Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Орусиядагы мигранттар элчинин ишине нааразы


Элчи Гүлнара-Клара Самат Москва шаарындагы балдар үйүндө тарбияланып жаткан теги кыргызстандык ымыркайлар менен таанышуу учуру. Москва, 2021-жылдын марты.
Элчи Гүлнара-Клара Самат Москва шаарындагы балдар үйүндө тарбияланып жаткан теги кыргызстандык ымыркайлар менен таанышуу учуру. Москва, 2021-жылдын марты.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматтын мигранттар менен жолугушууга келбегенине нааразылыктар айтылган соң, Тышкы иштер министрлиги ага диаспора өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп турууну тапшырды.

Евразиялык экономикалык комиссиянын министри Арзыбек Кожошев да 18-августта Москвада элчи Гүлнара-Клара Самат менен жолугуп, мигранттарга жардам берүүнү талкуулады.

"Эл өзүнчө, элчи өзүнчө..."

14-августта Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде мигранттар менен жолугушууга элчи Гүлнара-Клара Саматтын катышпаганына нааразы болгон айрым мигранттардын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.

Орусиядагы кыргыздардын "Ноокат" коомунун жетекчиси Толкунбай Акматов 14-августтагы жолугушууну Фейсбуктагы баракчасы аркылуу түз көрсөткөн мигранттардын бири. Ал жолугушууда көйгөйлөр арбын айтылганын, бирок ал жыйынга элчинин катышпаганына нааразылыгын "Азаттыкка" билдирди.

Толкунбай Акматов.
Толкунбай Акматов.

"Гүлнара-Клара Саматтын элчи болуп келгенине бир жылдан ашты. Бирок келгенден бери эл өзүнчө, элчи өзүнчө эле жашап жүрөт. Бир да жолу элдин алдына чыгып, жолугушуп, арыз-муңубузду, сунуш-пикирибизди, атүгүл мактоолорубузду деле угуп койгон жок. Жолугам дегендер менен жеке кабыл алып жолугушат экен деп кээде угуп калабыз. Айрым активисттер жеке жолукканы менен, айрымдары баш тартып коюп атышат. Бул элчи эжеке эмнеге элден качат, түшүнүксүз. Жекшембидеги жолугушууга да келбей койду. Биз ага көйгөйлөрүбүздү жеткирели деген мүдөө менен барган элек".

Соцтармактардагы нааразылыктардан соң, элчилик жолугушууга Гүлнара-Клара Саматтын эмнеге катышпаганын түшүндүрдү. Дипломатиялык мекеменин маалымат катчысы Назгүл Жусубакунова "Азаттыкка" билдиргендей, ал күнү Москва шаарындагы консулга тиешелүү көйгөйлөр көтөрүлгөндүктөн, элчи жолугушууга катышкан эмес.

Назгүл Жусубакунова.
Назгүл Жусубакунова.

"Элчинин жолугушууга катышары алдын ала пландалган да эмес болчу. Бул тууралуу мигранттарга айтылган".

Мигранттардын нааразылыгына Тышкы иштер министрлиги жооп кылып, Гүлнара-Клара Саматка мигранттар менен жолугушуп, көйгөйлөрүн угуу тууралуу тапшырма берилгенин кабарлады.

"Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматка диаспоралар менен ишти күчөтүү тапшырылды. Орусиядагы кыргыз жарандары көтөргөн көйгөйлөргө байланыштуу кошумча кеңешмелер уюштурулат. Министр элчиге диаспоралардын өкүлдөрү менен маал-маалы менен жолугушууларды өткөрүп турууну тапшырды. Орусиядагы кыргыз мигранттарынын маселелери мамлекеттер аралык алаканын бардык деңгээлинде талкууланып жатат”, - деп жазылган министрликтин 15-августта тараткан маалыматында.

Евразиялык экономикалык комиссиясынын министри Арзыбек Кожошев 18-августта Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Москвада элчи Гүлнара-Клара Самат менен жолугушканын маалымдады. Анда чет жерде жүргөн кыргызстандыктардын көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берүү боюнча сүйлөшүү болгонун жазды.

Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп 2021-жылы февралда дайындалган. Былтыр октябрда ага Орусия менен бирге эле Армениядагы элчиликтин ишин аткаруу да жүктөлгөн.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен тышкары Москва, Санк-Петербург, Новосибирск жана Екатеринбургда Башкы консулдуктар бар.

"Миллиондон ашуун кыргызга элчилик түтпөйт"

Расмий маалыматтар боюнча учурда Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык мигрант жашап, иштейт. Мигранттар элчиликке түрдүү маселелер менен кайрылышат. Алсак, документтерин жаңылоо же жоголгонун калыбына келтирүү максатында, эмгек акысын ала албай же башка түрдүү себептер менен укугу бузулгандар, жоголуп кеткен жакындарын издегендер жана башка көптөгөн маселелерде жардам сурашат.

Акыркы убактарда мигранттардын мыйзамдуу жашап-иштөөсүнө байланышкан миграциялык каттоо жана эмгек келишимин түзүү маселеси курчуп жатат. Мындан тышкары түрдүү кылмыштарга кириптер болуп, Орусиянын абактарында жаткандардын, ал жакта ар кандай себеп менен каза болгондорго байланышкан маселе да бар. Расмий маалыматта орус абактарында миңдей кыргызстандык жаран кармалып турганы кабарланган.

Москвадагы “Кыргыз биримдиги” коомдук уюмунун жетекчиси Абдыганы Шакиров абал чындыгында оор экенин белгилеп, бирок аны чечүүгө жалгыз элчиликтин күчү жетпейт деген пикирде.

"Москва шаарында жана Москва облусунун өзүндө эле 700 миңден ашуун кыргызстандык жашап, иштейт. Алардан тышкары дагы ар бир аймакта кыргызстандыктар бар. Колунан келишинче иштеп жатат. Элчиге да оңой эмес. Элчиликке сунушум: миграцияга байланыштуу улам өзгөрүп жаткан мыйзамдарды, токтомдорду алар кыргызстандык мигранттарга убагында жеткирип, маалымдап турууга тийиш. Анткени биздин мекендештерибиз көбүнчө мыйзамдарды билбегендиктен, укуктары тебеленип же мыйзам бузууга айыпталып калып жатышат".

Москва шаарындагы жана облусундагы "Кыргыз биримдиги" диаспорасынын юристи Чыңгыз Жамбилов миллиондон ашуун кыргызстандык мигранттардын көйгөйүн чечүү элчиликтин колунан келбейт деп эсептейт.

"Элчиликтин ишине нааразылык миграциялык каттоону мыйзамдаштыруу талабы күч алгандан кийин чыгууда. Бирок бул маселени элчи айым чече алабы? Кеп мына ушунда. Орусиянын мамлекеттик жетекчилери коюп жаткан маселени элчилик эмес, мамлекет жетекчилери сүйлөшүү жолу менен чечүүсү керек го дейм. Өзүңүздөр деле билесиздер, Орусиянын булуң-бурчтарында миллиондон ашык кыргыз жашап иштейт. Алардын ар биринде көйгөй бар. Мыйзамды сактаганы, сактабаганы бар. Жыл сайын канчалаган мекендешибиздин сөөгү кетип жатат. Аларды мекенине жеткирүүгө да элчилик, консулдуктардын жардамы тийип жатат. Мигранттар бул жакта туруп элчиликтин жардамы менен паспортторун жаңылап, жоготкон документтерин толуктап жатышат".

Анткен менен саясий серепчи Айданбек Акматов жүз мңдеген мигрант иштеп жүргөн бул өлкөгө дасыккан дипломат элчи болушу керек деген көз карашта.

Айданбек Акматов
Айданбек Акматов

"Мындай орунга дасыккан дипломат дайындалышы керек болчу. Бул айым Кыргызстандын саясий айдыңында туруп-туруп эле капыстан пайда боло калып жүрөт. Ал Бакиевдердин тушунда кандай капыстан келген болсо, кайра эле алар менен жаңжалдашып кеткен. Кийинчерээк Гүлнара-Самат деген башкача ат менен "Ата Мекен" партиясынын тизмесинде пайда болду. Депутат да болгон. Бул бийликтин тушунда минтип кайра кыргызстандык мигранттар эң көп жүргөн Орусияга элчи болуп дайындалды".

ТИМдин сайтындагы маалыматка ылайык Гүлнара-Клара Самат биринчи класттагы биринчи катчы деген дипломаттык макамга ээ.

Гүлнара-Клара Самат же Клара Кабилованын аты Кыргызстандын саясий айдыңында 2005-жылдан кийин пайда болгон.

Ал Таш-Көмүр шаарында туулган. Орусияда Калинин мамлекеттик университетин бүтүргөн. Саясий илимдердин кандидаты. Союз мезгилинде комсомолдук уюмдарда иштеп, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин дипломатиялык мекемелерде эмгектенген.

