Жыртылбаган нанокагаз
Жаңы нанокагазга тамга нурдун жардамы менен жазылат. Аны өчүргөн күндө да нанокагаз жыртылбайт, 80 жолу кайра жазууга жарайт. Аны Кытайдын Шандун университетинин, АКШнын Калифорния университетинин (Риверсайд шаары) жана Берклидеги Лоуренс атындагы Улуттук лабораториянын илимпоздору иштеп чыгышты.
Жыртылбас кагазды жасоодо тийиштүү узундуктагы жана жарыктыктагы кызгылт көк өңдүү нур (жарык) тийгенде өз касиетин өзгөртчү нанобөлүкчөлөр колдонулган.
Нанобөлүкчөнүн бетине жалатылган жука кабык же катмар менен түрдүү материалдардан жасалган объекттердин сыртын каптап койсо болот. Нанокагаздын бетиндеги жазууну өчүрүү үчүн аны 10 мүнөткө жакын 120-150 градус Цельсияга чейин ысытуу зарыл. Ошондо жазуулар жоголуп, нанокагаз баштапкы катуу абалына келет.
Эгерде нанокагаздын негизин азыркыдан да ысыкка чыдамдуу жана бышык материалдан жасаса, аны эч кандай сыя же боёк колдонбостон кылымдар бою пайдалана берсе болорун Калифорния университетинин профессору Ядонг Йин (Yadong Yin) ырастоодо.
Керексиз кагазды кайра иштетүү абдан эле кымбат болгондуктан, экинчи мертебе пайдалануу өзүн өзү актабайт. Ал эми сыяны же боёкту кагаздан бөлчү химикаттар өтө зыяндуу. Ал үчүн колдонулган кагаздын 40% жакыны кайра иштетилбейт жана жерге көмүлөт.
- Нанокагаз кадимки кагаз менен экономикалык жактан атаандаша алат, - дейт профессор Ядонг Йин.
- Анткени анын бетине жалатылчу материал кымбат эмес. Өндүрүштүк наркы да арзан болот деп күтүлүүдө. Себеби кадимки кагазга тамгалар суулап же боёкту бүркүп жазылат. Ал эми нанокагазга сыянын кереги жок. Эң маанилүүсү, нанокагазды 80 мертебеден көп жолу пайдалануу мүмкүн. Бул анын наркын алда канча арзан кылат.
Профессор Ядонг Йиндин билдиришинче, нанокагазды гезит, журнал, плакат жана башка кыска мөөнөт пайдаланылчу продукциялар үчүн колдонсо болот.
Анын айтуусунда, иш мерчемделгендей жүрсө, нанокагаз эки жылда кеңири колдонула баштайт. (Булагы: https://phys.org, https://qz.com, http://www.printweek.com)
Аскерий техниканы нес кылчу микротолкундуу замбирек
Микротолкундуу замбирек электрондук согуш жарагы катары мина-тузактарды, транспорттук каражаттарды, аскердик техниканы жана робот-куралдарды иштен чыгаруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн. Аны транспорттун түрлөрүнө, танктарга, кемелер менен учактарга орнотуп койсо, ракеталар жана чакан пилотсуз учуучу аппараттардын (дрондордун) багытын өзгөртүп, алтурсун жоонун жеке жана автоунаага орнотулган электрондук техникаларын өчүрүп иштетпей коё алат.
Микротолкун менен атчу замбиректи Кытайдын Сиан шаарындагы Ядролук технологиялардын Түндүк-Батыш институтунда Хуан Венхуа (Huang Wenhua) башындагы топ жасаган. Алардын эмгеги Илим жана техника боюнча Улуттук сыйлыкка татыктуу болду. Микротолкун атчу замбирек кадимки орто чоңдуктагы столдун үстүнө батат. Болочокто аны ракеталарга, пилотсуз учуучу аппараттарга, жерде жүрчү транспорт каражаттарына орнотуу мүмкүн.
Ал 300 мегагерцтен (МГц) 300 000 мегагерцке чейинки диапазондогу бутаны жогорку жыштыктагы энергетикалык импульс менен атканда электрондук схеманын иш ыргагы бузулуп, жакшы дегенде кыска мөөнөткө нес болсо, жаман дегенде такыр иштен чыгат.
Микротолкундуу импульстун энергиясы канчалык кубаттуу болсо, ал ошончолук күчтүү кыйраткыч күчкө ээ болот. Ошого ал электромагниттик импульстан коргоочу атайын жабдыгы бар радиоэлектрондук техниканы, радардык станцияларды, коммуникация жана башкаруу системаларын да иштен чыгарат. Эксперттер микротолкун менен атчу замбиректер XXI кылымдагы негизги курал болот дешет.
(Булагы: http://www.dailytechinfo.org, http://www.popsci.com, http://vesselnews.io)
Кубулма робот
Көзгө көрүнбөгөн кубулма робот тирүү балыкты кармай алат. Тулку жумшак андай роботтор келечекте догдурларга хирургиялык операция учурунда көмөкчү боло алат.
Мындай гидрогелдин1 жаңы түрүн АКШдагы айтылуу Массачусетс технологиялык институтунун (кыскача - МИТ) окумуштуулары жасашты.
Гидрогелден жасалган материалдар анча бышык болбойт. Ошого формасын жеңил эле жоготот жана бир аз гана жүккө быркырап майдаланып кетет.
Ал эми профессор Хуанхе Жао башындагы илимпоздор ойлоп тапкан гидрогель чоң күч менен үстүнөн басканда да өз касиетин жоготпойт жана ал гидравликанын жардамы менен кыймылга келет. Андан жасалган кубулма роботтун тулку бою көңдөй болгондуктан, анын каалаган көңдөйүнө суу толтурса болот. Бош жана суу толтурулган көңдөйлөргө сырттан таасир этип, керектүү формага салуу жана кыймылга келтирүү мүмкүн.
- Жаңы гидрогелден жасалган роботту сууда көрүү мүмкүн эмес. Себеби ал 99% суудан турат. Ал тирүү балыкты тутуп, денесине кыпындай да зыян келтирбей кармап тура алат. Турпаты суюк жана суюктуктун жардамы менен кыймылга келчү мындай роботтор адамдын организминдеги эң назик ткандар менен эриш-аркак аракеттенет, - дейт профессор Жао. Анын сөзүнө караганда, алдагыдай гидрогел робот жана кеселдин (адамдын) организми бири- бирин жатыркабай ынтымактуу жашай берет.
Ушу тапта профессор Жао жана анын шериктери адамдын ткандарына жана органдарына хирургиялык операция жасалып жатканда адамдын колу сыңары элпек иштеген гидрогель роботтор системасын түзүүнүн үстүнөн эмгектенишүүдө.
Көзгө көрүнбөгөн кубулма робот АКШнын деңиз аскердик изилдөө кеңсеси, МИТтин Аскерлер үчүн нанотехнологиялык институту жана Улуттук илимий фонддун каражатына жасалган. (Булагы: http://news.mit.edu, https://techcrunch.com)
Баланы башынан...
Көпчүлүк ата-энелер балдары тамакты тоё жегенине курсант болуп, бирок анын зыянына маани беришпейт.
Австралияда мектеп жашына чейинки ар бир бешинчи баланын салмагы нормадан ашыкча экенин Сидней университетинин окумуштууларынын изилдөөсү көрсөттү. Семиз балдар чымыр денелүү курдаштарына караганда ооруканага эки-үч эсе көп жатат. Ушундан улам эки жаштан төрт жашка чейинки болук балдардын саламаттыгы үчүн чымыр денелүү балдарга караганда 1,6 эсе көп акча жумшалат.
Австралия өкмөтү болтойгон балдарды дарылоого жылына 17 миллион доллар (АКШ доллары менен эсептегенде 12, 8 миллион) коротот же ар бир эткел баланын саламаттыгы үчүн салмагы нормадагы балага салыштырганда бюджеттен 367 доллар (АКШ доллары менен 277) көп каражат чыгымдалат.
- Жаңы маалымат биз, дарыгерлер, эмне кылуу керек экенибизди, ошондой эле салык төлөөчүлөргө жана өкмөткө болгон жүктү жеңилдетүү зарылдыгын эскертип турат, - дейт илимий изилдөөнүн жетекчиси, Мельбурн шаарындагы Дикин университетинин (the Centre for Research Excellence in Obesity Policy and Food Systems Melbourne’s Deakin University) илимпозу, доктор Вики Барун айым.
Оорулардын глобалдык оорчулугу (Global Burden of Disease Study) боюнча 2010-жылы өткөрүлгөн изилдөө Австралия жана Жаңы Зеландияда адамдардын саламаттыгына кооптуу негизги үч факторду аныктаган. Алар:
1. Туура эмес тамактануу жалпы оорчулук (чыгымдын) 11%;
2. Ашыкча оор салмакка жана семиздикке байланыштуу индекс 9%;
3. Чылым чегүүдөн чыккан зыян 8% түзгөн.
Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, балдардын семирип кетүүсүнө тамактын начар сапаты, туура эмес тамактануу, балдардын физикалык көнүгүүлөрдү жасабаганы жана аз кыймылдоосу себеп болгон.
Ашыкча салмак жаш баланын ден соолугуна коркунуч туудургандан башка да жашоо сапатына жана билим деңгээлине тескери таасир этет.
Вики Барундун айтымында, балдардын ден соолугуна келечекте болчу узак мөөнөттүү коркунучту азайтуу үчүн аларды азыртан ден соолугуна туура мамиле кылганга үйрөтүү зарыл. Эң биринчи кадам ата-энелердин балдарына кошулуп, көбүрөөк сейил куруусунан жана аларды дайыма активдүү болууга же спорт менен кичинекейинен машыкканга тарбиялоодон башталышы керек. (Булагы: http://news.xinhuanet.com, http://www.aihw.gov.au, http://www.dailytelegraph.com.au)
Түшүндүрмө:
1 Гель ( латын тилинде gelo - “тоңум”) — жогорку молекулярдык жана төмөнкү молекулярдык заттардан турган структуралуу система. Гелдин үч өлчөмдүү полимер каркасы аны катуу телолор сыяктуу касиетке ээ кылат. Ошого ал агып кетпейт, өз формасын сактайт, ийкемдүү жана бекем болот.