Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:54

Ошто ТҮРКСОЙдун жыйыны өтүп жатат


Ошто ТҮРКСОЙ уюмунун жыйыны өтүп жатат
Ошто ТҮРКСОЙ уюмунун жыйыны өтүп жатат

Ош шаарында ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн туруктуу кеңешинин 37-отуруму өтүп жатат. Ага ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Дюсен Касеинов, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ТҮРКСОЙдун Кыргызстандагы өкүлү Кожогелди Култегин, Азербайжан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстандын маданият өкүлдөрү катышууда. Иш-чара «Ош шаары - түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык салтанатынын жабылуу аземинин алкагында өтүүдө.

Отурумдун катышуучулары түрк тилдүү элдердин маданияты, «Ош шаары - түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» салтанатында өткөн маданий иш-чаралар тууралуу талкуулашууда.

Ош шаары 2019-жыл үчүн «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп жарыяланган. Мындай чечим былтыр 18-декабрда Түркиянын Кастамону шаарында өткөн ТҮРКСОЙдун курамындагы өлкөлөрдүн Туруктуу кеңешинин №36 отурумунда бир добуштан кабыл алынган. Мурда бул макамды Түркстан шаарынан тышкары Кастамону (Түркия), Мары (Түркмөнстан), Шеки (Азербайжан) жана Казан (Татарстан, Орусия) шаарлары алып жүргөн. (MdN)

XS
SM
MD
LG