Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

Мексика: мунай жарылуусу 85 кишинин өмүрүн алды


Мексикада мунай куурунун жарылуусунан каза тапкандардын саны 85 кишиге жетти.

Маалыматтарга караганда, 19-январда Тлауэлилпан шаарында жергиликтүү тургундар түтүк тешигинен аккан кара майды алып жатканда жарылуу болгон.

Жекшембиде жарылууда каза болгондордун алгачкылары жерге бериле баштады. Мексиканын саламаттыкты сактоо министри Хорхе Алкосер курмандыктардын саны 85 кишиге жеткенин билдирсе, дагы ондогону жарадар болду.

Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, өткөн жума күнү өлкөдөгү эң чоң мунай иштетүүчү заводго жакын жерден май уурдоо үчүн куурду атайылап тешип кетишкен. 800дөн ашуун киши желим канистра, чакаларын көтөрүп алып гейзердей болуп атылган кара майдан куюп алабыз деп ал жерге агылышкан. Бир убакытта өрт чыгып, катуу жарылуу болгон.

Өлгөндөр же денелери күйүп ооруканага түшкөндөрдөн тышкары дайыны табылбай жаткандар да көп. Жер-жерде жакындарынын аты-жөнүн, сүрөттөрүн чаптап жүргөн кишилерди көрсө болот.

Кабарчылар сөзгө тарткан жергиликтүү жашоочулар күйүүчү май көптөн бери тартыш болгонун, элдин куур тарапка чуркап, эптеп канистраларды толтуруп алалы дегени ошондон экенин айтып беришкен.

Өткөн айда кызматка киришкен президент Мануэл Лопес Обрадор мунайды уурдоого каршы программасын баштаган. Түтүктөрдө аккан кара майды мыйзамсыз алуудан мамлекеттик "Пемекс" компаниясы жылына үч миллиард долларга барабар каражат жоготоорун санап чыгышкан.

Мануэл Лопес Обрадор
Мануэл Лопес Обрадор

Жаңы жылдан тарта мунай куурларын кайтарууга миңдеген аскер жөнөтүлгөн. Бир нече жерде түтүктөр жабылган. Мунун бардыгы кара майдын тартыштыгына, май куйуучу жайларда узун кезектерге алып келди.

Президент жекшемби күнү билдиргендей, кырсыкка карабай мунай уурдагандарга каршы күрөш улана бермекчи.

Бирок трагедия Обрадордун стратегиясы канчалык туура деген суроолорду пайда кылды. Мисалы, эмне себептен аскерлер элди жакындабагыла деп кууп таркатышкан жок? Түтүктүн кесилгени аныкталгандан кийин "Пемекс" компаниясы аны дароо жаптыбы?

Компаниянын расмий өкүлдөрү басым ылдыйлаганы байкалаары менен куурдагы агым токтотулганын айтышат.

Президент тергөөчүлөр кырсыктын чоо-жайын жакшылап териштиришерин билдирди.

"Пемекс" компаниясынын тарыхында буга чейин да кайгылуу окуялар болуп келген. 2013-жылы Мехикодогу баш кеңсесиндеги жардыруудан 37 киши мерт кеткен. Былтыр газ иштетүүчү ишканадагы өрт 26 кишинин өмүрүн кыйган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG