Анан Англия менен Германияда жаңырган жылды майрамдоонун белгилери пайда болгон. Кийин бул күндү атайылап белгилей турган күнгө айлантышкан. "Жыл жаңырды" кылып, такай 1-январда тосо башташкан. Ошентип дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө Жаңы жыл тосуу салт катары кирип, тарап кеткен.
Бирок Жаңы жыл бардык эле элдерде 1-январдан башталбайт. Жыл эсебин Ай-Күн календары боюнча жүргүзгөн элдер да бар. Айрым элдерде жыл башы жаздан, айрымдарында күздөн башталган учурлар кездешет.
Байыркы Римде алгач жылдын биринчи айы деп март айы эсептелген. Анткени дал ушул айда талаа жумуштары башталып, дыйкандар эгин себүүгө чыгышкан. Жыл болсо азыркыдай 12 эмес, 10 айга бөлүнгөн. Кийинчерээк гана айлардын санына дагы эки ай кошулган. Жаңы доорго чейинки 46-жылы Рим императору Юлий Цезарь жыл башын 1-январга көчүрүү тууралуу жарлык чыгарган. Анан анын аты менен аталган календарь “Юлий календары” деген ат менен бүтүндөй Европага тараган.
Байыркы Орусияда деле христиан дининдеги орустар X кылымдан XV кылымдын акырына чейин жылды 1-марттан тартып санап келишкен. Кийин жыл башын 1-сентябрга оодарышкан. Бирок элине көп нерсени Батыштан кийирген Петр Биринчи падыша болгондон баштап жыл башын 1-январга которгон. Бул 1700-жыл эле. Европа менен экономикалык жана маданий жактан карым-катышы кеңейген Орусия үчүн жыл эсебин бирдей эсептик алкакта менен бир топ ыңгайлуу болгон.
Кыргыз эли Орус империясынын колониясы болгонго чейин Жаңы жылды Күн менен Түн теңелген март айынын 21инде тосуп келген. Негизинен Чыгыш элдеринин көбү майрамдаган бул күн дүйнөгө Нооруз деген ат менен белгилүү. Нооруз аталышы "жаңы күн" дегенди билдирет. Себеби ушул күндөн тартып күн узарып, түн кыскарып, кышы бою жаткан тоң кетип, жер бетине жан кирип, жамырап чөп чыга баштайт.
Анткен менен бир кылымдан ашуун мезгилден бери Кыргызстан да Жаңы жылды өз алдынча мамлекет болгондон бери 21-мартта расмий майрамдаганы менен, мурдагыдай эле 1-январда да тосуп келе жатат.
Бүгүн Жаңы Жыл. 2019-жылдын 1-январы. Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтына бийиктиги 27 метр, диаметри 12 метр болгон Жаңы Жылдык балаты орнотулган. Балатынын ок жыгачына карагайдын 2 миң 400гө жакын майда бутактары “байланган”, ошондой эле көз жоосун алган 940тан ашуун ар түркүн оюнчуктар илинип, өчүп-жанып туруучу 440 метрлик гирляндалар менен оролуп кооздолгон.
Мына ушул өңдүү Жаңы Жылдык балатылар мындан тышкары шаарыбыздын эл көп баруучу дагы 20 көрүнүктүү жерлерине орнотулду. Мисалы, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдына 18 метрлик, Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдына 10 метрлик балаты орнотулду.
Борбор шаардын жаңы жылдык жасалгасына эле быйыл жалпы жонунан 6 миллион сом жумшалды.
Жаңы Жылыңыздар кут болсун!
Кыргызстанга жакшылык алып келген жыл болсун!
Жаңырган жылыбыз
Жокчулуктун эмес,
Токчулуктун жылы болсун.
Каатчылыктын эмес,
Жакшылыктын жылы болсун.
Уруш-жаңжалдын эмес,
Ырыс-Таалайдын жылы болсун.
Күйүттүн эмес,
Үмүттүн жылы болсун.
Кудай деген элденбиз,
Кут-Дөөлөттүү жерденбиз.
Биз ашчу ашуу жапыс болсун,
Биз кеччү суулар тайыз болсун.
Биз басчу жолдор жайык болсун,
Биз барчу үйлөр жарык болсун
Кийимибизге кир жукпасын,
Кирпигибизге чаң жукпасын.
Белесте атыбыз үркпөсүн,
Бешикте балабыз коркпосун.
Жергебизде кырсык болбосун,
Жеген нан, чайыбыз соолбосун.
Арабыз арамга толбосун,
Ар дайым Жараткан колдосун.
Ала-Тообузду аяп алалы,
Азаматтарыбызды таяп алалы,
Кыргызстаныбызды аяп алалы,
Кыз-жигиттерибизди таяп алалы.
Элибиз жерин сактасын,
Жерибиз элин сактасын.
Салтыбыздан ажырап,
Сарсанаага салбайлы,
Санаалууга бербейли.
Саналууга таштасак,
Бөктөргө кушту учкан жээр,
Бөлүнгөн Журтту душман жээр.
Тартышканга салбайлы,
Талашканга бербейли.
Талашканга таштасак,
Тамтыгы калбай салт кетээр,
Таланды болуп калк кетээр...
Ата жыттуу Ала-Тоо,
Айдыңына мал толсун,
Алабына дан толсун.
Эне жыттуу Эне-Жер,
Эмчегине Сүт толсун,
Этегине Эл толсун,
Эл, Жер эсен, бар болсун!
Оомийин!