Орусия дрон чабуулун Киевден көрдү
24-июлдун таңында Москвага дрондор менен чабуул коюлганын калаа мэри Сергей Собянин билдирди. Орусиянын Коргоо министрлиги эки дрон менен кол салынганын билдирип, бул үчүн украин аскерлерин күнөөлөп жатат. Орусиянын ичиндеги чабуулдарга украин бийлиги расмий түрдө жоопкерчиликти өзүнө албай келет.