Чехияда мифологиялык баатыр тирилди
Чехияда дүйнөдөгү эң кубаттуу лазердик аппарат (high peak power laser, HPPL) сыноодон ийгиликтүү өттү. Рекордсмен аппараттын кубаттуулугу 1000 Ватт жана өзү типтеги лазерлерден он эсе кубаттуу. Ал чехтердин мификалык баатырынын ысымы менен Бивой (Bivoj) деп аталды.
Bivoj лазердик аппаратын Чехиянын мамлекетттик илимий-изилдөө лабораториясы (High average power pulsed laser, HiLASE) менен Британиянын Central Laser Facility лабораториясынын илимпоздору кызматташып жасады. Ал Праганын ныптасындагы Збраслав деген жердеги илимий лабораторияда орнотулган.
20 тонналык лазердик аппаратты жасаганга 44 миллион евро (АКШ доллары менен эсептегенде 48 миллион) сарпталды. Бул каражаттын 85% Европа Биримдиги бөлгөн.
Мындай кубаттуу лазерлер демейде металл тетиктерди кесүү, алардын бетин микромеханикалык жол менен иштеп чыгуу, жарым өткөргүч приборлорду жасоо үчүн колдонулат.
Ушу тапта дүйнөдө эки даана гана жогорку кубаттуулуктагы импульстук лазер (High average power pulsed laser, HiLASE) бар: 1) Остин шаарындагы Техас университетинде (АКШ) супер кубаттуу лазердик аппарат кубаты 1,3 петваттка чейинки лазердик импульсту алууга ылайыкталган; 2) Жапониянын Осака шаарындагы Laser for Fast Ignition Experiments (LFEX) деп аталган аппараттын кубаты 2 петватт. Бул аппараттар күнүнө бир нече жолу гана суперкубаттуу импульстук лазер нурун атса, Бивой баатыр импулстук режимде 1000 ватт лазер нурун бөлүп, тынбай иштей бере алат.
- Бивой дүйнөлүк рекорд коюп, сыйкырдуу даванды ашып өттү. Бул Олимп оюндарындагы жеңишке окшоп, алдыга жасалган чоң секирик, - дейт HiLASE долбоорунун мүдүрү Томаш Мочек(Tomas Mocek).
Жаңы лазердик аппарат 2017-жылдын экинчи жарымынан металлдарды чыңалтуу, жарым өткөргүчтөрдү жасоо үчүн пайдаланылып, казынага киреше бере баштамакчы.(Булагы: https://www.afp.com, http://21stoleti.cz)
Адамдын жана чочконун уңгу клеткасынан химера өндүрүлдү
АКШ, Испания жана Жапония илимпоздору чочконун 1400дөн ашуун эмбрионуна адамдын жасалма жол менен өндүрүлгөн уңгу клеткасын киргизген. Андан соң эмбриондорду чочконун жатынына салып койгондо, алар кадимкидей өсө баштаган. Ошентип чочконун эмбрионунда бара-бара жүрөк, боор жана нерв системасы өсүп пайда болчу ткандар калыптанган. Адамдын жана чочконун гибриди-химера1 үч –төрт жума өскөндөн кийин этикалык жүйөдөн улам жок кылынган.
Ушинтип АКШдагы Солка биологиялык изилдөөлөр институнун биологдору Жан Ву, Хуан Карлос Исписуа Бельмонте (Jun Wu Wu, Juan Carlos Izpisua Belmonte,Salk Institute, USA) адамдын уңгу клеткасы чочконун ткандарын өстүрө аларын биринчи жолу илимий жактан далилдешти.
- Акыркы 18 жылда жүздөгөн лабораториялар, анын ичинде биздин лаборатория, адамдын плюрипотенттик уңгу клеткасынан түрдүү клеткаларды өндүргөнгө түрдүү жолдор менен аракет кылып жатышты, - деп түшүндүрөт проф. Бельмонте.
Мындай тажрыйбанын максаты оорукчан же муктаж адамдарга зарыл органдарды өстүрүүнүн эффективдүү усулун иштеп чыгуу.
Жаңы илимий табылгаларды колдонуу үчүн көптөгөн техникалык жана этикалык тоскоолдуктарды да жеңүү керек. 2005-жылы канзастык сенатор Сэм Броунбэк адамдын мээ клеткасы же башка репродуктивдүү органын жасап пайда тапкандарды 1 миллион долларга айыпка жыгуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун сунуш кылган. Мыйзам долбоору колдоо тапкан эмес. Бирок 2015-жылы АКШнын Улуттук саламаттык институту адамдын клеткасын айбандардын эмбрионуна салууга мамлекеттик каражатты пайдаланууга мораторий жарыялаган. Ага карабай, изилдөөлөр уланууда. АКШнын өзүндө эле 76 миң адам кайсы бир органын алмаштырууга азыр кезекте турат. (Булагы: https://www.nytimes.com, https://www.sciencedaily.com, http://www.canberratimes.com.au/
Жапонияда бухгалтерлердин иши роботтор жасайт
2030-жылы Жапонияда жумуш орундары 2,4 миллионго кыскарат. Себеби адамдын ордуна акылдуу роботтор иштей баштайт, деп айтылат январь айынын башында Mitsubishi илимий изилдөө институту жарыялаган баяндамада.
- Ошого жумушун жоготкон адамдар туруктуу минималдык киреше алып туруусуна кепилдик берген система түзүүнү азыртан ойлонушубуз керек,- дейт Mitsubishi институнун илимий кызматкери Сатоши Сирато (Satoshi Sirat).
Жасалма интеллектер же роботтор биринчи кезекте өнөр жай ишканаларында, мейманкана, санаторий сыяктуу тейлөө тармактарында жана соода борборлорунда адамдын ордун ээлейт. 2030-жылы бул тармактарда 7,4 миллион жумуш орду кыскартылып, ал жумуштарды роботтор аткарып калат. Кайра иштетүү өнөр жайында 1,5 миллион жумуш орду кыскарса, бухгалтердик мекемелерде 720 миң, курулуш жана тоо кен ишканаларында 670 миң жумуш орду жабылары илимий баяндамада ырасталган.
Роботторду жасоо технологиясын өнүктүрүү жана аларды түрдүү тармактарда колдонуу Жапониянын экономикасына оң таасир этет. Же жасалма интеллекттерди пайдалануу ички дүң жыйымдын көлөмүн 50 триллион иенге (азыркы курс менен эсептегенде 432 миллиард доллар) көбөйтөт. Бул сумма Жапониянын ички дүң жыйымынын 10 % тете.
Саламаттыкты сактоо жана эмгек министрлигинин болжолу боюнча, 2060-жылы Жапониянын эмгекке жарамдуу курактагы (18 жаштан 65 жашка чейинки) калкынын саны 38 миллионго кыскарат. 2015-жылкы эл каттоо көрсөткөндөй, өлкө калкы 127,1 миллион болсо, алардын 67 миллиону карылыкка бой сунуп калгандар.
6-январда Жапониянын Fukoku Mutual Life Insurance камсыздоо кампаниясы 34 кызматкерин робот менен алмаштырды. Алардын жумушу жасалма интеллекттердин негизинде түзүлгөн автоматташтырылган компьютердик системага жүктөлдү. Жаңы система 200 миллион иенге турду. Бул эмгек өндүрүмдүүлүгүн 30% жогорулатып, жылына эмгек акыдан 140 миллион иен (орточо 1,2 миллион доллар) үнөмдөйт деп ырасмий түрдө маалымдалды.
Дүйнөлүк экономикалык форумдун (World Economic Forum) акыркы изилдөөсүнө ылайык, 2020-жылга карай генетика илимин, жасалма интеллекттер менен роботтор сыяктуу жаңы технологияны колдонуунун натыйжасында дүйнөнүн өнүккөн жана тез өнүгүп бараткан 15 өлкөсүндө 5 миллиондон ашык жумуш орду жоголот.(Булагы: https://www3.nhk.or.jp,http://www.mckinsey.com, http://www.businessinsider.com/, https://www.bloomberg.com, https://www.weforum.org)
Сокурлук эпкини босогого келип калды
Сокурлуктун эпидемиясы дүйнөнүн “каалгасын кагып турат”. Телевизор, айпад (iPad) айфон (iPhone), чөнтөк телефону сыяктуу санариптик экрандар көздүн нурун алып, миллиондогон балдар орто жаштан ашпай жатып көзү көрбөй калат. Мадриддин Камплутенсе университетинин окумуштуулары келемиштер менен өткөрүлгөн эксперименттен соң ушундай жыйынтыкка келишти.
Себеби санариптик экрандар бөлгөн жарыктын кубаты көздүн тор кабыгын кургатып жиберип, айыкпас зыян келтирет. Ошондуктан сөзсүз экрандын бетин жапчу фильтр колдонуу жана ар 20 мүнөттө көздү тыныктырып алуу зарыл, деп эскертишет испаниялык илимпоздор. Андыктан танаписте экранды карабай, көздүн булчуңдарын эс алдыруу зарыл.
Илимий эксперимент маалында келемиштин карегине планшеттин экраны бөлгөн жарык багытталып турган. Үч айдан кийин жарыктын нурунан коргоочу фильтри жок экран багытталган келемиштердин көзүнүн тор кабыктарынын кургап калган клеткалары дээрлик төрттөн бирге (23%) көбөйгөн. Бул келемиштин көзү көрбөй каларынын ачык жышаанасы.
Мындан башка да клеткалардын өлүмүнө түздөн-түз катнашы бар гендердин экспрессиясы2 жана клеткаларды өлүмгө түртчү энзимдер3 көп бөлүнө баштаган. Фильтрлүү экранды караган келемиштердин көздөрү мындай балээге кабылган эмес.
Илимий изилдөө ошондой эле жаш балдардын көздөрү планшет же уюлдук телефон сыяктуу гаджетти карап отурганда, кыска толкундагы нурларды чоң кишилерге салыштырмалуу үч эсе көп кабыл алганын аныктаган. Анткени, балдардын колу кыска болгондуктан, экранды көзүнө жакын кармайт.
Ошон үчүн, илимий изилдөөнүн жетекчиси доктор Селия Санчес-Рамос (Celia Sanchez-Ramos) айткандай, “Чоңдор жана ата-энелер ушу бүгүндөн тартып, көздөрүн сактоонун аракетин кылышы абзел.” Ошого ата-энелер бала алаксыйт деп, колуна айфонду же планшетти кармата салган, мультфильм коюп берген зыян экенин унутушпаса!
Мисалы, Испанияда айрым жергиликтүү өкмөттөр бардык мектептерде компьютердин экраны коргоочу фильтр менен жабылсын деген чечим чыгарган.
Азыр дүйнөдө 900 миллионго жакын гаджет бар. АКШда 90 миллион бала аларды не коргоочу фильтри, не атайын көз айнеги жок колдонушат. (Булагы: https://med.news.am, http://www.dailymail.co.uk)
--------------------
Химера1- генетикалык жактан ар түрдүү клеткалардан жаралган орган.
Гендердин экспрессиясы2- бул процесс жана анын жүрүшүндө гендеги тукумдан тукумга берилчү маалымат өзгөрүп, рибонуклеиин кислотасына же белокко айланат.
Энзимдер же ферменттер3 -тирүү системалардагы химиялык реакцияларды тездетүүчү молекуланын белоктору.