Өзбекстанда беларус лидери Александр Лукашенконун постсоветтик мейкиндикте жаңы союздук бирикме тууралуу айтканы сынга кабылды.
Бийликке жакын "Улуттук кайра жаралуу" саясий партиясынын төрагасы Алишер Кадыров советтик империяны күч менен калыбына келтирүү аракети оор кесепеттерге алып келерин жазып чыкты.
Буга чейин Лукашенко Ташкент алдын албаса, Казакстандагыдай окуялар кайталанышы мүмкүн экенин эскерткен.
"Жаңы союз түзүлөт. Калгандары кайда бармак эле?"
Беларус лидери Александр Лукашенко жакында Орусиянын башкы пропагандисти атыккан Владимир Соловьев менен болгон маегинде постсоветтик мейкиндикте жаңы союздук бирикме тууралуу айтканы социалдык тармактардын өзбек сегментинде катуу талкууга түштү.
Анда ал Борбор Азия менен Кавказдагы мурдагы советтик жумурияттар Орусиянын тегерегине биригип, 350-400 миллион калкы бар жаңы союздук биримдик түзүлөрүн айтты:
“Беларус капкачан эле ал жакта. Казакстан чоң сабак алды деген ойдомун. Ал эми калгандары, бул кубаттуу бирикмени түзүү жараянына периметр боюнча кошула берет. Армения кайда бармак эле? Алар эч кимге кереги жок экенин көрүштү. Азербайжан буга кошулбай турат. Себеби биз да көп жаңылыштык кетиргенбиз. Ал өзүнчө сөз. Азербайжанды Түркия аябай олуттуу колдоп жатат. Ал эми Түркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстан менимче, баарынан мурун экономикалык зарылдыктан улам кошулат”,- деп билдирди Александр Лукашенко.
Өзбекстандын "Улуттук кайра жаралуу" саясий партиясынын төрагасы Алишер Кадыров Лукашенконун оозу менен айтылган бул сөздү Москванын азыр кайра империялык дымагы ойгонгон көрүнүш катары карап, тарых көрсөткөндөй, зордук-зомбулукка жана коркутууга негизделген империялар, канчалык күчтүү көрүнбөсүн, узакка жашабасын мисал келтирди.
“Мындай пландар тескери толкунду жаратып, Советтик империяны калыбына келтирүүнү каалагандардын өз аймагында жаңы мамлекеттерди жаратышы ыктымал. Бул, олуттуу экономикалык жана социалдык чыңалууга алып келиши мүмкүн. Бул нерсени биз алдыдагы 15 жылдык планыбызда эске алышыбыз абзел", - деп жазды партия лидери Кадыров.
Александр Лукашенко 2020-жылы Беларустагы талаштуу президенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам чыккан каршылык акцияларын баскандан кийин Батыш анын легитимдүүлүгүн таануудан баш тартып, ага карата санкция киргизген. Ошондон кийин ал Батыш менен каршылашып, Орусия менен мамилесин оңдоп, былтыр күзүндө союздук мамлекет тууралуу документке кол койгон.
Сөөмөй кезеген эскертүү
Өткөн 10-январда ЖККУга мүчө мамлекет башчыларын онлайн жыйынында Александр Лукашенко Ташкент соңку Казакстандагы кандуу окуялардан сабак албаса, Өзбекстанда да ушул сценарий кайталанышы мүмкүн экенин айткан.
“Бул үчүн мени кечирип койгула, бирок бул жерде көп айтылган окуялардан сабакты, биринчи кезекте Өзбекстан алууга тийиш. Эгерде мындан сабак алынбаса, андан биздеги маалыматтар боюнча жана биз бул жерде азыркы мезгилде байкап жаткандай, "алардын көзү" эми Өзбекстанга түшүп калды. Эгерде биз муну түшүнбөй, тышкы факторго гана шылтай берсек, анда бул окуялар кайрадан кайталанышы мүмкүн”.
Шавкат Мирзиёев: биз өзүбүздү коргой алабыз
Ошол эле ЖККУга мүчө мамлекет башчыларынын онлайн жыйынынан эки күн өткөндөн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Коопсуздук кеңешинин жыйынында Лукашенконун айтканына жооп кайтарды.
Ал анын атабай, бирок кандай гана коркунуч болбосун мизин кайтарууга өзбек мамлекетинин күч-кубаты жетиштүү экенин белгилеген.
"Кечээ жакында кээ бир мамлекеттердин жетекчилери “Өзбекстан Казакстанда болуп өткөн окуялардан сабак алышы керек” деген негизсиз билдирүүлөрдү жасашты. Биз аймактагы жалпы кырдаалга, анын коопсуздугуна карата бардык чакырыктарга жана коркунучтарга кылдат көз салып турабыз. Мамлекет коопсуздугуна кандай гана коркунуч келбесин, ага карата адекваттуу жооп кайтаруу үчүн бизде бардык зарыл болгон күчтөр жетиштүү".
Андан кийин Кремл Ташкент тарапка бул тууралуу үн катып, Лукашенконун айтканына Москванын тиешеси жок деген таризде билдирүү таратты.
Бирок ошол эле кезде Кремлдин саясатын ачык жана тымызын колдогон медиа каражаттарында Борбор Азия чөлкөмүнүн, анын ичинде Өзбекстандын коопсуздугуна байланыштуу макалалар жарык көрдү.
Орусиядагы империялык көз караштагы саясатчылар Казакстандагы кандуу окуялардан кийин Өзбекстан токтоосуз түрдө ЖККУга кайтып келиши керек деген кеп-кеңештерин берүүгө да ашыкты. Өзбекстан 2012-жылы Орусия баш болгон ЖККУ уюмунан чыгып кеткен.