Буга чейин Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин мурдагы жетекчиси Бакыт Шаршембиев «кадыр-баркыма шек келтирди» деп Момбековдон 1 миллион сом моралдык кенемте өндүрүүнү талап кылган.
Сот 26-июлда Шаршембиевдин арызын негиздүү деп таап, Момбековду Шаршембиевдин пайдасына 25 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Эл өкүлү депутат Жогорку Кеңештеги билдирүүсү үчүн жооп бербесин жүйө кылып, соттун чечимине каршы кийинки инстанцияга кайрылганы турат.
Бакыт Шаршембиев сотко Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетин жетектеп турган 2018-жылдын октябрь айында эле кайрылган. Ал соттон депутат Рыскелди Момбеков андан жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кечирим сурашын, моралдык чыгым катары 1 миллион сом өндүрүп беришин талап кылган.
Бул иш боюнча Сокулук райондук соту 26-июлда чечим чыгарып, Шаршембиевдин арызын жарым-жартылай канааттандырды. Райондук сот моралдык чыгым үчүн Момбековду доогерге 25 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Шаршембиев эл өкүлүнүн парламентте айткан сөздөрү боюнча тиешелүү соттук экспертизалар болгонун, соттун чечими менен буга чейин ага тагылган кинелер толук жокко чыкканын айтты.
«Айтылып келаткан кылмыш иштерге менин эч кандай тиешем жок. Ал эми сөз болуп жаткан 2000-жылдан берки иштер боюнча мурунку жетекчилер абакка отуруп чыгышкан. Мен Рыскелди Момбековго каршы 1 миллион сом доо койгом. Бирок сот мыйзамга ылайык кандай чечим чыгарат өзү билет да. Ошого ылайык 25 миң сом өндүрүп берүү чечимин чыгарды. Мага эң негизгиси Момбеков жалган маалымат таратканы аныкталганы керек болчу».
Рыскелди Момбеков былтыр октябрь айында Жогорку Кеңеште Бакыт Шаршембиевдин кеминде тогуз кылмыш ишине тиешеси бар экенин айтып, анын ишмердигин текшерүүнү талап кылган. Ал сөз болуп жаткан иштин баары «Кыргызтелеком» компаниясына байланыштуу экенин билдирген.
Момбеков ушундай эле билдирүүлөрдү парламентте Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүнүн курамы бекитилип жатканда, андан кийин парламенттин комитеттеринин жыйындарында да бир нече жолу жасаган.
Эл өкүлү соттук отурумдарга өзү катышкан жок. Эми райондук соттун чечимине каршы кийинки инстанцияга кайрылганы турат. Ал сотто анын кыргызча билдирүүлөрүнө орус тилинде соттук экспертиза жүргөнү, сотто парламентте сүйлөгөн сөзү эмес, айрым сайттарга чыккан маалыматтар каралганы боюнча жүйөлөрүн келтирди. Ошондой эле Шаршембиевге байланышкан кылмыш иштери боюнча маалыматты ал кызматтык кат алмашуу аркылуу Коопсуздук кеңешинен алганын айтты.
«Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевдин каты бар. Анда сегиз кылмыш иши боюнча фабула, тогузунчу кылмыш иши жөнүндө маалымат бар болчу. Мен ошону айтсам анан кантип мазактаган болом? Ошондуктан мени эмес, Дамир Сагынбаевди жоопко тартыш керек болчу. Анткени маалыматтын булагы Сагынбаев болуп жатпайбы. Сотто ар тараптуу иликтөө болгон эмес. Андан тышкары "Маалыматты каяктан алдың? Момбековдун сүйлөгөн стенограммасы кыргызча экен, кыргызча экспертиза жүргүзүлсүн" деген талаптар болгон жок да. Менин жактоочум өтүнүч келтирсе бирөөнү да канааттандырган эмес».
Башкы прокуратура май айында «Кыргызтелеком» ишканасына байланыштуу сегиз иш боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылганын жарыялаган. Анын ичинен алты иш тергелип жатса, экөө токтоп турганы белгилүү болгон. Момбеков Коопсуздук кеңешинин маалыматына таянып, мына ушул кылмыш иштеринен бюджетке 1 миллиард сом зыян келгенин айтып жатат.
Бакыт Шаршембиев сөз болуп жаткан иштердин ичинен бир иш боюнча санариптик телеберүүгө байланыштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) күбө катары суракка чакырылганын ырастады.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев буга чейин Жогорку Кеңеште Рыскелди Момбековдун суроосуна жооп берип жатып, Шаршембиевдин айланасындагы окуяларга байланыштуу комментарий берген.
«Биз - укуктук мамлекетпиз. «Бирөө жаман» деди деп эле баа бергенибиз туура эмес. Шаршембиевге байланыштуу иш териштирилди. Эгерде иш факты боюнча козголгон болсо ал ишти аягына чыгарыш керек. Ошол фактынын артынан териштирип отуруп анан жеке жак чыгат. Алдын ала бирөөнү күнөөлөгөн болбойт. Эгерде сиздин сөзүңүз юридикалык жактан тастыкталып, прокуратура тергөөнү жургүзүп, сот чечим чыгарса мен сизге кошулмакмын».
Рыскелди Момбековго чыккан сот чечими коомдо ар кандай бааланып жатат. Айрымдар бул саясатчыларды жасаган билдирүүлөрүнө жоопкерчиликтүү болууга түртөт деген пикирде. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев сот чечими тескерисинче депутаттардын ишине кедергисин тийгизерин айтып жатат.
«Ар бир сүйлөгөн сөзү үчүн депутатты сотко бере берсе, анда депутаттар эч нерсени айта албай калышат. Бийликти сындап, маселе көтөрө албай калат. Конституцияда да «депутат парламенттеги билдирүүсүнө жооп бербейт» деп жазылган. Биз жарандардан да маалымат алабыз. Көп учурда аларды тактай албай калабыз».
Момбеков менен Шаршембиевдин соту мамлекеттик кызматкерлердин этикасына байланышкан маселени да козгоду. Мамлекеттик кадр кызматынын мурдагы жетекчиси Чолпонкул Арабаев саясатчылардын соттук иштери тууралуу буларга токтолду.
«Жогорку кызматтагы адамдар бирин бири күнөөлөп, ар кандай билдирүүлөрдү жасардан мурун аны такташ керек. Бир жагы Жогорку Кеңештин депутаты, экинчиси аткаруу бийлигинин өкүлдөрү соттошуп жатса кандай иш болот? Бизде "Мамлекеттик кызматкерлер жөнүндө" мыйзам, Мамлекеттик кызматкерлердин этикасы жөнүндө кодекс бар. Мына ошолор сакталышы керек».
Ал эми саясатчылардын жалпыга маалымдоо каражаттары менен соттошуусу кадыресе эле көрүнүш болуп баратат. Жакында эле ички иштер министри Кашкар Жунушалиев «ар-намысыма шек келтирди» деген негизде «Азия-ньюс» гезитин 5 миллион сомго сотко берди.
Буга чейин ички иштер министринин мурдагы орун басары Данияр Абдыкаров да ушундай эле негизде «Азия-ньюс» гезитин сотко берип, кийин доосунан баш тарткан.
Мурдагы Алмазбек Атамбаевдин бийлиги тушунда прокуратура президенттин ар намысын коргоп сотко кайрылып бир нече жалпыга маалымдоо каражаттары миллиондогон доого жыгылган.