2001-2005-жылдары КМШ өлкөлөрүнүн экономикалык кеңешиндеги комиссияда Кыргызстандын өкүлүнүн кеңешчиси, 2005-2006-жылдары Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде саясий маселелер боюнча кеңешчи болуп иштеген.


2006-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы, андан кийин президенттин алдындагы стратегиялык изилдөөлөр боюнча институттун директорлук кызматын аркалап келген.

2007-жылы Бакиевдин сунушу менен Борбордук шайлоо комиссиянын төрайымдыгына Жогорку Кеңеш тарабынан шайланган.

"БШКнын көз карандысыздыгын камсыздай алган эмес"

2007-жылы Жогорку Кеңешке шайлоону уюштуруп, депутаттарга мандатын тапшырган. Андагы шайлоодо бийликчил "Ак жол" партиясы 71, КСДП 11, Кыргызстан коммунисттери 8 орун алган. Оппозициялык маанайдагы саясатчылар ал шайлоо олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыгышкан. Андагы парламент "жалаң бийликтин камчысын чаба турган" депутаттар менен толукталганы тууралуу сын-пикирлер жааган.

Ошол кезде БШКнын мүчөсү болуп турган Акылбек Сариев буларды эске салды:

Акылбек Сариев.
Акылбек Сариев.

"Шайлоодогу мыйзам бузуулар: мөөнөтүнөн мурда күбөлүк менен добуш берүүгө жол берилгенин, арыздар айлап каралбаганын айтпаган күндө да, шайлоонун жыйынтыгы жазылган кагазда "федералдык" деген сөздүн жүргөнү - бул документ башка бир өлкөнүн документинен көчүрүлүп алганын тастыктап турган. Мен ушул мүчүлүштүктөрдү түз ободон ачык айтып туруп, шайлоонун жыйынтыгы тууралуу документке кол койбой койгом. Ал үчүн кийинчерээк БШКнын имаратына, иш ордума кире албай калган учурларым болду".

Клара Кабилова атын Гүлнара Самат деп өзгөрткөн

Парламенттик шайлоону бийликтин көрсөтмөсүнө ылайык өткөрдү деген сынга кабылган төрайым Клара Кабилова бир жылдан кийин, 2008-жылы капыстан эле өзүнө жана балдарына президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевден коркунуч болуп жатканын айтып, Кыргызстандан чыгып кеткен.

Мындай кадамын президенттин уулу Максим Бакиев тарабынан жергиликтүү кеңештерге шайлоо алдында жасалган кысым менен байланыштырган:

"Мени менен болгон окуядан кийин президент мага эле эмес, биздин өлкөнүн ар бир жаранына кепил болоруна күмөнүм бар. Эгер менин деңгээлимде ушундай окуялар болуп жатса, Кыргызстандын ар бир атуулу өз өлкөсүндөгү чектен чыгуучулуктан саат сайын, күн сайын, жума сайын эмнени башынан кечирип жаткандыгын мен элестетип атам. Эң жөнөкөй жашоо эрежеси жөнүндө маселе турганда, кайдагы энергетикалык, азык-түлүк, экономикалык коопсуздук тууралуу сөз болот?", - деп билдирген ал.

Анын билдирүүсүн жана видеотасманы коомчулукка жарыя кылган оппозициячылар кийин Башкы прокуратурада сурак беришкени маалым.

Москвага качып кеткенден кийин дайыны чыкпай калган Клара Кабилова Апрель окуясынан кийин басылмалардын бирине курган маегинде Убактылуу өкмөттүн бийлигин сынга алган.

Кабилова 2015-жылы парламенттик шайлоого "Ата Мекен" партиясынын тизмесине Гүлнара-Клара Самат деген ысым менен кирген. Коомчулуктун суроосуна партия лидери ал Бакиевдин режиминен качып, Москвага баргандан кийин, оппозиция менен байланышып турганын, тизмеге мигранттардын өкүлү катары киргенин айткан.

Партиялык тизмедеги Гүлнара-Клара Самат 2018-жылы май айында "Ата Мекен" партиясынан Аида Салянованын ордуна депутат болуп келген. Анын орус жарандыгы болушу ыктымал деген маалыматтарды БШК четке каккан. 2021-жылы президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп дайындалган соң, депутаттык мандатын тапшырган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG