Москвадан Ош шаарына 13-июнда 355 кыргызстандык жеткирилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги буга чейин тараткан маалымат боюнча, «Москва-Ош» рейси менен эки жашка толо элек 63 ымыркай энелери менен келди. Андан тышкары 229 кош бойлуу аялдар жана үч улгайган адам бар.
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси элчиликтин алдындагы жумушчу топ тарабынан жарандардын жеке арыздарынын негизинде жана кыргыз диаспорасынын жетекчилеринин сунушу менен түзүлдү. Бардык боюнда бар аялдар кош бойлуулугу тууралуу тийиштүү медициналык маалымкаттарды тапшырышкан.
Ушул күнгө чейин Кыргызстанга кетүү үчүн элчиликке алты миңден ашуун арыз түштү. Эми жумасына эки жолу «Москва-Ош» жана «Москва-Бишкек» авиакаттамдарын уюштуруу пландалып жатат.
Маалыматка караганда, 20-марттан бери Орусиядан Кыргызстанга 46 авиакаттам жана Казакстандын аймагы аркылуу 20 автобус менен мекендештерди өлкөгө кайтаруу иштери жүрдү. Жалпысынан 9372 киши Кыргызстанга келди. (BTo)