Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:55

Орусия: Согуш күчөгөндө абортко каршы өнөктүк башталды


Иллюстрация
Иллюстрация

Украинадагы согуш фонунда Орусияда аялдарды көбүрөөк төрөгөнгө мажбурлаган ыкма күчөдү. Өкмөттүн мындай демилгеси согуштун символу болгон Z тамгасы жана армияны даңазалаган чакырыктар менен бирге жайылтылууда.

Орусияда бойдон эрте алдырууга уруксат берилип, бул процедура милдеттүү медициналык камсыздоо түзүмүнө кирген. Бирок акыркы кездери дарыгерлер аборттон баш тарттыруу үчүн аялдарга басым көргөзө баштады.

Саламаттык сактоо министрлигинин токтомунда медицина кызматкерлери аялдардын арасында бойдон алдырууга терс мамилени калыптандырышы керектиги белгиленген.

Расмий маалыматтарда Орусияда аборттун саны жыл сайын азайып баратканы айтылат. Бойдон алдырганга чейинки дарыгерлердин кеңеши аялдарга репродуктивдүү кысым көрсөтүү үчүн колдонулган жалгыз чара эмес. Жергиликтүү бийликтер муну социалдык жарнама менен да жайылтып жатат.

Орусия Украинага басып киргенден бери андай жарнамалар жазылган плакаттарга Z тамгасы жана #СвоихНеБросаем (Өзүбүздүкүлөрдү таштабайбыз) деген хештег да кошулду.

Социалдык жарнамалардын бири
Социалдык жарнамалардын бири

Согуш күчөгөндө абортко каршы жарнама

Twitter колдонуучулары Z тамгасы менен коштолгон абортко каршы жарнамаларды алгач 2022-жылдын март айында байкашкан. Баннердеги сүрөттө түйүлдүктүн жана аскердин сүрөтү бар.

Астына "Аборт ар бир адамдын абийиринин иши эмес, адамдын өмүрүнө кол салуу" деген жазуу, Z жана Георгий тасмасы кошулган.

ВКонтакте түйүнүндө мындай жарнамалар жарыяланган атайын альбом да бар. Көбүндө "Бүгүн мени корго. Мен сени эртең коргойм" деген жазууну көрүүгө болот. Плакаттарда дайыма кош бойлуу аялдар же түйүлдүктөр, алардын жанында аскерлердин сүрөтү болот. Дагы башка бир жарнама "Бүгүн мени корго. Мен сени эртең куткарам" деген жазуу ак халатчан кыздар менен медицина аскерлеринин сүрөтү менен чыккан. Мындай жарнамалардын астына жоокерлер эң мыкты адамдар экени, алар "келечек үчүн жан берип жатканы" да белгиленет.

Мындай чакырыктар интернет желеси менен эле чектелбей, автоунааларга чаптала турган кагаз түрүндө да чыга баштаган. Акыркы күндөрү шаарлардагы көрнөк-жарнак илчү баннерлерде да пайда болду. Мартта Алтай аймагында, апрелде Амур облусунда, майда Краснодар крайында көчөлөргө илинди.

Социалдык жарнама - аборттордун санын азайтуу үчүн бийлик колдонуп келген ыкмалардын бири. 2013-жылдан бери Орусияда кош бойлуу аялдарды сактоого багытталган жарнамалык өнөктүк жайылтылат. "За жизнь!" (Өмүр үчүн) кыймылы көп жылдар бою Орусияда аборт менен күрөшүп келет.

Анын урааны: "Бойдон алдырбоо, үч адамдан турган үй-бүлө, миллиарддуу Орусия!". Бул чакырыкка аскердик боёк сүртүү Орусиянын Украинадагы согушунун фонунда күчөдү.

Төрөттүн өсүшү улуттук артыкчылык катары

"За жизнь!" кыймылынын максаты бийликтин келечектеги Орусия кандай болушу керектиги жөнүндөгү турумуна толук дал келет. Президент Владимир Путин төрөттүн тынымсыз өсүшү - улуттук артыкчылык экенин бир нече жолу айткан. Орус бийлиги аны көбөйтүүнүн бир жолу бойдон алдыруунун санын азайтуу деп эсептейт.

Орусияда бойдон алдыруу милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына кирет, башкача айтканда, мамлекеттик бюджет эсебинен акысыз жасалат. Кош бойлуулуктун 12 жумасына чейин аял өз каалоосу менен аборт кылдырса болот.

