Москвага дрондор дагы чабуул койду
Ай башынан бери Москва шаарына утур-утур дрон чабуулу жасалганы кабарланып келет. Шаар мэри Сергей Собянин 18-августка караган түнү дагы бир дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Анда "Экспоборбордогу" павильондордун бири жабыркап, Внуково аэрпортторундагы каттамдар да үзгүлтүккө учурады. Ошол эле учурда Кремль бейшембиде орус аскерлери Украинанын Купянск, Красный Лиман, Донецк жана башка багыттардагы чабуулдарынын мизин кайтарганын билдирди.