Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:22

Алыш балбандары Азияны багындырды


Баяман Эркинбаевдин элесине арналган Алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык мелдештин катышуучулары. 17-март, 2015-ж. Бишкек.
Баяман Эркинбаевдин элесине арналган Алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык мелдештин катышуучулары. 17-март, 2015-ж. Бишкек.

Ирандын борбору Тегеран шаарында Алыш бел боо күрөшү боюнча VI Азия чемпиондугунан кыргыз балбандары 3 алтын, 2 күмүш жана 3 коло байгеге ээ болушту. Мелдешке Азиянын 13 өлкөсүнөн 250гө жакын балбан катышкан.

Назира Арзубекова 21 жашта. Ал Кыргызстанда тандоо мелдешинде уткандан кийин улуттук кураманын катарында алгачкы жолу Азия чемпиондугуна катышып келди. Назира 70 килограммга чейинкилер арасында күч сынашып күмүш медалды тагынып кайтты.

- Азия чемпиондугунда Иран жана түркмөнстандыктар күчтүү болушту. Бирок бул күрөш кыргыз элинин күрөшү болгондуктан Кыргызстандын спортчулары алдыңкы катарда болду деп айтсам болот.

Алыш бел боо күрөшү боюнча Азия чемпиондугу Тегеран шаарында 6-7-август күндөрү өтүп, Кыргызстандын намысын коргоого 10 балбан чыгып Мадина Нодирова менен Абдыманап кызы Бүбүсарадан башкалары байгеге ээ болушту.

Эркектер арасында 70 килограммга чейинки салмакта Мырзабек Кочкоров, кыз-келиндер арасында 60 килограммга чейинки салмакта Мээрим Момунова жана 70 килограммдан жогорку салмакта Нагира Сарбашова алтын медаль тагынып, Азия чемпиону болушту. Азия чемпиону Мээрим Момунова Азия чемпиондугунан алган таасирлери

Алыш бел боо күрөшү боюнча Азия чемпиону Мээрим Момунова. 10-август, 2015-ж. Бишкек.
Алыш бел боо күрөшү боюнча Азия чемпиону Мээрим Момунова. 10-август, 2015-ж. Бишкек.

тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Буга чейин дзюдодон эл аралык мелдештерге чыгып жүргөм. Быйыл алгачкы жолу Азия чемпиондугуна катышып, алтын медаль алдым. Бул күрөштөн мага жакканы эрежелердин бардыгы кыргызча айтылганы болду. Алыш, токто өңдүү кыргызча сөздөр менен айтылганы мага жакшы таасир калтырды. Бул мелдеште жалпысынан үч атаандашымды уттум. Баш байге үчүн беттеште ирандык атаандашка туш келип кыйынчылык менен жеңдим. Жеңишке жеткениме кубанычтамын.

Алыш боюнча Азия чемпиондугунда күмүш байгелерге эркектер арасында 100 килограммдан ашуун салмактагы Кубанычбек Көкүмов менен кыз-келиндер арасында 75 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Назира Арзубекова ээ болушту. Коло байгелерди 60 килограммга чейинки Искендер Өскөнбаев, 80 килограммга чейинки Эсенбек Кудайбергенов жана 100 килограммга чейинки топтогу Кадыр Келсинбеков жеңип, командалык эсепте Кыргызстандын эркектер курама командасы 2-орунду, кыз-келиндер командасы 3-орунду ээлешти.

Алыш бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Кабыл Бөрүбаев, Азия чемпиону Мээрим Момунова жана Азия чемпиондугунун күмүш байгесинин ээси Назира Арзубекова. 10-август, 2015-ж. Бишкек.
Алыш бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Кабыл Бөрүбаев, Азия чемпиону Мээрим Момунова жана Азия чемпиондугунун күмүш байгесинин ээси Назира Арзубекова. 10-август, 2015-ж. Бишкек.

Спорттун аталган түрү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Кабыл Бөрүбаев мелдеш калыстарынын кетирген мүчүлүштүктөрүнөн айрым балбандардын күч сынашуусу татыктуу бааланбай калды деп нааразы болгондугун жашырбайт. Ал ошондой эле Алыш бел боо күрөшү мусулман өлкөлөрүндө өзгөчө кыз-келиндер арасында кызыгуу жаратып жатканы кубанычтуу көрүнүш дейт.

- Чемпиондуктун жүрүшүндө Иран эли бул күрөштөн күч сынашууларды канчалык деңгээлде кызыгуу менен көрүп жатышканын байкадык. Бул күрөштү сүннөт күрөш деп аташат. Ирандык кыздар башка күрөш менен күрөшпөстөн Алыш менен күрөшөт экен. Анткени кийимдери жабык болуп, күрөшкөн учурда ыкма жасаганда килемге атаандаш түшкөндө эле күч сынашуу токтотулат. Ошондон улам күрөштүн бул түрү мусулман өлкөлөрүндө кызыгуу жаратууда. Ага кошумча спортчулар жаракат албагандыктан дүйнө элдеринин кызыгуусун арттырып жатат деп да айтууга болот. Анткени күрөш учурунда балбандын эки колу тең бел курду кармап күрөшөт. Балбан байкоосуздан гана курдан колун чыгарса жаракат алышы мүмкүн. Бирок эрежеге ылайык колду курдан чыгарууга болбойт.

Алыш боюнча VI Азия чемпиондугуна 13 өлкөдөн Кыргызстан, Иран, Өзбекстан, Монголия, Түркмөнстан, Индия, Таиланд, Пакистан, Бангладеш, Ооганстан, Тажикстан, Казакстан жана Индонезиядан 250гө жакын спортчу катышкан. Азия чемпиондугу алгачкы жолу Биргелешкен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун көзөмөлүндө өткөрүлдү.

Алыш бел боо күрөшү боюнча боюнча эл аралык федерация 2001-жылы негизделип, бир жылдан кийин каттоодон өткөн. Күрөштүн бириктирилген түрлөрү боюнча эл аралык федерацияга (FILA. Учурда бул уюм Биргелешкен күрөш дүйнөсү (UWW) деп аталат) 2008-жылы мүчө болгон. Учурда дүйнөнүн төрт континентинин 70тен ашуун өлкөсүндө улуттук федерациялар бар. Күрөштүн бул түрүнөн Азиянын, Европанын, Панамериканын жана дүйнөнүн чемпиондуктары календарлык планга ылайык жыл сайын өткөрүлүп келет. Алыш 2017-жылы Түркмөнстанда боло турган чатыр астында ойнолуучу V Азия оюндарынын программасына киргизилген.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG