Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн эрте чыгып кеткенине байланыштуу быйыл козголгон кылмыш иши боюнча сот 12-октябрда башталды. Бул Кыргызстандын эгемен тарыхындагы эң чулгандуу сот иштеринин бири катары каралууда.
Анткени анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ошондой эле анын бийлиги тушунда ар кыл кызматта иштеген Индира Жолдубаева, Динара Сагынбаева, Шамил Атаханов, Зарылбек Рысалиев баштаган 20га жакын жогорку даражалуу аткаминерлер шектүү катары өтүп жатат. Булардын ичинен азыр Алмазбек Атамбаев гана камакта. Көбү үй камагында болсо, айрымдары издөөдө.
Биринчи сот отурумуна мурдагы президент Алмазбек Атамбаев келүүдөн баш тартканына байланыштуу ал 14-октябрга жылып калды.
- Конвойдун башчысынын айтканына караганда, Алмазбек Шаршенович сотко баруудан баш тарткан. Алмазбек Атамбаев буга чейин эле «бул оюнда бийлик ага берген ролду аткарбайм» деп билдирген. Анын мындай маегин сиздер баарыңыздар билесиздер. Ошондуктан мен муну ошол маегиндеги айтканынын уландысы деп ойлойм, - деди Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев.
Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгарылган соң атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, андан соң Орусияга учуп кеткен.
Адвокат Сергей Слесаревдин айтымында, бул иштин алкагында төрт адам айыпталуучу катары өтүп жатат. Алар: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.
Калган 14 адам тергөө менен кызматташууга кол койгону үчүн алардын макамы башка. Бул иштин алкагында мурдагы башкы прокурорлор Аида Саляновага, Индира Жолдубаевага, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаевага, экс-вице-премьер-министр Шамил Атахановго, ошол учурдагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы, депутат Зарылбек Рысалиевге, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) экс-төрагасы Бусурманкул Табалдиевге жана бир катар дарыгерлерге да айып коюлган.
Алардын ичинен азыр Табалдиев издөөдө, анын кайда экени белгисиз.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан эрте чыгарылышы боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.
Азиз Батукаевдин иши боюнча Алмазбек Атамбаев үч ирет суракка чакырылып, бирок ал баруудан баш тарткан. Аны күч менен алып кетүү аракети 7-8-августта укук коргоо органдары менен анын жактоочуларынын ортосунда кагылышууга алып келген. Жыйынтыгында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 175 адам ооруканага кайрылган.
Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда.
Атамбаевдин сурактагы жана камактагы тарапташтары
Кой-Таш окуялары боюнча козголгон кылмыш ишинде Атамбаевдин бир канча тарапкери да шектүү жана күбө катары өтүп жатат. Анын ичинде Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова да бар. Карамушкинанын бөгөт чарасы буга чейин эле үй камагы деп тандалса, Кодуранова 10-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 9-декабрга чейин үй камагына алынды. Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөлөрү кылмышты уюштурууга жана адамды барымтага алууга байланыштуу беренелердин негизинде шек саналып жатат.
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, андан Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарын кабыл алууну талап кылды. Ал парламенттин 10-октябрдагы жалпы жыйынында жасаган билдирүүсүндө өлкөдө жарандардын гана эмес, депутаттардын да укуктары бузулуп жатканын айтты:
- Мен бүгүн президентке мурдагыдай эски досу, партиялашы катары эмес, өлкөнүн президенти катары түз кайрылам. Биз аудиенцияны талап кылабыз, бизди кабыл алыңыз. Көзүбүзгө тике карап туруп өлкөдө эмне болуп жатканын айтыңызчы. Эгерде сиз элди бириктирип, өлкөнү өнүктүргүңүз келсе басым кылууга эмес, башкарууга басым жасаңыз.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кой-Таш окуясына байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязовго, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычовго, Кыяз Смайловго, Амантур Жамгырчиевге андан тышкары Фархат Баабиев, Шаменов, Карыбек уулу, Кулалиев жана Какебаев аттуу жарандарга Жазык кодексинин 264-беренеси («Массалык баш аламандык»), 130-берене («Киши өлтүрүү»), 244-берене («Барымтага алуу») менен айып коюлган.
Бул жумада камакта отурган Алга Кылычов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана КСДПнын мүчөлөрүнө каршы көрсөтмө бергени тууралуу маалыматтар чыкты.
КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгында суракта болду. Жолдубаева 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында болгон окуяларга байланыштуу ИИМге бир нече жолу күбө катары сурак берип чыккан.
Шайлоо камылгалары
Кыргызстанда партиялар, коомдук уюмдар, бийлик жана оппозиция астыртан шайлоого даярдык көрө баштады. Ошол эле кезде шайлоого бир гана жыл калганына карабастан, парламентте депутаттары бар айрым партиялар шайлоого барар-барбасы, барса да кандай курамда катышары арсар болуп турат.
Парламентте 18 мандаты бар «Кыргызстан» партиясынын сентябрдагы отчеттук курултайы шайлоо сезонуна камылгаларды баштаган саясий иш-чара катары кабылданган. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев кайрадан партия лидери болуп шайланган. Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабеков да ушул партиядан.
Ал арада парламенттеги «Республика - Ата Журт» фракциясы азыркы курам менен шайлоого катышпай турганы белгилүү боло баштады. 2015-жылдагы шайлоодо «Республика» партиясы менен биригип, парламенттик шайлоого барган «Ата Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин айтымында, кийинки шайлоого алар өзүнчө катышат.
- Биз, албетте, шайлоого даярданып жатабыз. Биз шайлоого биринчи жолу катышып жаткан жокпуз, качан даярдык көрүш керек экенин жакшы билебиз. Биз шайлоодо утабыз деп ойлоп жатам. «Ата Журт» бул жолу «Республикага» кошулбай, өзүнчө барат. Биз 2010-жылдагы ийгиликти кайталагыбыз келет. Өмүрбек Бабанов менен сүйлөшкөн жокмун, көптөн бери көрө да элекмин. Ал шайлоого катышабы же жокпу, билбейм. «Республика» менен кызматташуу эч кандай жемишин берген жок. Партия лидери катары мен парламентке өтпөй калдым. Бул жыйынтыкты мен нөлгө теңейт элем, - деди ал.
«Республика - Ата Журт» - парламенттеги КСДПдан кийинки эле эң көп мандаты бар фракция. Ал эми «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун саясий жолу арсар болуп турат.
Ал 2017-жылдагы президенттик шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон жана шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен бойдон быйыл августта кайтып келген.
Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы) азыркы тапта өзүнө байланыштуу баш-аягы сегиз иш иликтенип жатканын айткан.
Бирок алардын чоо-жайы белгисиз. Расмий түрдө саясатчы эки гана ишке: «Кыргызстан» АКБ банкына, экинчиси 2017-жылы президенттик шайлоо алдында Оштогу Амир-Темир кичирайонунда айткан сөзүнө байланыштуу күбө катары чакырылганы айтылган. Андан тышкары 2017-жылы бийликти күч менен басып алуу, массалык башаламандык фактысы боюнча козголгон иш токтотулганы маалымдалган. Лидеринин жагдайына байланыштуу «Республика» партиясы шайлоого катышабы, катышса аны ким баштап барат деген суроолорго азырынча жооп жок.
Өткөн айда «Республиканын» лидери алмашары тууралуу маалыматтар чыгып, партиянын айрым депутаттары аны ырастаса, бакшалары жокко чыгарган. Буга чейин Бабанов саясаттан кеткенин да жарыялаган жайы бар.
Кийинки жылы өтө турган парламенттик шайлоого катышар-катышпасы, катышса кандай курамда барары тууралуу суроолор парламентте отурган башка партияларга да таандык. Эки жылдай камакта отуруп, быйыл августта айыптоо өкүмдөрүнүн баары жокко чыгарылган «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев анын алдында биринчи кезекте соттон акталып чыгып, юридикалык жана саясий жактан реабилитация болуу иштери турганын билдирген:
- Юридикалык жана саясий жактан реабилитация болгондон кийин мен өлкөдөгү саясий жашоого аралашам. Мен реалдуу саясий күчтөр менен, анын ичинде бийлик менен да кызматташууга даярмын. Ал макулдашуу жана компромисске баруу. Бул татаал процесс. Эгерде маанилүү маселелер боюнча бир пикирге келе албасам мен аны шайлоочуларыма айтам. Өкмөт, парламент жана президент эмнеден ката кетирип жатканын көрсөтөм.
Азыркы учурда кайрадан райондук сотто иши каралып жаткан Текебаевдин өзгөчө «юридикалык реабилитациясы» канчага созулары белгисиз. «Ата Мекен» партиясы өзү азырынча шайлоо камылгаларын баштаганы байкалбайт.
