Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:28

Тажик армиясындагы "чоңсунуу": Ворухта чек ара офицери кармалды


Жоокерлерди аскер бөлүктө сабап жаткан видео 25-апрелде тарады.
Жоокерлерди аскер бөлүктө сабап жаткан видео 25-апрелде тарады.

Тажикстанда армияда кызмат өтөп жаткан бир нече жоокердин аеосуз сабалганы тартылган видео катуу талкууланып, аскердеги “чоңсунуу” маселесин козгоду. Социалдык тармактардын колдонуучулары күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылып, ошондой окуялардын бетин ачкан маалыматтарды таратышууда. Ал эми эксперттер жана жарандык коом өкүлдөрү бийликти кармалгандардын ишин адилет кароого чакырышты.

25-апрелде Тажикстандын Башкы прокуратурасы "Ворух" чек ара комендатурасынын башчысы подполковник Нухзат Лазуриев кармалганын билдирди. Ал кызмат өтөгөн бөлүк Тажикстан менен Кыргызстан чек арасын кайтарат. Көзөмөл органы тараткан маалыматка ылайык, офицердин үстүнөн "кызматынан кыянат пайдалануу", "бийликтин оор кесепеттерге алып келген шалаакылыгы" деген берене менен кылмыш иш козголду. Андай беренелер менен айыптуу деп табылса, 8-12 жылга эркинен ажыратуу каралган.

Ошол эле маалда прокуратура Лазуриевдин аскерлерди сабоого байланыштуу кармалганын ырастаган жок. Буга чейин орган чогуу кызмат өтөгөндөрдү катуу токмоктоого шектелип 5 жоокер кармалганын маалымдаган. Прокуратуранын сайтында айтылгандай, окуя былтыр 15-декабарда Согди облусундагы Канибадам шаарында жайгашкан аскер бөлүктө болгон. Шектүүлөрдүн үстүнөн да кылмыш иш козголду.

24-апрелде интернетте тараган видеодо кенже командирлер же армияга мурдарак алынгандар казармада тизилип турган жаш аскерлерди башка, көзгө, колго, бутка туш келди койгулап, аеосуз уруп жатканын көрүүгө болот.

Видео социалдык тармактарда бир нече күндөн бери талкууланып, ачууланган комментарийлер түшүп жатканын "Азаттыктын" тажик кызматы жазды.

Колдонуучулардын көбү күнөөлүүлөрдү тезирек жоопко тартууну, кылдат жана ачык тергөө жүргүзүүнү талап кылып, ошондой окуялардын бетин ачкан маалыматтарды таратышууда.

Башкы прокуратура кармалган аскерлер тууралуу маалыматты сайтынан алып салды
Башкы прокуратура кармалган аскерлер тууралуу маалыматты сайтынан алып салды

Айрымдар Башкы прокуратуранын ыкчам аракет көргөнүн мактоого үлгүрүшкөн. Бирок 25-апрелде көзөмөл органдын расмий билдирүүсү сайтынан алынып салды. Анын себеби белгисиз, прокуратура муну комментарийлеген жок.

Парламент депутаты, Демократиялык партиянын төрагасы Саиджафар Усмонзода сөз болгон видеону комментарийлеп, мындай кейиштүү окуялар өкмөткө көлөкө түшүрүү менен бирге жаштарды армияга ишенбөөчүлүк менен кароого түртүүдө:

“Аскердик бөлүктөрдөгү мындай окуялардын катталышы өкүнүчтүү. Бардык жерде ушундай жүрүм-турум көнүмүш адатка айланган деген ойдон алысмын. Парламенттин чечими менен түзүлгөн туруктуу комиссия өкмөттүн түзүмдөрү, жарандык коом, мекеме, уюмдар менен жолугушуп турат, аскер бөлүктөрүнө барганда жоокерлердин шарттары жөнүндө маалымат алабыз”.

Жарандык коом өкүлдөрү бул видео Тажикстанда “чоңсунуу” көрүнүшү бар экенин далилдерин айтышат. Ошол эле маалда жагымсыз окуянын ачыкка чыгышы армиядагы абалдын жакшырышына алып келет деп үмүттөнүшөт.

“Жарандык эркиндиктер кеңсеси” коомдук уюмунун жетекчиси Дилрабо Самадованын пикиринде, катардагы жоокерлер сабалган маалда нөөмөттө болгон офицерлер да жоопко тартылууга тийиш, себеби алар андай жоруктун алдын алууга тийиш эле.

“Аскердик бөлүктөрдө соттун көчмө жыйындарын өткөрүп туруу керек. Бул башка аскерлер менен офицерлерге кылмыш аракеттери үчүн cөзсүз жазаланасыңар деген жакшы сабак болмок”.

Кеп болгон видео Тажикстанда армияга чакыруу өнөктүгү жүрүп жаткан маалда тарап отурат. Кошуна өлкөнүн бийлиги акыркы жылдарда армияга өз ыктыяры менен баргандар көбөйгөнүн айтып келет. Бирок жергиликтүү укук коргоочулар белгилегендей, шарттардын начардыгы, аскерлерге уставдын алкагынан чыккан, ырайымсыз мамиле кылынганы, жаш өмүрлөрдүн кыйылышы кызмат өтөөдөн качкандардын санын арбытып жатат.

“Озодинин” маалыматына караганда, былтыр Тажикстанда куралдуу күчтөрдүн 22 жоокери каза болгон. Бийлик аскерлердин токмоктолгону, башка аеосуз мамиле өлүмгө алып келген себептердин бири экенн моюнга алат.

XS
SM
MD
LG