Кошмо Штаттар 30-декабрда Украинага 5,9 млрд долларлык аскердик жардам көрсөтөрүн жарыялады.
"Мен өз администрацияма Украинага көбүрөөк жардам берүүнү тездетүүнү улантууну тапшырдым. Анын ичине Украина үчүн эски америкалык жабдыктар да кирет. Аларды тезинен согуш талаасына жеткирүү керек. Андан кийин өз запастарыбызды жаңы курал-жабдык менен толтуруп, модернизациялоо үчүн АКШнын коргонуу-өндүрүш базасын калыбына келтирүү зарыл", - деди АКШ президенти Жо Байден.
Бул жолку жардамга абадан коргонуу системалары, артиллериялык снаряддар жана башка керектүү курал-жабдыктар кирет. Анын жарымы Пентагондун запастарынан жөнөтүлөт.
АКШнын каржы министри Жанет Йеллен "Биздин түз каржы колдообуз Орусия украин жарандарына жана абдан маанилүү инфратүзүмдөрүнө соккуларды күчөтүп жаткан маалда көрсөтүлүп жатат" деп билдирди.
Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Вашингтон "маанилүү чечим" тууралуу жарыяларын айткан.
Бул Байдендин администрациясы Украинага көрсөткөн соңку жардам болуп калышы мүмкүн.
Анткени байкоочулар жаңы шайланган президент Дональд Трамптын администрациясы Украинадагы согушту токтотуу максатында курал-жабдык берүүнү кыйла кыскартып же токтотуп коюшу ыктымал экенин боолгошууда.
Трамптын инаугурациясы 20-январга белгиленген.
Украинадагы согуш жүрүп жаткан үч жыл ичинде Вашингтон Киевге жалпы суммасы 175 миллиард долларлык аскердик жардам көрсөттү.
Шерине