Мунун алдында Энергетика министрлиги өлкөдө жарыкты керектөө тарыхый чектен ашканын маалымдаган. Аймактарда айрым тургундар өчүрүүлөр ар кандай убакта болуп жатканын айтып, нааразылыгын билдирип жатышат.
Социалдык тармактарда айрым жарандар жер-жерлерде электр энергиясы өчүрүлүп жатканын жазышууда. Алар жарык алдын ала эскертилбей эле өчүрүлүп жатканын кабарлоодо.
"Свет менен кошо суу дагы өчөт"
Мындай өчүрүүлөр алыскы аймактарга гана эмес, Бишкектин жака белиндеги айылдарга да тиешелүү. Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынын тургуну Жылдызбек соңку күндөрү оңдоо иштерине байланыштуу деген себеп менен жарык өчкөн учурлар көбөйгөнүн, жарык өчсө, суу да келбей каларын билдирди:
“Ноябрдан бери 4-5 жолу эскертүү берилип, жарык өчүрүлдү. Кээде кабар берилбей эле эртеден кечке өчүк болгон күндөр да болот. Бизде свет жок болсо, суу да өчөт. Айылда жер астынан насос менен суу чыгарган тургундар көп. Себеби таза суу көбүнө жеткен эмес. Мындан тышкары үйүн ток менен жылыткандар да бар. Светти өчүргөндө “техникалык оңдоо иштерине байланыштуу” деп коюшат. Ушуну күн жылуу учурда оңдоп, даярдап алса болбойбу? Анын үстүнө биз акысын дагы өз убагында төлөп жатпайбызбы”.
Ош шаарынын тургуну Акылай суук күндөрдө жарыктын өчүрүлүшү жаш балалуу үй-бүлөлөргө түйшүк артарын айтууда:
“Кышкыга даярдык деп август айында да светти өчүрүп жатышты. Эртең мененки саат 11лерде өчүп, кечки 5дерде кайра берилчү. Ошол маалда мен онлайн иштегеним үчүн жумушка аябай тоскоол болду. Күн ысыкта муздаткыч иштебесе, бардык азык-түлүк бузулуп кетет. Даярдык көргөнүнө карабай, эми өткөндө төрт күн катары менен суук болгондо да өчүрүп жатышты. Эртең менен өчүрүшөт, 10дордо кайра берилет. Бул жаш балалуу үй-бүлөлөргө аябай эле кыйынчылык жаратып коёт экен”.
Мындан башка аймактарда да өчүрүүлөр болуп жатканы тууралуу билдирүүлөр социалдык тармактарга улам жарыяланууда.
"Светти үнөмдүү пайдалангылачы". Президенттин билдирүүсү
Энергетика министрлиги 12-13-декабрь күндөрү Кыргызстанда электр энергиясын керектөө тарыхый чектен ашканын, суткалык керектөө 78,931 млн кВт саатка жеткенин маалымдаган. Энергетикалык объектилерге күч келип жатканы, электр энергиясын иштеп чыгуучу ГЭСтер жогорку кубаттуулукта иштеп жатканы белгиленген.
Жер-жерлерде жарыктын өчүрүлүп жатканы боюнча президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маек куруп, соңку жылдары керектөөнүн көлөмү өскөнү менен, электр энергиясын иштеп чыгуучу ГЭСтер жана башка объектилер салынбаганын, мындан улам ушундай кырдаал жаралганын белгилеген. Мындан тышкары электр энергиясынын тарифи арзан экенин, тоо аймактарда жашаган керектөөчүлөргө жана “Үй-бүлөгө көмөк” программасынын алкагында 240 миңден көп керектөөчүгө арзандатылган баада берилип жатканын айткан.
“Элибиз дагы кайдыгер болуп жатат. Арзан деп эле, электр жарыгын үнөмдүү пайдаланбай жатат. Жөнөкөй эле бөлмө ичиндеги жарыкты кереги жок учурда өчүрүп турушпайт. Мен муну көп жерден көрүп, “кереги жок бөлмөдөгү светти өчүрүп койсоңор боло” деп эскертип да жүрөм. Ар бир күйүп турган свет үчүн Токтогул суу сактагычынан суу кетип жатат. Ошондуктан светти үнөмдүү пайдалангылачы. Мамлекеттик мекемелердеги кызматкерлер, жетекчилер, мектеп, бала-бакчалар “мамлекет төлөйт” деген жоопкерчиликсиз мамилеси менен иш бөлмөлөрдөгү, имараттардагы электр жарыгын өчүрбөй калтырып кетишет. Көчөлөрдөгү жарыктарды өчүрбөй коюшат. Ушунун баары таасир этип жатат”, - деген президент Жапаров.
"Электр жабдууларына күч келип жатат"
Кыргызстанда күз-кыш мезгилинде жарык өчүрүүлөр маселеси көп көтөрүлүп келет. Энергетика министрлиги 1-2 саатка созулган өчүрүүлөрдү жөнгө салуу чаралары деп атап, муну керектөө көбөйгөн учурда жабдууларга күч келип, иштен чыгып калуусун алдын алуу үчүн линияны алмаштыруу иши катары түшүндүрөт. Октябрдын соңунда аймактарда өчүрүүлөр болуп жатканы боюнча маселе парламентте да көтөрүлүп, депутат Бакытбек Марипов өчүрүүлөр күн сайын үч саатка чейин уланып жатканын айткан:
“Өкмөт өткөндө кыш мезгилине даярбыз деген. Айылда күн сайын эртең менен жана кечинде үч саатка чейин жарык өчүрүлүп жатыптыр. Жарандар кайрылып, күндүн суугуна карабай өчүрүп жатышат деп айтышты. Жетекчиликке кайрылалы десе, жооп болбой жатыптыр”.
Өкмөт мындай учурда автоматташтырылган система керектөө көбөйгөн убакта электр жабдууларынын иштен чыгып калуусунун алдын алып, автоматтык түрдө өчүрө турганын айтып келет. Өчүрүлгөн учурда электриктер трансформаторго жетип, электр энергиясын берген линияны алмаштырганга чейин 1-2 саат убакытты алышы мүмкүн деген түшүндүрмөнү берип жүрөт.
“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасынын директорунун орун басары Жолдошбек Доктурбай уулу “Азаттыкка” буларды билдирди:
“12-декабрда суткасына 78 млн 627 миң киловатт саат пайдалануу болсо, бир жыл мурун 68 миллион киловат керектелген. Ошондо керектөө 10-12 миллион киловаттка көп болуп жатат. Ошондой эле быйыл 28 миң 500 жаңы абонент кошулду, ушул күндөрү аба ырайы да кескин өзгөрүп кетти. Айрыкча эртең менен жана кечинде электр энергиясын керектелип жатат. Ошондо автоматтар өчкөндө, бригада барып, линияны алмаштырганга 1-2 саат кетип жатат. Мындай иштер аткарылбаса, биз электр жабдууларын иштен чыгарып алабыз”.
"Электр энергиясын кышында да экспорттогонго жетебиз"
Мамлекет башчы мындай кырдаал 3-4 жылга чейин уланарын белгилеп, бул убакыт аралыгында энергетикалык долбоорлордун айрымдары ишке ашуусу менен тартыштык жоюла турганына үмүт артууда. Алардын бири Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу бүтсө, кубаттуулугу 1860 МВтты түзөт. Бул ГЭСтин биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. Ал Кыргызстандагы экинчи ири ГЭС болмокчу.
Андан тышкары, Бала-Саруу ГЭСи, Кайнама ГЭси, Ысык-Ата ГЭСи, Көк-Арт ГЭСи, Исфайрам ГЭСи, Курак-Тектир ГЭСи, Кыштут ГЭСи сыяктуу чакан ГЭСтер курулуп, ишке берилип жатканын белгилеген.
Ошондой эле Токтогул, Үч-Коргон ГЭСтерин оңдоо, Камбар-Ата-2 ГЭСининин экинчи агрегатын ишке киргизүү боюнча жумуштар жүрүп жатканын айткан. Мындай аракеттердин арты менен 2030-жылдардан кийин Кыргызстан электр энергиясын кышкысын да экспорттой алган өлкөгө айланат деп жатат. Кыргыз бийлиги чакан ГЭСтерди жана күндөн, шамалдан электр энергиясын ала турган станцияларды курууда инвесторлорду кызматташууга чакырып келет. Бул багытта ишке ашып жаткан долбоорлор да бар.
Кыргыз өкмөтү энергетика тармагына 2026-жылдын 31-декабрына чейин өзгөчө кырдаал режимин киргизген. Бул аралыкта электр энергиясын импорттогон эмес, экспорттогон өлкөгө айлануу дымагы бар экенин билдирген.
Энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков өкмөттүн энергетика тармагындагы “жашыл долбоорлору” муктаждыкты тез арада камсыз кылышы кыйын экенин белгилеп, “салттуу ыкма” деп айтылган ГЭСтерди, ЖЭБдерди курууга басым жасаш керек деген пикирде:
“Салттуу энергетика - бул көмүр, суу жана атомдук электр станциялары. Биз ушуга басым жасап, салышыбыз керек болчу. Анткени булар энергетикалык коопсуздукту камсыз кылып берет. “Жашыл” деп шамалдан, күндөн энергия алабыз деген аракеттер болууда. Алардын натыйжасы төмөн”.
Кыргызстан быйыл 17,5 млрд киловатт-саат электр жарыгын колдонот деп эсептелсе, анын 14,8 миллиарды гана өлкөдө өндүрүлөт. Калган айырманы импорттун эсебинен жабууга туура келет. Келишимдерге ылайык, быйыл 3,2 млрд кВт/саат электр энергиясын Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстан жана Орусиядан импорттой турган болгон.
Шерине