Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:48

Борбор Азияда боорун май баскандар көп


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбор Азияда элдин басымдуу бөлүгү боордун май басып кетиши деген көйгөй менен жашайт. Ушундан улам ашыкча салмактуулар барган сайын көбөйүүдө.

Ички органдардагы ашыкча майдын көбү боорго чогулуп, анын ишин татаалдаштырат. Натыйжада боорду май басып калган, семиздик оорусу келип чыгат. Окумуштуулар бул оорунун дарысы жок экенин эскертишүүдө.

Жашы 45теги Анара көп жылдан бери ашыкча салмактын азабын тартып жүрөт. Ал арыкташ үчүн бир топ аракет кылса да майнап чыкпаганын айтты:

«Оор салмактан башка аялдардай эле мен да абдан кыйналдым. Былтыр 90 килограммга чейин семирип кеткем. Демигип, баса албай, олтуруп-тура албай кыйналдым. Буга кошумча уйкум качып, уктай албай да калдым. Арыктайын деп бардык аракеттерди кылдым. Диетанын түрүн кармадым. Жалаң гречка да жедим. Бирок гречка организмге суук келип, кечке жей берсең зыян экен. Кан басымым түшүп кетти. Ичим катып, геморройго чейин алып барды».

Борбор Азиядагы элдин басымдуу бөлүгү туура эмес тамактануу боюнча дүйнөдө биринчи орундарда турарын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аныктаган. Өзбекстан менен Кыргызстандын калкы зыяндуу азыктарды жеген өлкөлөрдүн биринчи сабында да турат.

«Артынан арык, алдынан курсагы салаңдагандар»

Өзбекстандык кардиолог-профессор Елена Зуева курсагын май басып, салаңдаган адамдар ашыкча салмакты кайсы бир дарынын жардамы менен эмес, кыймыл жана туура азыктануу менен гана жогото аларын айтат. Ал азыр эл арасында кеңири жайылып жаткан боордун май басып кеткен гепатоз оорусуна заманбап медицина дары таба элек экенин баса белгиледи:

Елена Зуева.
Елена Зуева.

«Азыркы биздин жаштарды аркасынан карасаң тимеле апарык, жакшынакай көрүнөт. Бирок алдын карасаң курсагы салаңдаган, айрыкча жигиттерибиз боюнда бар аялдай ичин май басып кеткен. Мунун баарына адам барган сайын жалкоо болуп баратканы себеп болууда. Бишкекте кандай билбейм, Ташкентте 1-класстын окуучусу мектептен чыгып, такси кармап үйүнө кетет. Ошол эле элди дарылаган дарыгер 100 метр аралыктагы лекцияга барышы керек болсо машинесин от алдырат. Бир адамдын жеген тамагынын килокалориясы азыр орто эсеп менен 3 миңге жетти. Бул абдан көп. Маселен, орто жаштагы аялдын организми бир күндө 1800, ашып кетсе 2000 эле килокалория тамакты талап кылат. Биздин аялдар андан эки эсе көп жейт. Ушундан улам боор баштаган ички органдарды май басып калууда».

«Бейтаптар менен сүйлөшүү зарыл»

Зуева Кыргызстандын үй-бүлөлүк дарыгерлерин мындай оору менен кайрылгандарга жөн эле ар түрдүү керексиз дарыларды жаза бербей, жандуу жашоо образын, туура азыктанууну, ичкилик менен тамекиден алыс болууга үндөөгө чакырат. Ал «бейтаптар менен сөзсүз баарлашып, алардын маселесин толук укмайынча кетирбеңиздер» деген кеңеш берди:

«Дарыгерлердин көбү ультраүндөн май басып кеткен боорду көрсө, маани деле бербей коёт. Бирок бул проблеманы кыйгап өткөнгө болбойт. Себеби боордун май басып кеткен гепатозуна чалдыккандардын 70 пайызы ар түрдүү өнөкөт ооруларга кабылат. Дээрлик жарымы кант диабетине чалдыгат, ошондой эле боору жарабай калып, боордун өсмө оорусу келип чыгат. Дагы бир ирет кайталап кетейин: бул өтө кооптуу оору. Жагымсыз жагы - жүрөк, кан тамыр органдарын да жабыркатууда. Боордун май баскан гепатозу гепатиттин оор формасына да алып барат».

