Орусияда эмгек мигранттарынын убактылуу каттоого туруу тартибин көзөмөлдөө күчөтүлгөнү айтылууда.
Буга байланыштуу паспортуна "кирди-чыкты" белгисин койдуруу үчүн Орусия менен Казакстандын чек араcында топтолуп, тыгын пайда болгон видео тасмалар социалдык тармактарга тарады.
Мигранттардын өкүлдөрү каттоого туруу тартибин жеңилдетүү үчүн орус бийлиги менен сүйлөшүүнү өтүнүп, элчилик менен Тышкы иштер министрлигинен чечкиндүү кадамдарды талап кылып, президентке чейин кайрылышууда. Тышкы иштер министрлиги дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жоктугун айтып, "кирди-чыкты" эрежеси жашаган жеринен башка жакка жасалма каттоого тургандар үчүн экенин белгиледи.
"Кирди-чыкты" белгисин койдуруу үчүн казак чек арасына келип, жол кырсыгында 16 адам, анын ичинде 14 кыргыз жараны мерт болуп, дагы үчөө жараат алган окуя коомчулукту нес кылды. Буга байланыштуу Кыргызстанда аза күтүү жарыяланды.
Орус-казак чек арасында топтолгон мигранттар
Интернеттеги социалдык тармактарда Москва шаарында жана Москва облусунда иштеген кыргызcтандык эмгек мигранттары миграциялык каттоосун жаңылоо үчүн орус-казак чек арасына келип, каз-катар турган машинелердин узун кезеги тартылган видео тасма тарады.
Эмгек мигранттарынын айтымында, 3-сентябрга чейин паспортуна "кирди-чыкты" мөөрү басылбаган жарандар Орусиянын миграциялык мыйзамын бузуучу катары өлкөдөн чыгарууга чейинки административдик жазага тартылышы мүмкүн деген сөз тараганы аларды жапырт түдө чек арага келүүгө аргасыз кылган.
Москвада иштеген Гүлбара Исраилова мигранттардын алды эки-үч күндөн бери чек арада кезек күтүп турганын айтты:
"Мына, Орусиядан Казакстанга келип, "кирди-чыкты" кылабыз" деп турган элдин катары. Автоунаалар узун кезекке туруп, күтүп жатабыз. Биздин бийлик каякты карап отурат, билбейм. Кезекте тургандардын арты тээ ары жактан башталат. Ушундай узун сап менен катар тизилип, кезек күтүп отурабыз. Курсак ачты, суу жок, ажаткана жок. Өзөк жалгаганга эч нерсе таба албай, машинеде жатып, кезекте турабыз".
Орусиянын федералдык миграция кызматы 2018-жылы кабыл алынган миграциялык каттоого туруу тартибин катаалдаштырган мыйзамды аткаруу үчүн көзөмөлдү күчөткөнү белгиленди. Анткени Кыргызстан 2015-жылы ЕАЭБ уюмуна киргендеги жеңилдик режими соңуна чыгып, эмгек мигранттарына жашаган жери боюнча каттоого туруу талабы эскертилген.
Москвада иштеген мигрант Чыңгыз Ысманов жаңы тартип ЕАЭБ мүчө өлкөлөрдүн кээ бирине тиешеси жок экенин белгиледи:
"Миграциялык каттоого туруу эрежеси бүгүн эле чыга калган жок. Мурда эле киргизилген. Бирок өткөн эки жылдан бери пандемияга байланыштуу (COVID-19) жеңилдик бар эле. Мурда юридикалык даректерге каттоого коюп, ошонун негизинде иштей бергенге мүмкүнчүлүк бар эле. Азыр эми мына ошол мурдагы талаптар катуулап, батирдин ээлери менен келишим түзүп, жашаган жер боюнча гана каттоого туруу талабы коюлду. Бирок үйүн ижарага бергендер каттоого коюшпайт. Анткени салык төлөгүсү келбейт. Ошондуктан мигранттар мурда 2-3 миң рублге каттоого турушса, азыр анын көмүскө баасы 8-10 миң рублге чыкканына дагы кайыл болуп, эптеп мыйзамдуу каттоо издеп жаткан учуру. Анан калса каттоосу жок болсо, жазага тартып, катуу чаралар көрүлөрү улам оозеки эскертилип турат. Бул эми бизге карата мамиле жакшы эместигин баарыбыз байкап жатабыз. Мамиле жакшы болбогону үчүн мына ушундай көйгөйлөр келип чыгууда. Биз союздаш өлкөнүн жарандары болсок дагы мына ушундай болуп жатат. Муну унутпашыбыз абзел. Беларусту мисалга алсак, бир дагы беларус "кирди-чыкты" кылып, чек арасына чыгып келген жери жок. Ал эми бизде кагаза жүзүндө ЕАЭБ боюнча союздашпыз, бирок иш жүзүндө мына ушундай мамиле болуп жатат".
