4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого карата Орусиядагы кыргызстандыктар үчүн кеминде ондой шайлоо тилкеси иштей турганы айтылды.
Шайлоо тилкелери бул ирээт Красноярск, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск менен Владивостоктогу консулдук мекемелерден тышкары Якутск, Иркутск, Сургут жана Түштүк Сахалин шаарларында да ачылат.
Учурда Москванын өзүндө кеминде эки-үч шайлоо тилкесин ачуу макулдашылып жатканын БШК жетекчиси Нуржан Шайлдабекова 7-февралда Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолукканда айтты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда учурда чет өлкөлөрдө жүргөн 13,5 миң жарандын шайлоого катышууга мүмкүнчүлүгү бар. Алардын 6 миңден ашууну Орусияда болсо, жарымынан көбү Москва шаары менен Москва облусунда экени айтылып жүрөт.
Нуржан Шайлдабекова элчиликтеги жолугушууда диаспора башчылары менен коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн журтташтар арасында кеңири маалыматтык өнөктүк жүргүзүүгө көмөктөшүүнү суранды:
"Техникалык жактан эч кандай көйгөй жок. Москвадагы жарандарды биометрикалык каттоодон өткөрүү үчүн жети аппарат ала келдик. Биометрикалык маалыматтар боюнча шайлоочулардын тек-жайын аныктоочу жана добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү урналар менен шайлоо тилкелери толугу менен камсыз кылынат. Бул жакта эч кандай маселе болбойт. Азыр 1 миллиондой калкыбыз чет жакта жүргөнүн, шайлоого укуктуу делген 13,5 миң жарандын аздыгын айтып жатасыздар. Шайлоого катышуу – адамдын милдети эмес, жеке жарандык парзы. Биз аларды милдеттүү катышкыла дей албайбыз. Бул сиздердин активдүү колдооңуздарга, көмөгүңөргө көз каранды. Азыр жакшынакай шарттар түзүлдү. Чет жакта жарандарыбыз эч кыйынчылыксыз биометрикалык маалымат тапшырып, консулдук каттоого тура алат. Биометрикадан өткөн болсо, консулдукта арызын жаза алат".
Кыргызстандын шайлоо тууралуу мыйзамдарына ылайык чет өлкөлөрдөгү жарандар биометрикалык маалымат тапшырып, консулдук каттоого турганда гана добуш бере алат. Ал эми биометрикалык маалыматты Кыргызстанда тапшырып, учурда чет жакта жүргөн жарандар алдын ала дипломатиялык өкүлчүлүктөргө паспорту менен кайрылып, жүргөн жеринде добуш берүүнү каалагандыгы тууралуу арыз жазышы керек.
Мындай арыздын негизинде жаран убактылуу консулдук каттоого турган адам катары катталат, 15 доллар өлчөмүндө консулдук акыны төлөөдөн бошотулат.
Шайлдабекованын белгилешинче, бул ирээт шайлоочулардын тизмесин тактоо мөөнөтү узартылган. Жер-жерлердеги шайлоочулардын тизмеси шайлоодон 80 күн мурда БШКнын сайтына чыгат, шайлоо тилкелеринде 70 күн мурда илинет. Ал эми жарандардын кайсы бир шайлоо тилкесинде добуш берүү боюнча арыздарын кабыл алуу 15 күн мурда аяктайт.
2017-жылкы президенттик шайлоодо Москвадагы жүз миңдеген мигранттын ичинен 1252 кыргызстандык, ал эми жалпы Орусия боюнча 2,6 миңдей гана жаран добуш берген.
Шайлоо күнү добуш бере албай калган 500-600дөй мигрант Москвадагы кыргыз элчилигинин алдына чогулуп, нааразылык билдиришкен. Алардын көбү биометрикалык маалымат тапшырбай, консулдук каттоодон өткөн эмес. Кээ бири мигранттарга жетиштүү маалымат берилбегенин айтса, айрымдары өздөрүн тизмеден таппай калган.
«Укугум бар» кыймылынын өкүлү Мирлан Ураимов мындай көрүнүш кайталанбашы үчүн мигранттарга добуш берүү укуктарын түшүндүрүп, шайлоого жигердүү катышууга үгүттөп жатканын айтты:
"Кыргызстанда шайлоого катыша алган жарандардын дээрлик 30 пайызы сыртта жүрөт. Мурдагыдай болбошу керек. Азыр жаңы Орусияга келгендердин баары биометрика тапшырган. Эми форма-2 (ред.жүргөн жеринде добуш берүүнү каалагандыгы тууралуу арыз) анкетасын tizme.gov.kg деген сайттан онлайн толтурса болот деп жатышат. Жок дегенде эле Москвада 70-100 миңдей жаранды бул арызды тапшырууга үгүттөй алабыз. Биз алар менен иштешебиз. Биздин өкмөт, БШК алардын баарына добуш берүүгө шарт түзүп бериши керек".
Орусиянын ИИМи былтыр январь-декабрь айында 1 миллион 50 миңден ашуун кыргызстандык миграциялык каттоого алынганын маалымдаган. Ал эми Орусияда туруктуу иштеген мигранттардын саны 650-700 миңдин тегерегинде.
Москвада жашаган Зарыл Өмүралиева Орусиядагы «мобилдүү шайлоочу» системасын мисалга тартып, Интернет жана маалыматтык технологиялар өнүккөн заманда мындай шарттар Кыргызстанда да түзүлсө деген ниети менен бөлүштү:
"Эл-жеримдин, мекенимдин келечеги деп өз каалоосу менен добуш берүүгө ар бир адам укуктуу. Эч ким бизге көргөзмө бере албайт, талап да кыла албайт. Башка шаан-шөөкөткө убакыт тапкан мигранттар шайлоодо добуш бере аларына да ишенем. Керек болгондо, жумуштан суранып ар кандай кечелерде деле жүрүшпөйбү. Экинчиден, Орусияда мобилдик шайлоочу деген система иштеп жатканын көрүп турабыз. Орусиянын жараны кайсы өлкөдө болбосун, онлайн арыз жазып, шайлоо күнү каалаган жерине барып, добуш бере алат. Бизге да ушундай система керек. Шайлоо тилкелерин ачуу же көбөйтүү, кошумча каражат, адамдык ресурстарды жумшоо деген көйгөй жаралбайт эле".
Элчиликтеги жолугушууда диаспорадагы жаштардын өкүлү Нурлис Токебаев орус жарандыгын алып, бирок, кыргыз паспортун сактап жүргөн мекендештердин шайлоо укугу тууралуу суроо салды.
Акыркы 29 жылда Орусиянын жарандыгын алгандар 1 миллионго жеткени айтылып жүрсө, эки паспортту бирдей колдонуп жүргөндөрдүн так саны белгисиз.
БШКнын жетекчиси Нуржан Шайлдабекова кыргыз жарандыгынан расмий баш тартпаган мекендештер колунда жарактуу кыргыз паспорту бар болсо, шайлоодо добуш берүүгө толук укуктуу экенин билдирди:
"Кыргыз республикасынын жарандыгынан мыйзамда белгиленген тартипте расмий чыкпаса, алар кыргыз жараны болуп эсептелет. Биз азыркы мыйзам менен иштеп жатабыз. Демек, шайлоо укуктары сакталган. Өз учурунда паспорттун мөөнөтүн узартып же паспортту жаңыртып алсаңар, анык паспортуңар бар болсо, демек, добуш бере аласыздар".
Өз кезегинде Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү БШКнын жетекчиси Нуржан Шайлдабековадан бардык кыргыз жарандарына добуш берүүгө шарт түзүп берип, административдик ресурстарды колдонуу, добуштарды сатып алуу сыяктуу мыйзамсыз көрүнүштөргө жол бербей, таза, ачык шайлоо өткөрүп берүүнү суранышты.
Москвадагы кыргыз диаспорасы менен жолугушууга элчи Аликбек Жекшенкулов, ТИМ, ИИМ жана миграция кызматынын өкүлдөрү катышты.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.