Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Акылбек Жапаров ЖЭБди калыбына келтирүү иши менен таанышты


Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБинде. 2-февраль, 2024-жыл.
Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБинде. 2-февраль, 2024-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 3-февралда Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) жарылуу болгон бөлүгүндөгү калыбына келтирүү иштери менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн Медиа штабы кабарлады.

Мурдараак ЖЭБдеги кырсыктан кийинки калыбына келтирүү иштерине 100дөн ашык куруучу тартылганы кабарланган.

Жарылуудан кийинки калыбына келтирүү иштери. Бишкек ТЭЦ. 2-февраль, 2024-жыл.
Жарылуудан кийинки калыбына келтирүү иштери. Бишкек ТЭЦ. 2-февраль, 2024-жыл.


Акылбек Жапаров 2-февралда кечке жуук ЖЭБдин айланасындагы кырдаал боюнча ыкчам штабдын жыйынына да катышкан. Жыйында жылуулук борборундагы жарылуунун бир нече себеби такталганы айтылганы менен кайсы себептер экени ачыкталган эмес.

3-февралдын таңында Бишкек жылуулук электр борборунда жалпы 245 мегаватт кубаттуулукта алты от казан иштеп жатканы кабарланган. Түтүктөгү суунун ЖЭБден чыгып жаткандагы температурасы 68 градуска чейин жеткен. Жылуулук борборунда жалпы 15 от казан бар.

2-февралда таңкы саат үч чамасында ЖЭБде жарылуу болуп, беш адам Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Алардын экөө абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бир бейтаптын абалы орточо оор деп бааланууда. Эки киши үйүнө дарыланууга жөнөтүлдү.

Ушу тапта жылуулук борбордун кызматкерлери кырсык эмнеден болгонун аныктоо жана анын ишин калыбына келтирүү аракетин көрүүдө. ЖЭБде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Президент Садыр Жапаров Бишкек жылуулук борборуна барып, кырдаал менен таанышкан.

Башкы прокуратура ЖЭБдеги жарылуу боюнча кылмыш ишин козгогону белгилүү болду.(ZKo)

XS
SM
MD
LG