Катарынан эки президент жана бир канча өкмөт башчы чыгарган, Жогорку Кеңеште эң көп депутаты бар, азыркы учурда иш жүзүндө бийликте турган КСДПнын айланасында талаш да кандай бүтөрү белгисиз. Ал азыркы президент Сооронбай Жээнбековду жана камактагы мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевди колдогондор болуп, эки жаатка бөлүнүп турат. Бийлик да шайлоо камылгаларын ачык баштай элек.
2020-жылдагы парламенттик шайлоо темасын бийликке атаандаш маанайдагы «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров ушул жумада да козгоду.
Ал шайлоо учурунда добуш бере албаган жарандарга «баарыңар чогулуп «Укугум бар» деген кыймыл түзүп, добуш берүү укугуңарды коргоп чыккыла» деген чакырык таштады. Анын бул сөзү Орусияда жүргөн мигранттарга багытталды. Мадумаров «Орусиянын Тышкы иштер министрлигине кайрылып, ал жакта убактылуу иштеп жаткан кыргызстандыктар үчүн кошумча добуш берүү участокторун ачтырганга аракет кылам» деп да кошумчалады:
- Сиздер өзүңүздөр байкап жаткандай, кийинки убакта саясат кызыды. Ар кайсы тараптан түрдүү пикирлер айтылууда. Жогорку Кеңешке болгон шайлоо тууралуу көбүрөөк сөз кыла башташты. Бийлик да буга окшогон маалыматтарды акырын чыгарып коюп, «коомчулуктун пикири кандай болор экен, эмне болуп кетер экен» деп тамырын тартып көрүп атат. «Мурдагы эски сценарий менен кетсек болобу же элде жаңы талаптар пайда болдубу?» деп байкап көрүп жатат.
Айрым байкоочулар Мадумаровдун кайрылуусун шайлоо алдындагы өнөктүктүн кыйыр белгиси катары түшүнүштү. Мадумаров мигранттар менен утур-утур жолугушууларды уюштуруп келет. Анын пикиринде, азыркы кезде мамлекеттүүлүк деген түшүнүк кагаз бетинде гана жашап калууда.
- Эгерде биз бийликке кайра эле баштагыдай байларды алып келе турган болсок Кыргызстан 4-5 адамдын эле менчигине айланган акционердик коом болуп калат, - деди ал. - Бул өтө коркунучтуу көрүнүш экенин баарыбыз эле баамдап турабыз. Ошондуктан мен бүгүн жарандарыбыздын шайлоого жана шайланууга болгон конституциялык укугун козгоп жатам. Мага бул маселени көтөрүп чыкканга ошол эле Орусияда мээнет кылып иштеп жүргөн уул-кыздарыбыз түрттү. Мен сиздерге чын дилимден ыраазычылыгымды билдирип, «мындан кийин «Укугум бар» деген эл аралык кыймылга келиңиз, аралашыңыз, Кыргызстандын көйгөйүн биргелешип чечиңиз» деп айтар элем. Мындай укуктан чындай келгенде чет жерде жүргөн мекендештерибиз гана эмес, ушул Кыргызстандын ичинде жашап жүргөн атуулдарыбыз да куру калып жатат.
«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо үчүнчү орун алган Адахан Мадумаров ал шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын айтканы белгилүү. Мындай көз карашын ал Орусиядагы түмөндөгөн кыргыз мигранттары шайлоодо добуш бере албай калганы менен түшүндүргөн.
Кыргызстанда 2020-жылы парламенттик шайлоо болот. 2018-жылга карата өлкөдө 225 саясий партия Юстиция министрлигинде каттоодон өткөн.
Футболчулар тартуулаган майрам
2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мьянманы 7:0 эсеби менен утту.
Бишкекте өткөн беттеште кыргыз футболчулары Эдгард Бернхардт хет-трик жасаса, Алимардон Шүкүров атандаш дарбазасына эки гол, Гүлжигит Алыкулов менен Валерий Кичин бирден гол киргизишти.
7:0 - бул «ак шумкарлардын» эң ирип эсеп менен уткан эл аралык мелдештердеги алгачкы жеңиши. Буга чейин, 1997-жылы Кыргызстандын курама командасы Мальдив аралдарынын курама командасын 6:0 эсеби менен уткан болчу.
Азия футбол конфедерациясы Кыргызстанга үч упай алып келген беттешти «кыргыз футболчуларынын кыялын ишке ашырган түн» деп атады.
Түркиянын сириялык күрддөрдү үркүткөн чабуулу
Түрк армиясы басып кирген Сириянын түндүгүндөгү аймактарда өлгөндөр көбөйүп, миңдеген күрддөр үйлөрүн таштап, жер которууда. Гуманитардык уюмдар качкындардын саны жүз миңдеген кишиге жетиши мүмкүн деп эскертип жатышат.
«Сирия обсерваториясы» укук коргоо уюмунун маалыматына караганда, 11-октябрда түрк аскерлери Рас аль-Айн жана Тел-Абияд шаарчаларынын айланасындагы 7 айылды басып алышты.
Маалыматтарга караганда, түрк аскерлери Сириянын аймагындагы Рас-эль-Айн жана Тел-Абьяд шаарларын курчап алышты.
Британияда жайгашкан уюм операция башталган 9-октябрдан бери аз дегенде 10 карапайым киши жана күрддөр баштаган «Сириянын демократиялык күчтөрүнүн» 29 жоокери мерт болгонун кабарлады. «Түркия тарапта согушуп жаткан сириялык бөлүктөр да жоготууларга учурап, 17 аскери каза тапты», деп билдирди уюм.
Ал арада Анкара бир аскери окко учканын, үчөө жарадар болгонун, чек арадагы түрк шаарчалары аткыланганда кеминде 5 киши, алардын арасында бир ымыркай өлгөнүн билдирди.
Түркиянын «Анадолу» агенттиги операция башталгандан бери 228 күрд согушкери жок кылынганын 10-октябрда билдирген.
Эл аралык чөйрөдө бир катар тараптар Анкарага кысым көргөзүп, жортуулун токтотууну талап кылууда.
Бейшембиде Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Сириянын түндүгүндөгү соңку жагдайды жабык талкуулады. Бирок кандайдыр бир чечим кабыл алынган жок. Анкараны айыптаган резолюцияга АКШ менен Орусия каршы чыгышты.
Ал эми Европа Биримдиги эмки жумадагы саммитинде Түркияга санкция салуу маселесин карайт. Бул тууралуу Франциянын министри Амели де Моншалэн 11-октябрда билдирди. Анкарага санкция киргизүүнү АКШ да караштырып жатат.
Анкара чек арага жакын жердеги сириялык күрддөрдү бутага алган «Тынчтыктын булагы» аттуу аскердик операциясын 9-октябрда кечке жуук баштаган.
Сириянын түндүк-чыгышын көзөмөлдөгөн «Сириянын демократиялык күчтөрү» чек ара аймагында оор кагылышуулар болуп жатканын билдирүүдө.
Күрддөр азыр Сириянын түндүк-чыгышы менен түндүгүн же Евфрат дарыясынын чыгышын көзөмөлдөп турушат. Алар аймагын АКШнын колдоосу менен «Ислам мамлекети» террордук тобун сүрүп чыкканда кеңейтүүгө жетишкен.
Түркия Сириянын түндүк-чыгышындагы жортуулу менен эки максатты көздөйт. Биринчиси – өзүнүн коопсуздугуна коркунуч деп санаган күрддөрдүн «Сириянын демократиялык күчтөрүн» жана анын Элдик коргонуу кошуунун (YPG) чек арасынан алыс сүрүп салуу болсо, экинчи максаты – Сириянын ички аймагына азыркы учурда Түркияда жүргөн 3,5 миллиондон ашуун сириялык качкындын 2 миллионун жайгаштыруу. Ошондой эле Анкара чек ара аймактарын «Ислам мамлекети» тобунун жоочуларынан тазалоону максат кыларын айтууда.
Анкара буга чейин чейин Сириянын 32 чакырым ичкери аймагына коопсуздук тилкесин түзүүнү АКШга сунуш кылып, бирок Вашинтон бул демилгени созо бере турган болсо, өз алдынча аракеттенерин эскертип келген.
Ал эми жакында президент Режеп Тайып Эрдоган коопсуздук тилкесинен да ичкери, Ракка жана Дейр-эз-Зор шаарларына чейин баруу тууралуу ниетин айтып, бул көптөгөн сириялыктардын өз мекенине кайтып барышына шарт түзө турганы менен негиздеген.