Өзгөчө учурларда гана, мисалы сексуалдык зомбулук болсо, анда түйүлдүктү 12 жумадан кийин алдырып салуу мүмкүн. Ал үчүн социалдык жана медициналык аныктамалар керек. 2003-жылга чейин социалдык негиздердин катарына зомбулуктан тышкары I-II топтогу майыптыгы болсо же кош бойлуу кезинде жолдошу каза тапса жана башка ар кыл себептер менен келиндер түйүлдүктүн мөөнөтү чоң болсо да аборт жасата алган.

Орусияда бойдон алдыруунун үч жолу бар: хирургиялык, вакуумдук аспирация ыкмасы жана дары-дармектер аркылуу. Акыркысы эң коопсуз деп эсептелет. Бирок мамлекеттик клиникаларда сейрек колдонулат. Аборттордун көбү (75%) жеке клиникаларда жасалат.

Аборт, дин жана мыйзам

2023-жылдын январь айынын аягында орус православ чиркөөсүнүн өкүлү, Үй-бүлө иштери, эне жана баланы коргоо комиссиясынын төрагасы Федор Лукьянов орус мыйзамдарына "аялдар аборт үчүн күйөөсүнүн макулдугун алышы керек" деген норманы киргизүүнү сунуштаган. Ошондой эле бойдон алдырардан мурун келиндер сөзсүз психологдун кеп-кеңешин угушу керек деген эрежени да демилге кылган.

2011-жылдан бери Орусияда аборт үчүн "Жымжырттык жумалыгы" иштейт. Тагыраагы, бойдон алдырам деген аялга дарыгер эмбриондун жүрөгүнүн согуусун уктурат. Сегиз айга чейинки түйүлдүктүн апасына ойлонууга эки күн убакыт берилет. 8-11 айлыктагыларга бир жума мөөнөт коюлат. Бул убакыт - "Жымжырттык жумалыгы" деп айтылат.

Орус православ чиркөөсүнүн өкүлү мамлекетти аялдын өтүнүчү менен кош бойлуулуктун токтотулушун “социалдык терс көрүнүш” деп таанууга да чакырган.

2022-жылдын май айында Патриарх Кирилл клиникаларда аборт жасоого тыюу салууга чакырган. Ал абортту мамлекеттик бюджеттен каржылоону “чоң моралдык көйгөй” деп атаган.

Чындыгында, бойдон алдырууга тыюу салуу Орусияда бийлик каалап жаткан төрөт көрсөткүчүн көбөйтүүгө түздөн-түз таасирин тийгизбейт. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматында, бойдон алдыруунун заманбап ыкмасы аялдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизбейт жана психологиялык кесепети аз болот.

Ал эми азыр бийлик киргизип жаткан эреже - аялдарды жашыруун жана кооптуу шарттарда бойдон алдырууга түртүүдө. Мындай процедуралардын айынан дүйнөдө жыл сайын 39 миң аял каза болот.

Орус аскерлеринин Украинага толук масштабдуу басып кириши абортко кандай таасир эткени азырынча так эмес. Росстаттын маалыматында, 2022-жылы 2017-жылга салыштырмалуу балалуу болгусу келбеген аялдардын саны 0,4% өскөн. Демографтардын айтымында, 2023-жылы өлкөдө 2022-жылга караганда 10% аз бала төрөлүшү мүмкүн, бул бардык постсоветтик мезгилдеги эң начар жыйынтык болот. Ошол эле учурда Орусия ансыз деле демографиялык кризис абалында. Росстат 2022-жылы өлкө калкы 556 миң адамга кыскарганын маалымдаган.

Былтыр мартта Орусияда контрацептивдерге суроо-талап кескин өскөн. Май айында Орусиянын ооруканаларында жана дарыканаларында медициналык бойдон алдыруу үчүн дары-дармектердин таңкыстыгы жаралган.

Өлкөдөгү демографиялык кырдаалды эске алып, Путин өкмөткө аны “стабилдештирүүгө” багытталган чараларды иштеп чыгууну тапшырган. Мисалы, мобилизация жарыялоодон мурун, 2022-жылдын августунда Путин согуш учурунда дагы балалуу болууну чечкен аялдарды кубаттоону чечкен. Тагыраагы, совет доорундагыдай эле ондон ашык бала төрөгөн же чоңойткон аял "Баатыр эне" орденин жана миллион рубль жөлөк пул алат.

Макала "Настоящее время" телеканалынан которулду.

XS
SM
MD
LG