Мариуполдо орусиялык фирмада иштеп жаткан кыргызстандык жаран Орусияга кире албай калганын айтып кайрылды. Тогуз айга жакын Мариуполдо иштеген кыргызстандыкты орус чек арачылары "кара тизмедесиң" деп өткөрбөй коюшкан. Украин мыйзамдары боюнча Мариуполго башка жактан киргенде "чек араны бузган" деген негизде кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
"Майда Москвага тоскоолдуксуз киргем"
Коопсуздугунан чочулап, аты-жөнүн ачык айтпаган кыргызстандык жигит Украинанын Орусия басып алган Мариупол шаарында курулуш ишине тартылган экен. Ал 25-февралда "Азаттыкка" кайрылды.
"Москвага [Кыргызстандан] былтыр майда келгем. Мариуполго орусиялык курулуш компаниясы менен келишимдин негизинде келип, иштеп жаткам. Бул жакта иштегениме сегиз жарым айдан ашты. 24-февралда Орусияга кетейин десем, чек арачылар киргизбей коюшту. "Кара тизмеге" кантип, качан кирип калганым белгисиз, чек арачылар да ал жөнүндө маалымат беришкен жок",- деди ал.
Маектешибиздин айтымында, Мариуполдо курулушта иштеген башка дагы жыйырма чакты кыргыз жараны бар, айрымдары кайра Орусияга кетишкен.
"Башында 400гө жакын адам келгенбиз. 20 чакты кыргыз бар элек. Айрымдары кетип, он чакты калганбыз. Убада кылынган айлыкты, тамак-ашты жакшы эле берип атышат. Мен деле биротоло кетейин деген эмесмин. Москвада ишим чыгып калып, ошого барып келе калайын деп барган болчумун. Жанымда түрк жараны бар эле, чек арадан аны өткөрүштү, мени киргизишкен жок".
Элчилик: териштирүү жүрүп жатат
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Мариуполдон чыга албай калган кыргызстандыктын маселесинен кабардар экенин, ушул тапта териштирүү жүрүп жатканын 25-февралда маалымдады.
"Азаттыкка" кайрылганжаран болсо ушул тапта кайда барышын билбей турганын айтты:
"Же ичкериге кире албасам же Орусияга чыга албасам, билбейм кандай болот? Кыргызстанга түз эле учуп кетейин десем, аэропорт жок бул жакта. Камалып калдым десем деле болот. Чынында камалып калдым да".
Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Орусия каратып алган аймактагы курулуш иштерине тартылган кыргызстандыктар боюнча расмий маалымат жоктугун "Азаттыкка" маалымдады.
Буга чейин укук коргоо органдары, Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргыз жарандарын согуш жүрүп жаткан аймактарга барбоого чакырган. Эгер жарандар башка өлкөнүн аймагында согуштук аракеттерге катышса, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскерткен.
Телеграмдагы жарыялар, элчинин эскертүүсү
Акыркы убактарда түрдүү Телеграм-каналдарда Украинанын Орусия басып алган аймактарында калыбына келтирүү иштерине мигранттарды чакырган жарыялар жайнап жүрөт. Андай иштерди "коопсуз" деп сыпаттап, 100 миң рублге чейин берүүнү убада кылган билдирүүлөр бар.
Өткөн аптада Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко кыргызстандык мигранттарды Орусия басып алган аймактарга барбоого чакырган.
"Киев Орусия оккупацияланган аймактарга мыйзамсыз кирген мигранттарды баскынчылардын өнөктөшү катары көрөт. Биздин мыйзамдар боюнча Украинага жана убактылуу оккупацияланган аймактарга чет элдик жарандар украин бийлигинин уруксаты менен чек арадагы көзөмөл өткөрмө бекеттери аркылуу гана кире алат. Башка жактан кирүү мыйзамсыз жана баскынчылардын өнөктөшү катары эсептелет".
Элчи Орусия басып алган аймактарда иштеген чет элдиктерге Европага жана АКШга барууга тыюу салынышы ыктымалдыгын да эскертти.
Орусиялык компаниялар Украинанын аннексияланган облустарындагы аскердик курулуштарга борборазиялык мигранттарды байма-бай жалдап жатканы, арасында Кыргызстандын жарандары да бар экени тууралуу маалыматтар айтылып келген.
Алардын айрымдары убада кылынган акчасын ала албай жатышканы кабарланган.
Буга чейин “Азаттыктын” тажик кызматы Орусияда миграцияда жүргөн тажикстандыктар Орусия каратып алган Мариуполдо курулушта иштеп, маяналарын ала албай жатканын жазып чыккан. Алтургай Түркиядан Орусия аркылуу барган жумушчулар да бар. Бир апта мурда алардын бири Орусияда катталган түрк курулуш компаниясы аркылуу Мариуполго барып иштеп, убада кылынган акчасын ала албаган соң Грузия аркылуу мекенине эптеп чыгып кеткенин "Азаттыкка" айтып берген.
Расмий маалыматка ылайык, Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсепте орус паспортун алган кыргыздардын саны 500 миңге чамалайт.