Ошол эле кезде Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин биринчи катчысы Гүлбарчын Байымбетова дүрбөлөңгө түшкөнгө негиз жоктугун айтып, "кирди-чыкты" эрежесин жаңылоо миграциялык мыйзам бузууга баргандарга гана тиешелүү экенин белгиледи.
"Биздин мигранттардын көпчүлүгү ортомчулар аркылуу каттоого туруп калат. Ал эми ортомчулар аркылуу болгондо алардын көбү жасалма же болбосо жалган даректерге каттоого тургузулуп, анан анын бардыгын текшере келгенде Орусиянын тиешелүү мамлекеттик органдарынын базасынан чыкпай калууда. Анан базада каттоосу жок болсо же каттоосунун мөөнөтү өтүп кетсе, анда мына ошондой абалга кептелген мигранттар чек арадан чыгып, каттоо таржымалын жаңылоо үчүн "кирди-чыкты" бастырып келгенге аргасыз болот. Чек арада мигранттардын топтолуп кеткени - дүрбөлөң түшүп, 3-сентябрга чейин "кирди-чыкты" бастыруу керек, болбосо чара көрүлөт" деп тараган сөздөн улам болду. Бирок бизге Орусиядан расмий түрдө мына ошондой кайрылуу же эскертүү түшкөн эмес. Каттоого туруу талабы биздин мигранттарга эле эмес, бардык чет элдиктерге коюлган талап. Анын бардыгын биздин жарандарга карата колдонулган кысым катары кабыл алуу чындыкка дал келбейт".
"Жапырт каттоодон чыгаруу"
Ал эми Москвада иштеп келген Нурия Малабекованын айтымында, Орусиянын миграциялык каттоо тартиби көпчүлүк мигранттарды Кыргызстанга кайтууга мажбурлашы мүмкүн. Ал юридикалык даректерде каттоодо турган көпчүлүк эмгек мигранттары жапырт түрдө базадан чыгарылып жаткан жагдайды мисал келтирди.
"Буга чейин кайсы бир ишкананын же мекеменин юридикалык дарегине каттоодо турган мигранттардын бардыгын Орусиянын бийлиги автоматтык түрдө ал жактан миграциялык каттоодон чыгарып салганы маалым болду. Бир эле күндө мына ошол мигранттар мыйзамдуу каттоосу жок болуп калышты. Орусияда мыйзамсыз жүргөн соң, аларга эми айып пулдар салына баштайт. Айып пулдары салынган мигранттар тез арада каттоого турбаса, аларды кайра текшерип, өлкөдөн чыгаруу же кайсы бир мезгилге чейин кайра кайтып барганга тыюу салган чечимдер чыгат. Ошондуктан азыр мигранттар жапырт түрдө чек арага чыгып, "кирди-чыкты" кылганга аргасыз. Болбосо, миграциялык каттоосу мыйзамсыз болсо жумушунан айрылып, андан ары депортацияланат. Элчи айым мына ушуга окшогон маселени чечпей баргандан бери эмне менен алектенип жатканы белгисиз. Ал тиешелүү адамдардын эле ишин бүтүрбөсө, жалпы мигранттардын кызыкчылыгын көздөгөн жери жок".
Ошол эле кезде айрым мигранттар жаңы миграциялык каттоо тартиби Кыргызстан ЕАЭБ уюмуна мүчө болуп кирген келишимдеги жумушчу күчүн, капиталды жана товарларды эркин жүгүртүү шартына каршы келерин айтып чыгышты.
Эмил Жайчиев мигранттардын кызыкчылыгын коргоону өтүнүп, өлкө жетекчилигине кайрылды:
"Кыргызстан биз ЕАЭБ уюмунда мүчөбүз. Кыргыз бийлиги сүйлөшүп, бизге мына ушул каттоо көйгөйүн чечип берсе, жакшы болот эле. Чек арага кетип жаткан же ал жакта кезекте турган машинелерди карасаңыздар, жалаң эле кыргыздар. Мына ушул маселени кандай кылып, чечсеңиздер дагы, чечип бербесеңиздер, болбой калды. Себеби, сиздер ушундай көйгөйлөрдү чечиш үчүн бийликке баргансыздар".
Орусияда жашаган кыргызстандык мигранттар буга чейин элчинин ишине нааразы болуп чыгышкан. Анда 14-августта Орусиядагы жаңы миграциялык каттоо тартибин талкуулоо үчүн кыргыз мигранттарынын жолугушуусу өткөнүн, ага элчи Гүлнара-Клара Саматтын келбей койгону белгиленген. Бирок элчи айым 19-августта башка бир мигранттар тобу менен жолугушуп, жагдайды талкуулашканы кабарланды.