Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:08

Өзбекстанда өлүмгө себеп болгон дары чыры сотко жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда сот жөтөлгө каршы "Док-1 Макс" сиробуна ууланган балдардын ишин кароону бир айлык тыныгуудан кийин кайра жандантты.

Сотто сурак берген айыпталуучулардын бири тергөөнүн жүрүшүндө кыйноого кабылганын билдирди. Отурумда судьянын суроолоруна жооп берген 23 айыпталуучунун 16сы тагылган айыптарды четке какты.

"Tергөөдө адилеттүүлүк болгон жок"

Сотто сурак берген айыпталуучулардын бири, Фармацевтикалык тармакты өнүктүрүү агенттигинин мурдагы башчысы Сардор Кариев тергөөнүн жүрүшүндө моралдык жана физикалык басымга кабылганын билдирип, күнөөсүн мойнуна алган жок.

"Эгер күнөөлүү болсом, качып кетмекмин. Бирок мен андай кылган жокмун, анткени күнөөлүү эмесмин. Эгерде тергөө туура жүрсө, мен айыпталуучу эмес, күбө катары чыкмакмын. Дагы бир маанилүү нерсе. Мени күбө катары чакырып, бирок 2023-жылы 24-январда элдин көзүнчө камакка алып, телеканалдарда шоу кылып көрсөтүштү. Тилекке каршы, тергөөдө адилеттүүлүк болгон жок", - деди аткаминер соттогу көрсөтмөсүндө.

Айыпталуучунун жактоочусу Темур Рахматов судьялардан соттук-медициналык экспертиза аркылуу жагдайды тактап берүүнү өтүндү. Сот жактоочунун өтүнүчүн канааттандырып, отурумду 15-январга жылдырды.

Буга чейин 10-январда өткөн отурумда судьянын суроолоруна жооп берген 23 айыпталуучунун 16сы тагылган айыптарды четке каккан. Калган алты айыпталуучу күнөөсүн жарым-жартылай, бирөө толугу менен моюнга алды.

Ал эми 5-январда өткөн сотто Өзбекстанда "Док-1 Макс" ичкен 18 бала майып болгону, каза тапкандардын саны 69га жеткени белгилүү болгон.

Өзбекстанда индиялык Marion Biotech компаниясы чыгарган “Док-1 Макс” сиробун ичкендер ууланып жатканы 2022-жылдын аягынан тартып белгилүү болгон.

Өлкөнүн коопсуздук кызматы кылмыш ишин козгоп, Quramax Medical компаниясынын, Дары-дармектерди стандартташтыруу боюнча илимий борбордун жогорку кызмат адамдары кармалганын билдирген.

Айыпталгандардын сап башында бул дарыны Индиядан алып келген компаниянын директору, Рагвендра Праттар жана Сардор Кариев турат.

Алгач Самаркандда 19 бала чарчап калган

Былтыр 27-октябрдагы сотто көрсөтмө берген Самарканд облусунун Балдардын көп тармактуу медициналык борборунун башкы догдуру Маматкул Азизов "Док-1 Макс" дарысын ичкен 21 балада "бөйрөктүн бузулушунун, бөйрөк кемтигинин" белгилери пайда болгонун билдирген.

"2022-жылдын 15-декабрына чейин биз "Док-1 Макс" сиробунун уу экенин билген эмеспиз. Балдар оболу бөйрөк жетишсиздиги менен кайрыла баштады. Самарканд облусунун Балдардын көп тармактуу медициналык борборунда гемодиализ борбору болгондуктан, бөйрөктүн курч жетишсиздиги менен ооруган бейтаптар коңшу Сурхандарыя, Кашкадарыя, Навои жана Жызак облустарынан да келе баштады", - дейт Маматкул Азизов соттогу көрсөтмөсүндө.

Өзбекстанда бул дарыны ичкенден кийин саламаттыгы начарлаган 22 баланын 19у чарчап калган. Жызак, Кашкадарыя, Навои жана Самарканд облустарында көз жумган наристелердин 15и үчкө чыга элек, калганы алты жашка чейинкилер.

Ал эми Фармацевтикалык тармакты өнүктүрүү агенттиги Marion Biotech компаниясынын келген дарылардын курамындагы этиленгликол медициналык регламентте каралган ченемден 300 эсе көп экенин билдирген. Анын ордуна дарынын курамында пропиленгликоль (бактерициддик таасири бар тамак-аш кошумчасы) болушу керектиги айтылган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму мындай учурлар Өзбекстандан сырткары Гамбия менен Индонезияда да катталып, жалпысынан бери дегенде 300 бала чарчап калганын билдирген жана иликтөө баштаган.

Өзбекстандагы балдардын өлүмүнө байланыштуу Кыргызстанда да "Док-1 Макс" дарысын сатууга тыюу салынып, анын үлгүлөрү текшерүү үчүн лабораторияга жөнөтүлгөн.

Өзбек медиктердин "чөнтөгү толгон"

2022-жылдын башында Ташкенттин райондор аралык соту Quramax Medical компаниясына фармацевтикалык ишмердик жүргүзүүгө берилген лицензияны жокко чыгаруу чечимин чыгарган. Тергөөнүн жүрүшүндө прокурорлор компаниянын дистрибьюторлору жергиликтүү аткаминерлерге дары-дармекти сатыкка чыгарардын алдында милдеттүү тестирлөөдөн баш тартуу үчүн 33 миң доллар пара бергенин аныктаган.

"Док-1 Макс" сиробун чыгарган индиялык ишкерлер медиктердин чөнтөгүн "толтуруп", алар дарыларды бейтаптарга үзгүлтүксүз сунуштаганы айтылат.

Соттук отурумда сөз сүйлөгөн Өзбекстандын Салык комитетинин өкүлү бейтаптарга сиропту сунуштаган дарыгерлерге өндүрүүчүлөр 5 миллиард 57 миллион сум (500 миң долларга жакын) төлөп, анын сатылышына салым кошконун билдирген. Медайымдарга 122 миллион сум (10 миң долларга жакын), ал эми дары-дармекти тараткан фармацевт жана дарыкана жетекчилери 2 миллиард 345 миллион сум (190 миң доллардан ашык) алышканы айтылууда.

Рейтер агенттиги кабарлагандай, айыпталып жаткан Индиянын жараны Рагвендра Праттар сотто чиновниктерге параны "ыраазычылык билдирүү" үчүн бергенин айткан.

Министрлер кызматтан кеткен

2022-жылдын аягында саламаттык сактоо министри Бехзод Мусаев чарчап калган балдардын ата-энелеринен кечирим сурап, шалаакылыкка жол бергендер мыйзам чегинде жоопко тартыларын билдирген. Үч күн өтпөй ал президенттин жарлыгы менен саламаттык сактоо министри кызматтан алынган.

Алишер Шадманов, Амрилло Иноятов жана Бехзод Мусаев.
Алишер Шадманов, Амрилло Иноятов жана Бехзод Мусаев.

Мусаевдин ордуна министр болуп дайындалган Амрилло Иноятов да былтыр сентябрда кызматынан кеткен. Буга курамында калийдин йодиди бар дарыга ууланган балдардын саны өсүп, Наманган облусунда 70тен ашуун бала ооруканага түшкөнү себеп болгон.

Анда президенттин жардамчысы Саида Мирзиёева президент Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен 450 бала ооруканага түшкөн Наманган облусуна барып, облустук прокуратура кылмыш ишин козгоп, Башкы прокуратурага өткөрүп бергенин белгилеген.

Соңку жылдарда Өзбекстандагы саламаттык сактоо тармагындагы таңкыстыктар коомдо кыжырланууну күчөттү, фармацевтика тармагындагы системалык көйгөйлөр ачыкка чыкканы утур-утур айтылып келет.

Айрым серепчилер маселенин түпкү тамыры дары-дармек бизнеси "таасирдүү" ишкерлердин колуна өтүп, коррупциялашып, жабык тармакка айланганында экенин белгилешет.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG