Сотко акаарат келтирди деген негиз менен беш күнгө камалып чыккан адвокат Нурбек Токтакунов ички иштер бөлүмүндө убактылуу кармоочу жай түзүү тууралуу өкмөт башчынын №55 токтомун жокко чыгарууга аракет кыла турганын "Азаттыкка" курган маегинде билдирди.
- Нурбек мырза, камакта беш күн отуруп чыктыңыз. Укук коргоочу, адвокаттык ишмердигиңиз учурунда канчанчы жолу камалдыңыз?
- Биринчи жолу камалдым. Буга чейин 2009-жылы Бишкекте нааразылык акциясында милиция кармап кетип, бир нече сааттан кийин коё берген. Мында беш күнгө камалып, жатып чыктым. Мыйзамсыз камалганым жана жоопко тартылганым үчүн сотко кайрылам. Эгер биздин соттордон адилеттик таба албасам, эл аралык сотко чейин кайрылам.
- Убактылуу кармоочу жайдагы акыбал кандай экен, беш күн ичинде эмнени байкадыңыз?
- Убактылуу кармоочу жайда жатканым пайдалуу эле болду, телефондон жана башка кереги жок маалыматтардан арылып, мээм эс алып, оюмду бир жерге топтой алдым. Милицияга да пайдалуу болду деп эсептейм. Анткени алардын көп кемчиликтерин айтып, түшүндүрүп бердим. Дагы бир белгилей кетчү нерсе, быйыл 22-февралда өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун колу менен ар бир райондук милиция бөлүмүндө кармоочу жайларды түзүү тууралуу №55 токтом чыккан экен.
Бул - милициянын алдындагы өзүнчө жаза аткаруу кызматы. Бирок милиция жазаны кантип аткарат? Муну милиция өзү да түшүнбөйт, билбейт. Анткени адамды бир нече күн кармап, эркиндигинен ажыраткан учурда ага кам көрүү керек да. Ар бир райондук ички иштер бөлүмдөрүндө (РИИБ) кармоочу жай түзүлгөн соң, анда кармалгандардын тамагынан тартып, дары-дармек, жеке санитардык жана башка шарттарын түзүү да милициянын моюнунда болот.
Бирок милиция буга каржылык жана башка жактан даяр эмес. Менимче, бул токтомду бийлик массалык каршылык акциялары болсо, анын катышуучуларын жапырт кармап келип, камоо үчүн атайын чыгарган. Ошондуктан, мен бул токтомду жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылам.
- Кандай милдеттер болушу мүмкүн?
- Мамлекет адамды эркиндигинен ажыратып жазалай алат, бирок адамды "ачка калтырып, санитардык шарттын жоктугу менен кыйноо" деген жаза жок. Камерада мени менен кошо бир киши жатты. Ал үй-бүлөлүк зомбулукка айыпталып, жети суткага камалыптыр. Мен жаткан жайга келгенче, милициянын участкалык бөлүмүндө эки күн кармалып отурган экен. Эки күн бою тамак жебептир. Аны мага туугандарым, адвокаттар алып келген тамакты бөлүшүп жеп жатканда айтты.
Демек, ал жерде тамак берилбейт. Ал эми РИИБнин алдындагы кармоочу жайда күнүнө бир эле маал "тамак" деген аты бар, болбогон нерсе берилет экен. Кимдир бирөөлөрдүн тамак киргизчү жакыны жок, балким анын камалганын укпай калышат дегендей. Ошондуктан, милиция аларды тамак менен үч маал камсыздаса болмок.
Мындан тышкары жата турган керебет, төшөнчү, шейшеп-жууркан, жеке гигиеналык каражаттар менен толук камсыздоого милдеттүү. Анткени азыркы кармоочу жайда булардын бири да жок экен. Жыгач отургучтардын үстүнө эски, кир матрацтарды коюп коюптур. Мага досторум жыйылма керебет, төшөнчү алып келип беришти.
Жаңы мыйзамдарда "камакка алуу" деген жаза бар. Майда ээнбаштык, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 5-7 суткага чейин камоо жазасы кирди. Ошондуктан, мындан ары бул кармоочу жайларга суроо-талап да көп болот. Бирок ошого жараша шарттарды түзүү керек. Мурда бул жайларга кылмыш ишине шек саналып, тергөө абагында жаткандар суракка келген учурда гана бир нече саат кармалып, кайра кетчү. Ошондуктан, эч кандай шарт түзүлгөн эмес.
Эми бир нече суткага кармоочу жай болуп аткандан кийин ал жерде кармалып тургандар үчүн атайын шарт түзүлүшү керек. Муну мен милицияга айтып, түшүндүрүп бердим. Буларга шартты Ички иштер министрлиги өзүндөгү бюджеттен акча бөлүп, түзүшү керек. Же РИИБ өзүнүн бюджетинен бөлүнүшү керек.
- Кыргызстандын мыйзамдарында кайсы бир иш үчүн шек саналып же айыпталып кармалгандар Юстиция министрлигинин алдындагы атайын Жаза аткаруу кызматынын көзөмөлүндө жана карамагында болушу керек. Эми бул кызматка милиция дагы тартылып жатканы укуктук жактан алганда канчалык туура?
- Бир учурларда тергөө абактары, түрмөлөр да милициянын карамагында болчу. Бирок кийин сиз айтып жаткан Юстиция министрлигинин алдында атайын Жаза аткаруу кызматы түзүлгөн. Жаза аткаруу кызматын кайра милицияга берүү - артка кетүү. Ошондуктан, азыр убактылуу кармоочу жайларды Жаза аткаруу кызматына өткөрүп бериш керек же милициянын өзүндө атайын өзүнчө бюджети менен жаза аткаруучу кызмат түзүү зарыл. Милиция кызматкерлерин окутуп, кармалган адамдардын укуктарын гана эмес, өздөрүнүн укуктарын да үйрөтүү зарылчылыгы бар экенин беш күндүк камакта жатып, түшүндүм.
- Нурбек мырза, сизди "сотко акаарат келтирди" деген негиз менен соттоп, камашты. Адвокаттын соттун туура эмес чечимин айтып, жүйө келтиргени үчүн соттолгону канчалык туура?
-Мен Орусиянын элчилигинин алдында өтүп жаткан нааразылык акциясынын катышуучуларын милиция кармап жаткан учурда алардын туура эмес кылып жатканын түшүндүргөм. "Бул деген тынч митинг, коомчулукка коркунучу жок, ага тыюу сала албайсыңар" десем, мага соттун чечимин көрсөтүштү.
Ал "Бишкекте Горький паркынан тышкары жерде митинг өткөрүүгө бир айга чейин тыюу салынат" деген чечим экен. Мен "соттор кайсы бир конкреттүү митингге тыюу сала алат, Конституция түздөн-түз иштейт. Жалпы баарына тыюу салган чечим чыгарган соттор сабатсыз, алар эч ким эмес, орусча "никто" деп айттым. Ошол сөзүм үчүн мени "бийлик өкүлүнө акаарат келтирди, майда ээнбаштык кылды" деп айыптап, камашты.
Мен соттордун ишине мурда деле баа берип жүрчүмүн. Анткени, адвокатура тууралуу мыйзамда "Жактоочу өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп, милдетин аткарып жаткан учурда айткан сөзү үчүн жоопкерчиликке тартылбайт" деген жобо бар. Бул жолу ошол сөзүм үчүн камалганымды Орусиянын басымы катары түшүндүм. Экинчиден, ички иштер министри Улан Ниязбеков атайын каматты деп да шек санап турам. Анткени мен былтыр уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмү үчүн анын кызматтан кетишин талап кылып келем.
Минтип шек саноомо министрге түз баш ийген Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүчү башкармалыктын кызматкерлери келип, буктурмада туруп, кармап кетишкени түрткү болду. Анткени аларга министр гана буйрук бере алат. Үчүнчү божомолум, соттор атайын өч алуу үчүн камашты. Бирок мен мыйзамсыз камалганым үчүн кайрадан сотко кайрылып, укугумду коргойм.