Түндүк Кореянын "Эмгек" партиясынын буга чейинки акыркы курултайын азыркы жолбашчы Ким Чен Ын төрөлө элек кезде, 1980-жылы анын чоң атасы Ким Сен Ир өткөргөн болчу.
Мындан 36 жыл мурдагы ал курултайда Ким Сен Ирдин уулу Ким Чен Ир мураскер катары жарыяланып, Түндүк Кореянын бийлик системасындагы эң жогорку кызмат ордун бир үй-бүлө мурастаган принцип орнотулган эле.
1994-жылы атасы өлгөндө бийликти алган Ким Чен Ир курултай чакырган эмес, ал өлкөнү он беш жылдай башкарып, 2011-жылы дүйнөдөн өттү.
Бийликти бекемдөө
Эми Кимдердин саясий династиясынын үчүнчү муунунун өкүлү Ким Чен Ын бийликке жеткенден беш жылдан кийин өзү лидерлик кылган "Эмгек" партиясын эң жогорку жыйын - курултайга чогултушу жолбашчылык тактыны биротоло бекемдөөчү окуя катары сыпатталууда.
Борбор Пхеньяндын тургундары курултайды шыктануу жана толкундануу менен кабыл алгандай:
- Биз улуу лидерлерибиз жараткан даңктуу революциялык салтка кубанабыз жана сыймыктанабыз. Бул биздин өлкөнү жаркыратып турат, жолбашчыбыз, жолдош Ким Чен Ын өлкөбүздү дүйнөдө номер биринчи кылып кармайт, биз эч нерседен кам санабай, социализмдин сый-ургалы өкүм сүргөн мамлекетибиз менен мактана алабыз, -дейт Пхеньяндын жашоочусу Пак Юнг Хва.
Дээрлик 40 жылда алгач өтүп жаткан курултайды утурлай Түндүк Кореянын мамлекеттик медиасы өлкөнүн жетишкендиктерин дагы бир сыйра даңазалап жатты.
Мамлекеттик теледен жана радиодон окулган билдирүүлөрдө "Эмгек" партиясынын 7-курултайы ыңкылаптын жеңишин биротоло камсыздай турган "керемет планды" берери, өлкөнүн өзөктүк жана баллистикалык ракета жасоодогу ийгиликтери парткурултай үчүн арналган белек экендиги, өндүрүш 144%, электр кубатын өндүрүү 110% өсүп, “ажайып ийгиликтер” жаралгандыгы айтылат.
Адатта чет элдиктерден такай шектенген Түндүк Кореянын бийликтери курултайды чагылдыруу үчүн тыштан жүздөй журналистти да чакырган эле. Бирок алар Пхеньяндын кызылга чулганып, кире беришинде ата-бала Кимдердин сүрөтү илинген маданият сарайына киргизилген жок.
Өзөктүк куралга жетүү
Талдоочулар Ким Чен Ын курултайда өз бийлигин чыңдоо менен катар өзөктүк куралга ээ болууну жана экономикалык өнүгүүнү максат кылган саясатын бекитет деп күтүшүүдө.
Анын үстүнө азыркы курултай Түндүк Корея өзөктүк куралга жана ракеталык технологияларга жетүү мүдөөсүн жашырбай калган кезге туш келди.
Быйыл январда Пхеньян төртүнчү өзөктүк сыноо өткөргөндөн кийин БУУнун Коопсуздук кеңеши март айында ага каршы санкцияларды күчөткөн болчу.
Ал резолюцияны Пхеньяндын аймактык союздашы Кытай да колдоп, өзөктүк сыноолорго нааразылыгын көргөзгөндөй болгон:
- Түндүк Корея улуттук өнүгүүсүнүн маанилүү этабында турат. Биз ошондой эле ал эл аралык коомчулуктун үнүн угуп, Түндүк-Чыгыш Азия аймагындагы стабилдүүлүктү жана туруктуу тынчтыкты бирге коргойт деп үмүттөнөбүз, - деди Кытай Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хонг Лей жума күнү Бээжиндеги пресс-конференцияда.
Түндүк Кореянын эң башкы жыйыны ошентип беш күнгө созулат. Анын жүрүшүндө Ким Чен Ын Эмгек партиясынын жетекчилигин жаштар менен алмаштырары, кызмат даражасы жогорулай тургандар арасында карындашы Ким Йо Чен да бардыгы айтылууда.
Пхеньян коопсуздук чаралар күчөтүлүп, курултайга даярдалганы менен, бийликтер бул күндөрү үйлөнүү тойлорун, сөөк коюу жөрөлгөлөрүн өткөрүүгө тыюу салган.
БУУнун эсептерине караганда Түндүк Корея калкынын кеминде 70% же болжол менен 18 миллиондой киши тамак-аш тартыштыгын азыр да сезип жатат.