Парламенттик шайлоого саналуу күндөр калганда талапкер Рыскелди Момбековдун диплому боюнча маселе көтөрүлдү. Социал-демократтар партиясы муну оппозициялык көз караштагы талапкерге болгон басым катары кабыл алууда.
19-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Рыскелди Момбековдун диплому боюнча маселени карап, тергөө жана соттун жыйынтыгынан кийин чечим кабыл алууну чечти. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын мындай сунушун жумушчу топтун мүчөлөрү колдоду. Момбеков талапкер катары үгүт иштерин уланта берет.
БШКнын отурумунда сүйлөп жатып, Момбеков азыр талашка түшкөн диплом жасалма болсо, анда "УКМК эмне бир жыл сегиз айдан бери бул ишти кармап отурду?" деп суроо салды.
"Бул кылмыш иши эмес, көп жылдан бери келаткан кыңыр иш. Мен буга өзүм кызыкдар болуп, 2017-жылы УКМКнын ошол учурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевден ишти иликтеп берүүсүн сурангам. 2020-жылы Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Садыковго дипломдун көчүрмөсүн берип, аны тактап беришин сурангам. Азыр талашка түшкөн диплом жасалма болсо, анда аны оңдоп койгонго менде баардык мүмкүнчүлүктөр бар эле. Анткени соңку үч президент менен мамилем жакшы болгон. УКМК эмне бир жыл сегиз айдан бери бул ишти кармап отурду?".
Рыскелди Момбековдун дипломуна байланыштуу талаш Борбордук шайлоо комиссиясынын 18-ноябрдагы отурумунунан кийин башталган. Анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкери (УКМК) Социал-демократтар партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбеков "экинчи жогорку билимин биринчи жасалма диплому менен мыйзамсыз алганын" билдирген.
УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Жаналиевдин сөзүнө караганда, атайын кызмат 2020-жылдын 5-мартынан бери Момбековго байланыштуу Жазык кодексинин "Документтердин жасалмасы" беренеси менен ишти териштирип келе жаткан.
"Башкы прокуратурага Бакыт Шаршенбиев деген жарандан жогорку билим тууралуу жасалма дипломду пайдалануу жана мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирүү фактылары боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековго чара көрүү боюнча арыз түшкөн. Анын арызында депутат жасалма диплом колдонуп жүргөнү тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда маалыматтар жарыяланганы жазылган", - деди Жаналиев.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 1997-жылы сырттан окуу бөлүмүнө студенттерди кабыл алуу жана 2003-жылы сырттан окуу бөлүмүн "Юриспруденция" адистиги боюнча бүтүрүүчүлөрүнүн тизмесинде Момбеков көрсөтүлгөн эмес. 2003-жылы №196 каттоо номери боюнча диплом Бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча Михаил Стародубовго берилген. Момбековго аталган окуу жайдын диплому берилбегени айтылат.
УКМК Рыскелди Момбеков бул жасалма диплом менен 2011-жылы Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелер факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, эки жылдан кийин экинчи жогорку билимди алганын билдирди. Мекеме Момбековдун биринчи жогорку билими жок болгондуктан экинчи жогорку билимди ала алмак эмес деп кошумчалады. Атайын кызматтын өкүлү бул сөздөрдү Билим берүү жана илим министрлиги да бышыктаганын билдирди.
Бул маселе боюнча Социал-демократтар партиясы мындай деген билдирүү таратты:
"Күтпөгөн жерден дипломду текшерүү – бул оппозициялык депутатка басым жасоо, анын ийгиликтүү үгүт өнөктүгүн үзгүлтүккө учуратуу. Анткени эл өкүлү миңдеген адамдардын алдында азыркы бийликтин абийирин кетирип, Акылбек Жапаров жана Эдил Байсалов башында турган Министрлер кабинетинин калпын ачыктап жатат. Ал 2010, 2015, 2020-жылдары депутаттыкка талапкер болгон. Былтыр революция учурунда парламентте кабинеттер талкаланып, анын дипломатиялык паспорту, диплому жана жеке документтери жоголуп кеткендиктен, быйыл БШКга дипломунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн тапшырган. Момбеков документтери жоголгону тууралуу ИИМге эбак эле арыз жазып, ал Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болуш үчүн жогорку билимдин кереги жок болчу. Мындай норма 28-ноябрдагы шайлоодо алгачкы жолу колдонулганы жатат. Буга чейин “Ата-Мекен” партиясы мыйзамдагы Жогорку Кеңештин депутатынын билим деңгээлине коюлган талапты жокко чыгарууну суранып, Конституциялык сотко кайрылган. Алар бул жобо жарандардын укугун чектей турганын айтышкан. Соттун чечими азырынча чыга элек.
Борбордук шайлоо комиссиясы Рыскелди Момбеков Боршайкомго 2011-жылы Дипломатиялык академиядан алган экинчи дипломун бергенин, ал ошол документтин негизинде талапкер болуп катталганын айтып жатат.
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бир нече жолу Социал-демократтар партиясына Момбековдун Кыргыз улуттук университетинен алган биринчи дипломун талап кылган кайрылуу жолдонгонун кошумчалады.
Талапкердин диплому боюнча маселеде БШК мүчөлөрүнүн пикири ар түрдүү чыгып жатат. Мисалы, Искендер Гаипкулов Момбековдун диплому жок экени далилденгенин айтып чечим кабыл алууга чакырса, Боршайкомдун дагы бир мүчөсү Узарбек Жылкыбаев мындай деди:
"Бизге Дипломатиялык академиянын диплому берилген. Аны кандай алганын укук коргоо органдары тактап, диплом соттун чечими менен жокко чыгарылса, анда талапкерди каттоодон алып коебуз. Талапкердин каттоосун жокко чыгарып коюш оңой чечим эмес да. Эгерде эртең сот "баары мыйзамдуу болгон" деген чечим чыгарып койсочу?".
Тандалма саясатпы?
Рыскелди Момбеков 2010-жылы бийликке келген убактылуу өкмөттүн учурунда маданият министринин милдетин аткаруучу, 2011-2012-жылдары болсо президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп иштеп, 2012-жылдан 2014-жылга чейин "Учкун" басмаканасын башкарган.
2015-жылы болсо КСДПнын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого Социал-демократтар партиясы менен бара жатат.
Аталган партияга камакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулган. Момбеков шайлоочулар менен жолугушуу учурунда азыркы бийликти кескин сындаган оппозициялык көз караштагы талапкерлердин бири. Ал Баш мыйзамдын өзгөрүшүнө, мамлекеттик башкаруунун президенттик болушуна да каршы чыккан.
Укук коргоочу Динара Ошурахунова атайын кызматтын ишин мындай деп сынга алды.
"Биринчиден, бул тандалма саясат. Мындай болсо УКМК 120 депутаттын дипломун текшерип чыксын. Антпестен шайлоого саналуу күндөр калганда Рыскелди Момбеков боюнча маалымат таратып жатышын административдик ресурс деп билем. Атайын кызмат дагы бир талапкер Дастан Бекешевди суракка чакырган. Экөө тең бийликтин саясаты менен макул болбогон саясатчылар. Бийлик өзүнүн атаандаштарын жарыштан четтетүүгө аракет кылып жатат. Мыйзам боюнча талапкерлерге бирдей шарт түзүлүш керек. Бул шайлоонун негизги принциби. Азыр андай болбой, оппозиция өкүлдөрү куугунтукка кабылып жатат. Демек, шайлоо эркин эмес. Анын үстүнө УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин шайлоого катышып жаткан партиялардын бири менен байланышы бар экени айтылып келет".
Ал эми президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси, юрист-окумуштуу Бекбосун Бөрүбашев Рыскелди Момбековдун ишине саясий боёк бериштин кереги жок деп эсептейт.
"Момбековду өзүнчө бөлүп кароого болбойт. Эң биринчи сот анын дипломунун статусун аныкташ керек. Эгерде жасалма экени аныкталса, аны жасаган адамдар, ошол дипломдун негизинде Момбековду жогорку кызматка дайындагандар жоопко тартылыш керек. Ушундай диплом менен кантип жумушка орношуп жүргөн? Буга укук коргоо органдары юридикалык баа бериши керек. Соттун жүрүшүндө жасалма диплом менен иштөөдө мамлекетке келтирилген чыгым да эсептелиши мүмкүн".
Арыздын төркүнү
Рыскелди Момбековго каршы арызды Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Бакыт Шаршембиев жазган.
Экөө алгачкы жолу араздашып жаткан жок. 2019-жылы Шаршембиев "кадыр-баркыма шек келтирди" деп Момбековдон 1 миллион сом моралдык кенемте өндүрүүнү талап кылган. Шаршембиевдин сотко кайрылышына Момбековдун Жогорку Кеңеште жасаган билдирүүлөрү себеп болгон. Ал Бакыт Шаршембиевдин кеминде тогуз кылмыш ишине тиешеси бар экенин айтып, анын ишмердигин текшерүүнү талап кылган. Ал сөз болуп жаткан иштин баары "Кыргызтелеком" компаниясына байланыштуу экенин билдирген.
Жыйынтыгында сот Рыскелди Момбековду 25 миң сомдук айыпка жыккан болчу.
Борбордук шайлоо комиссиясы 18-ноябрдагы отурумунда Бишкек шаары боюнча №26 Ленин округунан парламенттик шайлоого талапкер Камчыбек Жолдошбаевдин каттоосун жокко чыгарды. Буга Жолдошбаевдин кудасы Муктарбек Сыдыков аркылуу добуш сатып алууга аракет көргөнү себеп болгон.
Ушул эле округдан талапкер болуп чыккан Жаныбек Абиров да атайын кызматка суракка чакыртылды. Өзүнүн айтымында, ал "жашы жете электерди үгүт иштерине колдонгон" деп шек саналууда. Ушундай эле берене менен Дастан Бекешев да сурак берип чыккан.
19-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер Дастан Бекешев боюнча УКМКнын билдирүүсүн дагы карады. БШК токтом кабыл алып, анда УКМКнын маалыматын эске алуу, Жоруктар кодексинин 44-беренеси ("Үгүт иштерин жүргүзүүнүн шарттарын бузуу") боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн жоопкерчилигин кароо, талапкерге штабында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча айтылат.