Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

УКМК Мадумаровдун жээнин, досун жана журналистти суракка чакырды


Коллаж: Канышай Мамыркулова, Токтосун Барманов, Элмурат Калыбеков
Коллаж: Канышай Мамыркулова, Токтосун Барманов, Элмурат Калыбеков

13-ноябрда УКМК тергөө абагында отурган, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулунун иши боюнча үч кишини суракка чакырды.

Абактагы оппозициялык саясатчы, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун карачечекей жээни Элмурат Калыбеков, досу Токтосун Барманов жана эркин журналист Канышай Мамыркулова атайын кызматка сурак берип чыкты. УКМК сурактын чоо-жайы тууралуу комментарий бере элек.

21-сентябрда кармалган Замирбек Шамшидин уулуна алгач Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен иш козголгон. Кийин иш “Массалык баш аламандыктар” беренесине өзгөртүлгөнүн анын адвокаты билдирген.

Элмурат Калыбеков

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, Мадумаровдун карачечекей жээни Элмурат Калыбеков УКМКда эки сааттан ашык суралганын “Азаттыкка” өзү айтты.

“Бишкек шаардык сотунда 13-сентябрда Адахан Мадумаровдун биринчи соту болгон. Ошол жерде Замирбек Шамшидин уулу сүйлөгөн сөздөр боюнча күбө катары суралдым. Сурак купуя сыр боюнча калат деп кол коюп бердим”.

Калыбеков "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөсү. Шоу дүйнөсүндө KG Элмурат деген ат менен таанылган. Ал партиянын лидери Мадумаровду колдоо акцияларында бийликтин дарегине сын айтып жүргөн.

Токтосун Барманов

13-ноябрда Токтогул районунун мурдагы акими Токтосун Барманов да УКМКга суракка чакырылганы маалым болду.

"13-сентябрдагы митинг боюнча сурады. Мадумаров менин жакын досум", - деди Барманов сурактан чыккандан кийин "Азаттыктын" суроосуна кыскача жооп берип жатып.

Ал да Шамшидин уулунун иши боюнча чакырылганы кабарланды. Ал атайын кызматтын имаратынан эки сааттай убакытта чыкты.

Канышай Мамыркулова

Журналист, активист Канышай Мамыркулова да бул күнү сурак берип чыкты. Ал УКМКнын имаратынан чыккандан кийин Шамшидин уулунун ишине байланыштуу суралганын "Азаттыкка" ырастады:

“Тиешелүү кагаздарга кол коюп бердим. Баарын ачыктаганга болбойт. Түз айтканда менин кесиптик ишмердигиме байланышы жок. Суроолорго мыйзамдын алкагында жооп бердим”, - деди журналист.

Замирбек Шамшидин уулун атайын кызмат быйыл 21-сентябрда кармап, Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 20-октябрга чейин камакка алган. Райондук сот 13-ноябрда анын камак мөөнөтүн узартып, 8-декабрга чейин абакта калтырды.

Шамшидин уулуна алгач Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен иш козголгон. Анын адвокаты Алманбет Бексултанов 13-сентябрда Шамшидин уулунун Бишкек шаардык сотунун алдында сүйлөгөн сөзүн экспертизага берип, иш “Массалык баш аламандыктар” беренесине өзгөртүлгөнүн билдирген.

Шамшидин уулу Мадумаровду коргогон митингдерге катышып жүргөн.
13-сентябрда Мадумаровдун камалышына байланыштуу Бишкек шаардык сотунун алдында болгон акцияда сөз сүйлөгөн. Парламент депутаты Гуля Кожокулова “Бүтүн Кыргызстандын” мүчөлөрүнө куугунтук жүрүп жатканын, бул митингден кийин баш-аягы 20 киши жоопко тартылганын айтып чыккан.

Кыргызстанда соңку мезгилде бир катар оппозициячыл саясатчы, активисттер камалды. Аларга "бийликти басып алууга аракет кылды" дегенден тарта "мамлекетке чыккынчылык кылуу" беренесине чейин айыптар коюлду. Муну оппозиция саясий кысым катары сыпаттаса, бийлик өлкөдөгү тартипти камсыздоо аракети деп түшүндүрүп келет.

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев суракка чакырууну "саясатташтырып кереги жок" деген пикирде:

"Керектүү кишилердин баарын чакырганга тергөөчүнүн укугу бар. Тегерегиндеги тарапташтарын чакырат, себеби чогуу жүрүшкөн. Муну саясатташтырып кереги жок. Адахан Кимсанбаевичти балким актап, балким соттогону жатышат. Ошон үчүн баарын чакырып, сурап иштин түбүнө жетиш керек".

Адвокат: Мадумаровдун абалы оор

Абактагы депутаттын тарапташтары УКМКда сурак берип жаткан убакта Бишкек шаардык соту 2015-жылкы Жогорку Кеңешке шайлоодогу каражат маселесине байланыштуу Мадумаровдун адвокаттарынын апелляциялык арызын карады.

Адвокат Майрамбек Жумабеков жактоочулар тергөөдөгү "далилдерди мыйзамсыз деп таап, жокко чыгарууну" сураганын, бирок шаардык сот аны четке какканын айтты.

Буга чейин Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. УКМКнын тергөө абагында жаткан Мадумаров бул иш боюнча сентябрда ИИМдин Тергөө башкармалыгында сурак берип, айыпты четке каккан.

Бул иш кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго байланыштуу саясатчыга ага чейин козголгон ишке кошулган. Адвокат Жумабеков саясатчынын ден соолугу тууралуу да комментарий берди:

“Адахан Мадумаровду бүгүн сотко алып келишти. Абалы начар. Кан басымы 90го чейин түшүп кетип атат дейт”.

Мадумаров 26-октябрда Бишкектеги улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылып, 2-ноябрда кайра абакка которулган.

Оппозициялык саясатчы 2-сентябрда Бишкекте кармаган. УКМК ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып таккан.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга Жогорку Кеңештин уруксатын 22-июнда алган. Анда “Бийликтен аша чабуу” деген берене боюнча айып коюлган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Мадумаров чек ара протоколу боюнча коюлуп жаткан айыпты “жомок” деп атаган. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 2008-2009-жылы туура бир жыл аркалаган. Ошол кезде Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Ал сөз болгон протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан бери күбө катары сурала баштаган.

Президент Садыр Жапаров былтыр жыл башында “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG