Тактап айтканда ал акча табыш үчүн мекенинен алыстап, Орусияда мээнет кылып иштеп жүргөн мигранттарга үн катты. Ал тургай «Орусиянын Тышкы иштер министрлигине кайрылып, ал жакта убактылуу иштеп жаткан кыргызстандыктар үчүн кошумча добуш берүү участокторун ачтырганга аракет кылам» деп жатат.
Демилге
Адахан Мадумаров өзүнүн узакка созулган саясий карьерасында үч жолку чакырылыштын депутаты, Жогорку Кеңештин спикери болгонго жетишти. Учурунда мамлекеттик катчынын кызматын аркалап, Коопсуздук кеңешинин катчысы да болуп көрдү. Бирок, 2010-жылдан кийин ал маанилүү мамлекеттик кызматтарда байкалган жок. 2010- жана 2015-жылдардагы парламенттик шайлоого катышып, анын «Бүтүн Кыргызстан» партиясы өзүн оппозициялык маанайда көрсөттү. Бирок экөөндө тең көздөгөн максатына жеткен жок. 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо да ат салышып, Адахан Мадумаров үчүнчү орунду ээледи. Эки жыл мурда өткөн президенттик шайлоодо Мадумаров үчүн 110 миң шайлоочу добуш берген. Салыштырмалуу айта кете турган болсок, бул сан 2015-жылкы парламенттик шайлоодо Аскар Салымбековдун «Эмгек» партиясы менен бирге чыккан «Бүтүн Кыргызстанга» «макул» деп бюллетень салган шайлоочулардын жалпы санынан 15 миңге көп добуш болгон.
Шайлоо учурунда талапкер катары да, партия лидери катары да Адахан Мадумаров Баткен облусу менен Орусиянын аймагындагы шайлоо участокторунда алдыңкы позицияны кармап келатат. Эгерде облус аймагы ага түмөндөгөн добуштарды берсе, Орусиядагы мигранттар миңдеген добуштарын ушул адам үчүн берип келе жатат. Бирок ал жакта жүргөн жүздөгөн мигранттардын добушу шайлоо өнөктүгү учурунда эч бир эске алынбай, корголбой калып жатат. Мисалы Кыргызстанда 2017-жылы президенттик шайлоо өткөндө чет өлкөлөрдө 37 добуш берүү участогу ачылган. Алардын жалпы санынан алып караганда эн эле көбү, тактап айтканда алты участок дал ушул Орусиянын аймагында ачылган.
«Бүтүн Кыргызстандын» лидери алыста оокат кылуунун аргасы менен жүргөн мекендештердин укугу корголбой, тепселип калып жатканын бир нече жолу айтып чыккан жайы бар. Бирок атайын кыймыл түзүүнүн зарылдыгы тууралуу азыр гана айтып чыкты.
- Сиздер өзүңүздөр байкап жаткандай, кийинки убакта саясат кызыды. Ар кайсы тараптан түрдүү пикирлер айтылууда. Жогорку Кеңешке болгон шайлоо тууралуу көбүрөөк сөз кыла башташты. Бийлик да буга окшогон маалыматтарды акырын чыгарып коюп, «коомчулуктун пикири кандай болор экен, эмне болуп кетер экен» деп тамырын тартып көрүп атат. «Мурдагы эски сценарий менен кетсек болобу же элде жаңы талаптар пайда болдубу?» деп байкап көрүп жатат, - дейт Мадумаров.
Анын пикиринде, ушундай шартта мамлекеттүүлүк деген түшүнүк кагаз бетинде гана жашап калууда. Чындай келсе анын жыты да жок.
- Эгерде биз бийликке кайра эле баштагыдай байларды алып келе турган болсок Кыргызстан 4-5 адамдын эле менчигине айланган акционердик коом болуп калат. Бул өтө коркунучтуу көрүнүш экенин баарыбыз эле баамдап турабыз. Ошондуктан мен бүгүн жарандарыбыздын шайлоого жана шайланууга болгон конституциялык укугун козгоп жатам. Мага бул маселени көтөрүп чыкканга ошол эле Орусияда мээнет кылып иштеп жүргөн уул-кыздарыбыз түрттү. Мен сиздерге чын дилимден ыраазычылыгымды билдирип, «мындан кийин «Укугум бар» деген эл аралык кыймылга келиңиз, аралашыңыз, Кыргызстандын көйгөйүн биргелешип чечиңиз» деп айтар элем. Мындай укуктан чындай келгенде чет жерде жүргөн мекендештерибиз гана эмес, ушул Кыргызстандын ичинде жашап жүргөн атуулдарыбыз да куру калып жатат, - деди саясатчы.
Колдоо таппаган сунуш
Азыркы иштеп жаткан «Шайлоо жөнүндө» мыйзам боюнча чет өлкөнүн аймактарында ачыла турган шайлоо участоктору элчиликтердин, консулдуктардын жана ошол аймакта жайгашкан Кыргызстандын мамлекеттик органынын өкүлчүлүгү болсо ошол имаратта ачылат. Парламент депутаттары муну эске алып, «Шайлоо участокторун чет өлкөлөрдөгү ардактуу консулдуктардын имаратында да уюштурсак кандай болот?» деп маселе көтөргөн. Бирок мындай демилге учурунда көпчүлүктөн колдоо тапкан эмес.
Ушундан улам учу-кыйыры көрүнбөгөн Орусияны мекендеп жүргөн 700 миңден ашык мекендештер жумушун бир күнгө жыйынтыктап, шайлоо участогун таап келишинин өзү эле түмөн түйшүктү жаратат.
Талдоочу Нурсултан Акылбектин пикиринде Адахан Мадумаров кыргыз коомчулугундагы талуу маселени көтөрүп чыкты, бирок бардыгын эмес. Албетте, аймактагы эл тышка кеткен мигранттар которгон акчанын эсебинен оокат кылып жатат. Алар которгон акча өлкөнүн бүтүндөй бюджетине барабар. Бирок шайлоого учур келгенде эле мигранттардын 90% четте калып, добуш бере албай кур жалак калып жатышат. Анын үстүнө акыркы жылдары четте жүрүп ирденип кеткен мигранттар жашоо-турмушун оңдоп, талапкер катары да өлкөнүн саясий турмушуна да аралашып, кайсы бир деңгээлде өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошсок дешет. Албетте, «Өлкөнү сактап калалы!» деген катуу чакырык. «Бирок, өлкөнү кимден жана кантип сактап калганы жатат? Ошол жагы да кызык» – деп суроо салат эксперт.
- «Орусиянын тышкы иштер министри Лавровго кайрылам» дегени - албетте ороюраак, туура эмес болуп калат. Биздин чет өлкөдө жүргөн жарандарыбыздын шайлоого болгон укугун ал жактагы өзүбүздүн эле дипломатиялык өкүлчүлүктөрүбүз камсыз кылат. Албетте, орус тарап эч кандай жолтоо болбойт. Бул жерде негизги жоопкерчилик өзүбүздүн тышкы саясат менен алектенген мекемебизде жатат. Менимче бийлик менен БШК бул багытта атайын стратегия иштеп чыгып, Орусияда, Казакстанда, АКШда жана башка өлкөлөрдө жүргөн жарандарыбыз өздөрүнүн конституциялык укугун толук жана мыйзамдуу пайдалангыдай шарт түзүп бериши керек, - дейт Нурсултан Акылбек.
Шайлоо процессиндеги маанилүү маселе
Ушул жылдын башында президенттик шайлоо өткөрүп, мамлекет башчысын тандаган Украинанын борбордук шайлоо комиссиясы Орусиянын аймагында мурдатан бери иштетип келген беш шайлоо участогун быйыл толук жоюп салган. Ушундан улам Орусиянын аймагында жүргөн эч бир украин бул шайлоо процессинде добуш бере алган жок. Муну учурунда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров эске салып, коңшу өлкөнүн андай чечимине сын пикирин да айта кеткен.
Кыргызстандын мисалында айта турган болсок, президенттик шайлоо болуп өткөн 2017-жылы Орусиянын аймагында алты шайлоо участогу ачылган болчу. Президент Сооронбай Жээнбеков мындай шайлоо участокторунун санын көбөйтүү зарыл экенин март айында эле баса белгилеген. Бирок ал демилге эмгиче ишке ашпай турат.
Саясат таануучу Даниел Кадырбековдун пикиринде чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунун аздыгы шайлоого байланышкан актуалдуу маселелердин эң орчундуусу деле эмес. Андан да маанилүү, орчундуу маселелер арбын.
- Мамлекет деген бардык жарандарын «шайлоого келгиле, добуш бергиле» деп мажбурлай албайт, - деди ал. - Бирок аларга ылайыктуу болгон шайлоо участокторун уюштуруп, атайын маалымат өнөктүктөрүн өткөрүп, маал-маалы менен добуш берүүгө шыктандырып турушу керек. Бирок бул олуттуу маселе деле эмес. Өтө маанилүү деген маселенин бири - бул өлкөнүн ичиндеги биометрикалык маалымат базасын туура колдонууда жатат. Бул система азыркыга чейин автоматташтырылган система катары иштей элек. Башкача айтканда добуш берүүнүн жыйынтыгын көрсөткөн биометрикадагы маалымат автоматтык топтом борборуна онлайн түрүндө түз келип түшпөй жатат. Ушул жагы ачык-айкындуулук менен тунук процессти камсыз кылууда чындап эле ойлонто турган маселе. Буга кошумча мамлекеттик органдар менен административдик ресурсту бийликтен чыккан талапкердин кызыкчылыгына иштетүү деген мүшкүл да бар. Дал ушул жерде демократиялык процесстерге коркунуч жараткан эң ыплас оюндар менен кылмыштуу иштер жасалышы мүмкүн.
Айрым байкоочулар Мадумаровдун кайрылуусун шайлоо алдындагы өнөктүктүн кыйыр белгиси катары түшүнүштү. Бирок кезектеги шайлоонун өзү өтөрүнө дагы бир жыл бар. Саясатчынын бул демилгесине чет жерде жүргөн мекендештерибиз кандай реакция кыларын азырынча айтыш кыйын.
(Айрым кыскартуулар менен которулду. Макаланын түп нускасын бул жактан окусаңыз болот).