Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:27

Магнитогорскиде борбор азиялыктар да жабыркады


Бир ыптасы ураган көп кабаттуу үй. Магнитогорск, 2-январь, 2019-жыл.
Бир ыптасы ураган көп кабаттуу үй. Магнитогорск, 2-январь, 2019-жыл.

Магнитогорскидеги жарылуудан азырынча теракттын издери табылган жок. Орусиянын Тергөө комитети ушундай билдирүү таратты. Көп кабаттуу үйдө болгон жарылуудан каза тапкандардын саны 37ге жетти. Дагы төрт адам дайынсыз.

Издеп-куткаруу иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги куткаруу иштерине миңдей адам, 300дөй техника каражаты тартылганын билдирди.

35 сааттан кийин табылган ымыркай

1-январдын кечинде урандылардын алдынан 11 айлык ымыркай тирүү табылган. 35 саат бою калдыктардын алдында жаткан наристе дароо Москвага ооруканага жөнөтүлдү. Дарыгерлер анын абалын "оор, бирок туруктуу" деп баалап жатышат. Наристенин бир бутун үшүк алып кеткен жана башынан бир аз жаракат алган. Иван Фокин аттуу ымыркайдын ата-энеси баласынын тирүү табылганына жетине албай турушат. Апасы Ольга кырсык ал эки баласы менен үйдө уктап жатканда болгонун айтты:

- Улуу балам менен диванда кучакташып уктап жатканбыз. Ал эми кичүү балам өзүнүн керебетинде уктап жаткан. Балам менен диванда жаткан бойдон кулап түшүп, эптеп урандылардын алдынан чыгып алдык. Ал эми кичүү балам эмне болгонун билбей да калдым.

Ольганын күйөөсү Евгений Фокин ал кезде жумушта болчу. Ал куткаруучулардын кийимин кийип, баласын издөө операциясына өзү кошо катышкан.

- Куткаруучуларга барып, өзүм балам кайда болушу мүмкүн экенин көрсөтүп, калдыктарды кошо тазалаша баштадым, - дейт Евгений Фокин.

"Жабыркагандардын арасында борбор азиялыктар да бар"

Жабыркагандардын арасында тажик жараны да бар. Бул тууралуу Орусиядагы Тажикстандын элчилиги кабарлады. Маалыматтарга караганда Шукрат Уфатовдун абалы оор, учурда ал ооруканада. Анын үй-бүлөсү - аялы жана үч баласы тууралуу маалымат жок. Баштапкы маалыматтарга караганда кырсык учурунда алар үй ичинде болушкан. Элчилик ошондой эле кыйраган үйдө тажикстандык Самиевдердин үй-бүлөсү да болгонун, алар аман-эсен экенин кошумчалады.

1973-жылы курулган үйдө ушул тапта 1100дөй адам жашачу. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, жарылуу таңкы саат алтыдан бир аз өткөндө болгон. Баштапкы кабарларга караганда көп кабаттуу үйдө газ түтүгү жарылып, бир подьезд толугу менен урап түшкөн.

Айрым медиа каражаттары окуяны “теракт” деп жазып жиберишкен. Бирок бул маалыматты Орусиянын Тергөө комитети четке какты. 1-январда комитет тараткан билдирүүдө “иликтөөнүн алкагында эч кандай жардыруучу зат же анын компоненттери азырынча табылган жок” деп жазылган. Аталган орган учурда кырсыктын себептерин иликтөөнү улантып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жалпысынан 46 тургун жашаган 26 батир ураганын билдирди.

Үч тажикстандык наристенин жана алардын энесинин дайыны табылбай жатат.
Үч тажикстандык наристенин жана алардын энесинин дайыны табылбай жатат.

Орусиянын президенти Владимир Путин 31-декабрда кырсык болгон жерге барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолукту. Ал ошондой эле ооруканага барып, жабыркагандардын абалынан кабар алды.

- 31-декабрда, майрамдын алдында тилекке каршы Магнитогорскиде ушундай кайгылуу окуя болду. Курман болгондордун жакындарына, үй-бүлөлөрүнө көңүл айтам, жабыркагандардын баарына колдоо, көмөк көрсөтүлөт, - деди Путин.

Магнитогорск шаары жайгашкан Челябинск облусунда 2-январь аза күтүү күнү деп жарыяланды. Москвадан 1700 чакырым аралыкта жайгашкан шаарда расмий статистикага караганда 400 миңдей адам жашайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG