Кыргызстандын Бажы кызматынын мурдагы башчысы Адилет Кубанычбеков үй камагына чыкты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы 19-мартта кабарлады.
Адилет Кубанычбеков 18-мартта Биринчи май райондук сотунун чечими менен абактан бошотулган. Чечимге ылайык, бажынын мурдагы төрагасы 17-апрелге чейин үй камагында болот. Буга ишти тергеген УКМКнын өтүнүчү себеп болгон. Анткени Кубанычбеков өзүнө тагылган айыпты моюнга алып, мамлекетке келтирилген зыянды кайтарган. Атайын кызмат тараткан маалыматта мындай деп жазылат.
“Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адилет Кубанычбековго козголгон кылмыш ишиндеги тергөөнүн жүрүшүндө ал товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыгы үчүн жеңилдетилген шарттарды түзүп, бажы мыйзамдарын одоно бузуу менен, бажы жетекчилигинен товарларды көмүскө көзөмөлдөө схемаларын колдонгон фактылар аныкталды. Адилет Кубанычбеков баюу максатында, мамлекеттин кызыкчылыгынына карабай, туунду компаниялар тарабынан тышкы экономикалык иштин субъекттери үчүн бажы кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын негизсиз ашыра көтөргөн. Тергөөнүн жүрүшүндө Кубанычбеков мамлекетке келтирилген 51 миллион 220 миң сом зыянды кайтарды, ошондой эле кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча аныкталган фактыларды моюнуна алды”.
Ошол эле учурда бажынын мурдагы башчысы кайсы компанияларга жан тартканын, ага кимдер катышканын ачык айткан жок.
Кубанычбеков төлөгөн 51 миллион 220 миң сом кандай эсептелгени да белгисиз бойдон калууда. Атайын кызмат айткан коррупциялык схема боюнча Бажы кызматы да түшүндүрмө бере элек.
Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров тергөө органдарын ачык болууга чакырды.
“УКМК Адилет Кубанычбеков аралашкан схема боюнча так жазса болмок. Эмне болгон схема, кимдер аралашканын. Үстү-үстүнөн маалымат берген туура эмес. Алар айтып жаткан коррупция кайталанбаш үчүн иштин деталдарын ачыкка чыгаруу керек да. Анткени коррупция караңгы, ачыктык жок жерде тамыр жаят. Мүмкүн дагы эле гүлдөп жатат. Же болбосо бажыда биз билбеген күрөш болууда. Мен үч жыл экономика министринин орун басары болуп туруп да так маалымат ала албай койгом. Канча жүк келип, алардын кандай катталып жатканын эч ким айтпайт. Мындай көрүнүштөр көп суроону жаратат”.
Адилет Кубанычбеков бажы кызматына 2021-жылы 26-октябрда дайындалып, ага бажы төлөмдөрүн көбөйтүү тапшырмасы берилген. Ал ага чейин Silk Way индустриалдык паркын жетектечү.
Кубанычбеков декабрь айынын соңунда “Азатыкка” кеңири маек куруп, бажыда аткезчилик жоюлганын билдирген. Бийликтин 48 млрд. сом деп коюлган планы толук аткарыла турганын да айткан.
Бирок Адилет Кубанычбеков “Азаттыкка” келгенден бир ай өтпөй коррупцияга шек саналып камалган. Тарапташтары болсо УКМКнын, соттун алдына акция өткөрүп, мурдагы жетекчи ак жеринен айыпталып жатканын айтып келишкен.
Кубанычбеков камалгандан кийин, аны убагында кызматка дайындаган Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров комментарий берген.
“Күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенин сот аныктайт. Бул жигит ноябрь жана декабрь айында пландарды толтурду. 1 млрд. 700 млн. сомго ашык берди. Реформалардын негизинде январь-февраль айларында бажы кызматы 130% көп акча төктү. Эми мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн. Укук коргоо органдары иштеп жатат. Министрлер кабинетинин төрагасы катары ал баланын ишине канааттанып жаткам”, - деген Акылбек Жапаров 15-февралда.
2020-жылы Улуттук статистика комитети мамлекеттик органдарга элдин ишеним деңгээли боюнча иликтөө кылган. Анын жыйынтыгында Кыргызстанда Бажы кызматы «эң коррупциялашкан мекеме» деп табылган.
УКМК мындан эки жыл мурда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кармап, ал өзүнүн тарапташтары менен коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Матраимов баштаган топ 2015-2017-жылдар аралыгында чек арадан өткөн бир машинеден 200 – 1800 долларга чейин алып турганы далилденген.
Жыйынтыгында Матраимов мамлекетке 2 млрд. сом, Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев 12 млн. сом, Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы башчысы Абдыбахаб Боронбаев 8 млн. сом төлөп, абактан бошотулган. Иши кыскартылган Ражабалиев Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келди.
Саясат талдоочу Эмил Жороев соңку окуялар бажы тармагындагы коррупция толук жоюла электигинен кабар берет деген пикирде.
“Мамлекеттик казынага акча агып келе турган негизги эки тармак бар, бажы жана салык кызматтары. Экөөнүн арасында коррупцияга жакын болгону көп таң калтырбайт. Андагы былык иштер белгилүү болгондон бери эч бир өзгөрүү болбой жатканы кейиштүү. Коррупция менен күрөш ачык жүрүш керек. Кайрадан күрөшүүнүн өзү шек жаратат. Мисалы Адилет Кубанычбеков келтирди делген чыгым кантип эсептелди? Балким ал андан көп же аз жегендир? Кандай болгон күндө дагы улам бир жетекчинин кармалып жатышы бул тармакта коррупция жоюла элек дегенди билдирет”.
Адилет Кубанычбеков кармалгандан кийин Бажы кызматын кайрадан Самат Исабеков жетектей баштаган. Ал былтыр 7-июнда Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалып, 26-октябрда кайра кызматтан алынган.