Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:20

Украинадагы шайлоо: Зеленскийдин үчүнчү жеңиши


Украинанын президенти Владимир Зеленский, 21-июль, 2019-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский, 21-июль, 2019-жыл.

Украинада парламенттик шайлоо өттү. Экзит-поллдун алгачкы жыйынтыгына караганда президент Владимир Зеленскийдин партиясы жеңиштин алдында турат.

Экзит-поллдун жыйынтыгы көрсөтүп тургандай Зеленскийдин партиясы парламентте башкаруучу коалиция түзүү үчүн дагы бир партия менен биригиши керек.

Украинанын улуттук экзит-поллунун алгачкы жыйынтыгына ылайык Владимир Зеленскийдин "Эл кызматчысы" ("Слуга Народа") партиясы Жогорку Радага добуш берген шайлоочулардын 44,2% добушун алып, атаандаштарынан кыйла озуп чыкты.

- Бул жөн гана эбегейсиз ишенич эмес, бул мен жана менин командам үчүн эбегейсиз жоопкерчилик. Биз украиналыктарды сатпайбыз, - деди Зеленский өзүнүн штабына чогулгандарга кайрылып.

Жыйынтык көрсөтүп тургандай, Зеленскийдин партиясы украин парламенти – Жогорку Радада көпчүлүктү түзүү үчүн дагы башка партия менен коалиция түзүшү керек.

Президент Зеленский эң аз добуш менен беш пайыздык босогодон ашкан «Добуш» партиясынын лидери менен коалиция түзүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштады.

Айрым серепчилер шайлоонун жыйынтыгын «батышчыл жана реформачыл партиялардын чоң жеңиши» катары сыпатташууда.

Зеленский президенттик кызматка киришкенден көп узабай элдин депутаттарга болгон ишеничи төмөндөп кеткенин жана парламентте башкаруучу коалиция жоктугун айтып, мөөнөтүнөн эрте шайлоо өткөрүү демилгесин көтөргөн.

Шайлоо учурунда Зеленский Украинага экономиканы жакшы түшүнгөн адискөй премьер-министр керегин билдирген.

Орусия менен мамилелерди жакшыртууга умтулган “Оппозициялык платформа” партиясы добуш бергендердин 11,4% ала алды. Ал эми өлкөнүн мурдагы президенти Петро Порошенко менен байланышы бар делген “Европа тилектештиги” партиясы 8,8% менен үчүнчү орунду ээледи.

Мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенконун "Батькивщина"​партиясы 7,4% алса, музыкант Святослав Вакарчуктун “Добуш” партиясы шайлоочулардын 6,5% ээ болгон.

Вакарчук “Азаттыктын” украин кызматына сүйлөп жатып, ал “Эл кызматчысы” менен коалиция түзүүгө даяр экендигин билдирди:

- Биз таасирдүү болууну көздөйбүз. Эгер коалцияга кирсең, алда канча көп бийлигиң, мүмкүнчүлүктөрүң болуп, чындап өзгөрүүлөрдү кыла аласың. Жалаң эле президентти алмаштырып коюу жетишсиз. Биз чыныгы өзгөрүүнү кааласак, Жогорку Раданы да алмаштырышыбыз керек, - деди Вакарчук.

Украинада добуш берүү аралаш система менен өттү: Жогорку Рададагы жалпы 450 депутаттын жарымы партиялык тизме менен шайланса, калган жарымы бир мандаттуу округдардан келишет.

Шайлоого 22 саясий партиядан эки жарым миңден ашык талапкер катышса, можаритардык система менен ат салышкандардын саны үч миңден ашты.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG