Шайлоо башталган күндөн тартып президент Садыр Жапаров мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартыларын бир нече жолу эскертти. Ага карабай, бийликтин атын жамынгандар, добуш сатып алуу, үгүт эрежесин бузган фактылар катталууда.
Президенттин кайра-кайра эскертүүсү
Парламенттик шайлоого 10 күндөн ашыгыраак убакыт калып, үгүт иштери менен кошо мыйзам бузуулар дагы күчөдү. Ал ортодо президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун атын пайдалангандар жоопкерчиликке тартыларын, бул өзгөчө Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге тиешелүү экенин билдирди.
“Биз бардык жарандарды, мамлекеттик органдардын жана башка бюджеттик мекемелердин өкүлдөрүн мамлекет башчысынын атын кыянаттык менен пайдалануу фактылары болсо, токтоосуз түрдө билдирүүгө чакырабыз”, - деди Султанбаев.
Бул билдирүүгө чейин Жалал-Абаддын Сузак районунунда үгүткө байланыштуу чырда президенттин аты аталган. Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров милицияга "Ишеним" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Шерзодбек Умарбековго каршы арыз жолдогон. Анда аким талапкер телефондон президенттин атын атап опузалаганын жазган. Ал эми Шерзодбек Умарбеков акимге чалганын ырастап, бирок анда президенттин атын атап "опузалаган" деген дооматты четке кагып жатат. Учурда бул окуяны милиция териштирүүдө.
Садыр Жапаров шайлоого жакын сүйлөгөн бардык сөзүндө бийлик саясий партиялар менен талапкерлерге бирдей шарт түзүп, шайлоону таза өткөрөрүн айтып келатат. Анын “Кыргызстанда таза шайлоо өтөөрүн дүйнө жүзүнө далилдейбиз” деген сөзү көчөлөрдө баннерге жазылып илинди.
15-ноябрда Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2 ишканасынын жанындагы конуштун тургундары менен жолугушуу учурунда добушун саткан жана сатып алгандар жоопко тартыларын, Жазык кодексине ылайык, мындай кылмыш үчүн эркиндиктен ажыратуу жазасы каралганын эскертти жана муну “ушундай ыкма гана токтото аларын” кошумчалады.
16-ноябрда өткөн президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин биринчи жыйынында да Садыр Жапаров суракка барып жаткан депутатты мисал кылып, чечкиндүү чаралар көрүлөрүн эскертти.
"Бир талапкер жашы жете элек, мектептин балдарын колдонуп суракка барып жатат. Ошол талапкер мыйзамдуулук, коррупциянын жок болушун булбулдай сайрайт. Бирок өзү ошого барып жатат. Мына ушундай дагы адамдар жок эмес. Эгер өзүң сындаганды билсең, сынга алынбагандай иште да".
Мындан бир күн мурун атайын кызмат талапкер Дастан Бекешевди үгүт кампаниясында жашы жете элек балдарды иштеткен деген айып менен суракка алган. Бекешев ага чейин мөөнөтүнөн мурда үгүт кылганына байланыштуу кат түрүндө эскертүү алган.
Эскертүү алган талапкерлер
Жалпы жолунан ондон ашык талапкер Борбордук шайлоо комиссиясынан эскертүү алышты. Маселен, коомчулукка кеңири белгилүү болгондорун санасак, алгачкылардан болуп Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси №14 Жалал-Абад шайлоо округунан талапкер Шайырбек Ташиевге мөөнөтөн мурда үгүт жүргүзгөнү үчүн эскертүү берилген. Андан кийин ар кандай эреже бузууга байланыштуу №25 Аламүдүн шайлоо округунан талапкер Болотбек Бегалиевге, №32 Кочкор шайлоо округанан талапкер Ормон Нурбек уулуна, №3 Кадамжай шайлоо округунан талапкер Нурали Талипов эскертүү алышты.
Жогорку Кеңешке “Ынтымак” партиясынан талапкер Алмамбет Шыкмаматовго 7,5 миң сом айып салынды. Ал парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү расмий баштала электе Коомдук биринчи канал “Биздин айыл” деген 25 мүнөттүк берүүгө тартылганы боюнча эскертүү алды. №11 Алай округунан талапкер Улан Примовго үгүт мыйзамын бузганы үчүн эскертүү берилди.
"Таза шайлоо урааны жаңылык эмес"
Укук коргоочу Рита Карасартова БШКнын талапкерлерге эскертүү берген учурларын “кожо көрсүн” саясат деп атады. Ал Боршайкомдун кескин чараларга бара албай жатканын мындай анализдеди.
“Таза шайлоо өткөрөбүз” дегенди бардык эле президенттер айтып келген. Президенттин “таза шайлоо өткөрөбүз” деп үстөл какканы кыргыз эли үчүн жаңылык эмес. Иш жүзүндө эмне болуп жатат? Анда-санда кармап, айып салып коюп жатканы үгүт таза өтүп жатат дегендин көрсөткүчү эмес. Азыр баарын бир эле киши чечкен заман. Мурда БШКда калыс кишилер бар болчу. Азыркылар жөн эле кишилерди алып келип коюшкан. “Таза шайлоо өткөрөм” деп койсо эле акыйкат өтүп жатат деп ойлобошубуз керек”, - деди укук коргоочу.
Шайлоодон четтетүү БШКнын негизги максаты эмес
БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов Боршайкомдун дарегине айтылган сындарга мындай жооп берди.
“Талапкер же партияны шайлоодон четтетүү БШКнын негизи максаты эмес. Бирок, эки эскертүүдөн кийин БШКнын алып салууга укугу бар. Ар бир фактыны терең изилдеш керек, талапкер моюнуна алып жатабы, жеңил же оор мыйзам бузуу болдубу. Ал эми админстративдик ресурс менен добуш сатып алууда болсо талапкерди четтетүүдө бир эле факт жетиштүү. Азыр мындай каттала элек. Жаңы эле атайын кызмат тарабынан бир өкүл кармалганын уктук. Бизге келсе териштирүү башталат. Талапкерди алып салууга бардык учурда жетишебиз”, - деди Маматов.
17-ноябрда Бишкекте бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкердин өкүлү добуш сатып алуу боюнча кармалды. Атайын кызмат кармалган киши кимдин өкүлү экенин ачык айткан жок, бирок айрым маалымат каражаттары ал Бишкек шаарындагы Ленин шайлоо округунан талапкер Камчыбек Жолдошбаевдин өкүлү экенин жазды. Азырынча талапкердин өзүнө байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.
Буга чейин жергиликтүү айрым мамлекеттик кызматкер жана жетекчилер үгүт ишине аралашканы үчүн кызматтан алынган. Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө оппозициячы делген талапкерди сындаса, атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев жолугушууларда бийликти каралаган айрым талапкерлерге катуу эскертүү берген.
Шайлоого байкоо салып жаткан саясат талдоочу Шаирбек Маматокторов жогорку жетекчилерди үгүт кампаниясы учурунда чебердеп билдирүү жасоого чакырды.
“Чынында кээде жакшы аракеттер болуп жатат. Акимдерди, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн кызматтан алып салууда. Бирок, алар майда талапкерлерге карата болуп жатат. Ал эми Бекешев, андан өткөн ири саясатчы Мадумаров сыяктууларды үгүт иштери жүрүп жаткан учурда кыйыр түрдө сындаганы жергиликтүү бийликке тапшырма сыяктуу болуп калат. Кош стандартуу болбошу үчүн бийликке жакын талапкерлердин да кемчилигин атап койсо болмок”, - деди Маматокторов.
Президенттик администрациянын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысынын орун басары Аскар Бешимов 17-ноябрда Бишкекте шайлоого чейинки жана кийинки саясий абалды талкуулаган жыйында сүйлөп жатып бийликте административдик ресурсту таптакыр жоюу боюнча саясий эрк бар экенин билдирди.
“Мамлекеттик органдар административдик ресурс колдонулбашы үчүн мониторинг жүргүзүүдө. Саясий структураны курууга таасир эте турган административдик ресурсту таптакыр жоюуга саясий эрк бар”.
28-ноябрда өтө турган шайлоонун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 54ү Кыргызстан боюнча бирдиктүү округдан партиялык тизме менен, ал эми 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келиши керек. Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо өтө ыплас өткөнүнө нааразылар эртеси күнү Бишкекте митинг өткөрүп, өлкөдө бийлик алмашкан.