен алектенүүгө кыздарды мажбурлап жатканы" тууралуу ыкчам маалыматтар алынганын билдирген. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Милиция кылмышка шектүүнүн үйүн тинтүү маалында далил буюмдар алынганын маалымдаган.

Эгер кармалган адамдардын күнөөсү сотто далилденсе, Кылмыш-жаза кодексине жогорудагы беренесине ылайык, жети жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG