Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Париж-2024: Акжол менен Үзүр алып келген кош сыймык

Париж Олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов менен Үзүр Жузупбеков коло медал утту. Акжол ушуну менен эки жолку Олимп оюндарында байгелүү болду. Ал Токио Олимпиадасында күмүш медал алган. Үзүр экинчи Олимпиадасын олжолуу жыйынтыктады. 


Учурда Кыргызстандын капчыгында Париж олимпиадасынын бир күмүш, үч коло медалы бар. 6-августа кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова күмүш, грек-рим күрөшүнөн балбан Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм салмакта коло медал утту.


XS
SM
MD
LG