Зуева кеп кылган кыймылдуу жашоо мүнөзүн бардык адистер бир ооздон колдогону менен дал ошол кыймылды дароо эле баштап, оор дене тарбия көнүгүүлөрүн аткаруу адам саламаттыгына коркунучтуу экенин айткандар да бар.

Дароо башталган кыймыл да зыян

Стамбулдагы Флоренс ооруканасынын кардиологу, «Миллиет» гезитинин саламаттык боюнча баяндамачысы Демет Эржиес капилет башталган дене тарбия да кооптуу деген пикирде.

Демет Эржиес.
Демет Эржиес.

«Кыймылсыз жашоо жүрөк, кан тамыр ооруларынын башкы себеби экени, ошондой эле семиздикке, ашыкча салмакка алып барары талашсыз, - дейт ал. - Бирок эч кандай кардиологиялык текшерүүдөн өтпөй эле ар түрдүү машыгууларды баштоо да адамдын саламаттыгын тез арада талкалап коёрун унутпашыбыз керек. Адам кандайдыр бир дене тарбия көнүгүүлөрүн баштаарда сөзсүз дарыгердин көзөмөлүнөн өтүшү керек. Ушундан улам мен биринчи кезекте жөө басууну сунуш кылат элем. Узак убакыт жөө басуу адамдын кан тамырларына тыгылган майды эритип, салмакты азайтып, оорулардын алдын алат».

Адистер күнүмдүк жеген тамак-аштын денеге сыйымдуу болуп, организмде майга айланбашы үчүн бир адам кеминде күн сайын 10 миң кадам басышы керек деп эсептешет.

Модалуу диетаны кубалоо зарыл эмес

Мындан тышкары дарыгерлер жеген тамакка да өзгөчө көңүл буруп, ар түрдүү модалуу диеталарды, дарыларды сая түшүп кубалабай, сыйымдуу жана таза тамактануунун бир нече түрүн сунуш кылышууда. Диетолог, медицина илимдеринин кандидаты Ольга Лобанченко тамакты аз жеп, ачкачылыктын азабын тартуу да организмге зыян деп эсептейт. Андыктан ал ашыкча салмактан арылууда аптасына 1-2 күн диета кармоонун айрым сырларын айтып берди:

Ольга Лобанченко.
Ольга Лобанченко.

«Көпкө чейин ачка жүрсө ашказанда жаралар пайда болуп, ырбап кетет. Ашказандын өз суюктугу тынымсыз чыгып турат эмеспи. Тамак жок, бош болсо ашказандын ткандарын жей баштайт да. Таптакыр ачка жүрбөй, аптасына 1-2 күн диаета кармаган пайдалуу. Маселен бадыраң, айран, суу-минералдык диеталар ички органдардагы майды эритет. Эскерте кетейин, кадимки эле сууну ичиш керек. Эч кандай минералдык суулар диетага кирбейт. Анан мөмө ширелерине жарымына чейин суу кошуп ичкен пайдалуу. Мындай диета кармаган күндөрү негизи эле сууну көп ичиңиздер».

Лобанченко азыр майдан, буудай нандан баш тарткан диеталар өтө модалуу болуп жатканын айтып, бирок адамдын мээсиндеги зат алмашуу процесси үчүн майдын пайдасы чоң экенин эске салды. Ушундан улам ал организмге керектүү майларды таптакыр жебей коюунун да кесепети кыйын болорун айтат. Акыркы кезде абдан көп сатылып жаткан арыктатуучу биологиялык активдүү кошулмалар, дары-дармектер адамдын бөйрөгүнө тескери таасир этип, ар түрдүү өнөкөт бөйрөк дарттары келип чыгат.

Жугуштуу эмес оорулардын арасынан дүйнө калкынын дээрлик 25 пайызы кабылып жаткан боордун майлуу гепатоз оорусу өтүшүп кетсе боор кургап, аны трансплантациялоодон башка арга калбай калат. Алкоголдук гепатиттен кийин эле ашыкча салмактан улам жаралган майлуу гепатоз оорусу азыр дарыгерлерди түйшөлткөн маселеге айланды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG