9-майда Украинада Европа күнү белгиленди. Киевге Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен барып, украин элине колдоосун билдирди. Бир күн мурун Брюссел Москвага каршы санкциялардын 11-айлампасын даярдап жатканын жарыялаган.
Орусиянын Украинага басып киргенине 440 күн болду. Херсон шаарында үч күндүк коменданттык саат 8-майда аяктады. Бирок орус күчтөрү чабуулун улантууда. Дүкөнгө шашкан тургундар азык-түлүктү көбүрөөк алуунун аргасын көрүүдө.
56 жаштагы Светлана батиринде ээн-эркин баса албайт. Тестиер небереси экөө түнү менен коридордо жан сакташарын Reuters агенттигине айтып берди.
"Сокку тийгенде өтө катуу добуш чыгат. Айрыкча, кечинде. Өткөн түнү биздин үйгө жакын жерге чабуул коюлганда чачыраган оттон батирибиз жарык боло түштү. Кудайым ай... Үйүмдүн жанында төрт жардыруу болду. Өткөн аптадагыдай көп эмес, бирок сокку токтой элек".
"Агрессордун иши оңунан чыкпай калды"
Орусия Украинага чабуулдарды күчөткөн маалда, 9-майда Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Киевге барды.
"Анткени алар силердин ийгилигиңерден жана силердин Евробиримдикке багыт алган жолуңардан коркушат. Бирок агрессордун иши ансыз деле оңунан чыкпай калды. Украина чабуулга туруштук берип, кайратмандык менен кармашып атат. Мунун сыры эмне? Биринчи кезекте эркин коом катары Украина өзүнүн миллиондогон элинин каарман эрдигине таяна алат", - деген
Урсула фон дер Ляйен ошондой эле украиндердин 9-майды Европа күнү деп жарыялоо чечимин кубаттады. Бул күнү шаркетте дагы Европа күнү белгиленет.
Украин президенти Владимир Зеленский Брюсселдин жогорку өкүлү менен Евроинтеграция, коргонуу жана Орусияга каршы санкцияларды талкуулаганын билдирди.
Бир күн мурун Брюссел Москвага каршы санкциялардын 11-айлампасын даярдап жатканын жарыялаган.
Москвадагы жупуну парад
Москвада 9-майда Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 78 жылдыгы - Жеңиш күнү белгинип, Кызыл аянтта аскердик парад өттү.
Параддын ачылышында сүйлөгөн президент Владимир Путин Орусияга каршы "согуш ачылганын" айтып, бул үчүн "Батыштын глобалдык элитасын" күнөөлөдү.
"Бүгүн цивилизация дагы бир жолу чечүүчү бурулуштун баскычында турат, биздин мекенге каршы дагы бир жолу чыныгы согуш башталды. Бирок биз эл аралык терроризмге каршы күрөштүк, биз өз коопсуздугубузду жана Донбасттын тургундарын дагы коргойбуз", - деди Путин.
Былтыр Украинага басып кирип, согуш ачканда дүйнөдөн бөлүнүп калган Кремлдин башчысы анын өлкөсү тынч жана бейпил келечекти көргүсү келерин да кошумчалады. Ал "атайын аскердик операция" деген сөздү бул ирет оозанган жок. Ошондой эле буга чейин айрым кабарларда айтылгандай, аскердик мобилизация жарыялоо тууралуу да үн катпады.
Быйылкы парадга чыккан аскердик техникалардын саны мурдагы жылдарга караганда эки-үч эсе болду. Талдоочу Оливер Александрдын эсебинде, 2021-жылы 197, 2022-жылы 131 техника катышкан болсо, бул ирет алардын саны 51 гана болду.
Быйыл Орусиянын 20дай аймагында, анын ичинде оккупацияланган Крымда коопсуздуктан улам майрамдык иш-чаралар өткөрүлгөн жок. Кызыл аянттагы парадда пландалган авиациялык шоу да болгон жок. Кремль муну аба ырайынан улам деп түшүндүрдү.
Москвага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Беларустун президенттери, Армениянын премьер-министри катышты. Алардын арасынан президент Садыр Жапаровдон башкасынын парадга барары бир күн мурда гана маалым болду.
2014-жылы Орусия Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин жеңиш парадына чет элдик лидерлер дээрлик барбай калган.
Америкалык Согушту иликтөө институту Путин быйылкы парад аркылуу Борбор Азияга таасири күчтүү экенин көрсөтүүгө аракеттенип жатканын жазды. Эксперттер Борбор Азиянын айрым лидерлери Украинадагы согушту колдогонун ачык көрсөткүсү келбегенин, андыктан Москвага барарын кеч жарыялаган деп боолголошот.
Жеңиш күнү Кыргызстанда да белгиленип, соңку жылдары адатка айланган "Өлбөс полк" жүрүшү Бишкек менен Ошто өттү. Башкалаанын Түштүк дарбазасынан башталып, Жеңиш аянтына чейин уланды. Оштогу иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.
"Өлбөс полк" акциясын 2011-жылы Орусияда жарандык активисттер демилге кылып, 2012-жылдан тартып уюштурула баштаган.
Улуттар Уюмунун эсебинде Орусия Украинага басып кирген былтыркы 24-февралдан бери тогуз миңге жакын карапайым тургун курман болду.
Өткөн айда Евробиримдиктин кеңеши Украинага 31-майга чейин ок-дарыларды берүү үчүн Европа фондунан 1 миллиард евро бөлүүнү жактырган. АКШ Украинага абадан коргонууга дагы 1,2 миллиард долларлык жардам бөлөт. Бул тууралуу расмий Вашингтон 9-майда жарыялай турганын Associated Press агенттиги жазды.
Вашингтон жана Европа биримдиги Киевге көрсөтүлгөн жардамды Орусияга сокку уруу үчүн эмес, Украинаны коргоо үчүн колдонууну дайыма белгилейт жана Москваны согушту токтотууга үндөйт.