Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:19

Мадумаровдун иши тергелип бүттү. Тарапташтары анын абалына кабатыр


Адахан Мадумаровдун тарапташтары, жакындары анын сүрөтүн көтөрүп турушат. Депутатты бошотууну талап кылган акция. Бишкек шаардык сотунун алды. 13-сентябрь, 2023-жыл
Адахан Мадумаровдун тарапташтары, жакындары анын сүрөтүн көтөрүп турушат. Депутатты бошотууну талап кылган акция. Бишкек шаардык сотунун алды. 13-сентябрь, 2023-жыл

Камактагы саясатчы Адахан Мадумаровдун иши тергелип бүттү. Анын жактоочулары 13 томдон турган иштин материалдары менен толук кандуу таанышууга тергөөчү уруксат бербей жатканын билдирүүдө. Тергөө кызматы маалымат бере элек. Ал арада Мадумаровдун ден соолугу начарлап, жүрөк текшерген аппарат менен жүргөнү маалым болду. Тарапташтары 26-сентябрда Куршабда чогулуп, анын ден саламаттыгына тынчсыздануусун билдирген.

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши тергелип бүтүп, жактоочулары иштин материалдары менен таанышууга 26-сентябрда ИИМдин Тергөө кызматына чакырылган. Адвокат Майрамбек Жумабеков 13 томдон турган материал менен толук таанышуу үчүн анын көчүрмөсүн алууга мыйзам жол берерин белгилеп, бирок тергөөчү ага уруксат бербей койгонун айтууда.

"Тергөөчүдөн эмнеге ишти мынча бат тергедиң десек, ал 2019-жылы иш козголгондо Башкы прокуратура тергөөнү жүргүзүп, кийин ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүп бергенин айтты. Ошол себептен иш аяктап, аны сотко кетирүү убагы келип калганын айтты. Кандай гана иш болбосун, аны сотко кетирерде айып тагылган адам жана анын адвокаты иш менен таанышуусу керек. Ар бир барак, ар бир көрсөтмөнү тартып алууга болот. 13 томдун көчүрмөсү биздин колдо болбосо, биз аны кантип сотто жактайбыз. Биз иштин маанисин, ким кандай көрсөтмө бергенин билбейбиз да".

ИИМдин Тергөө башкармалыгы саясатчынын иши тергелип бүткөнү тууралуу маалымат бере элек.

"Бул иште "жашыруун" деген гриф болгондуктан эч нерсе деп айта албайбыз", - деди мекеменин басма сөз катчысы Тилек Оторов.

Бул арада Адахан Мадумаровдун ден соолугу начарлап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мекемесинде текшерүүдөн өткөнүн, азыр ал дарыгерлердин байкоосунда экенин анын адвокаты билдирди.

"Мадумаровго жүрөгүн текшерген убактылуу аппарат тагылган, ал бул күндөрү толкунданып, эмоционалдык өзгөрүүлөргө дуушар болбошу керек, ошондуктан аны тынч коюп, ден соолугуна залака тийгизбөө үчүн тергөө абагында болуп турсун деп тергөөчүгө айттык. Мадумаров азыр дарыга көз каранды, анткени анын жүрөгү ооруп, кант диабети менен жабыркайт экен. Ар бир эки саат сайын дарысын тынымсыз ичип, тамагын да калтырбашы керек. Ошондуктан аны эки жакка чыгарууга болбойт", - деди адвокат Майрамбек Жумабеков.

Мадумаровдун кармалышынын мыйзамдуулугун териштирүү боюнча депутаттык комиссия маселеси парламенттин 27-сентябрындагы жалпы отурумунда да чечилбей калды. Комиссия түзүү маселеси чечилгенин, анын курамын гана добушка коюу керектигин Жогорку Кеңештеги жыйында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Гуля Кожокулова айтып чыкты.

“Бүгүнкү күн тартибине киргизе албайм, анткени фракциянын чечими жок. Эмкиде фракциянын чечимин алып келсеңиздер, мен күн тартибине киргизип берейин”, -деди вице-спикер Нурланбек Азыгалиев.

Бирок Кожокулова “фракциянын чечими бар экенин, регламентке ылайык, күн тартибине киргизилишин" талап кылды.

Нурланбек Азыгалиев буга “сиздердин чечим ошол жыйын учурунда гана жарактуу болчу” деп жооп берди.

Комиссия түзүү маселеси 21-сентябрда да көтөрүлүп, чечилбей калган. Анда депутат Алишер Эрбаев 20-сентябрдагы отурумда “ар бир фракция өзүнүн өкүлүн көрсөтүп, бирок түшүнбөстүктүн негизинде протокол бекитилбей калганын” айткан.

Адахан Мадумаровду милиция 2-сентябрда кармап кетип, соттун чечими менен ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган. Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган.

Депутат Эрбаев ошондой эле Адахан Мадумаров баарын мыйзамдын чегинде жүргүзүүнү суранып жатканын кошумчалады.

Башкы прокуратура Мадумаровду жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Саясатчы өзү чек ара протоколу боюнча коюлуп жаткан айыпты “жомок” деп атаган.

Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп 2008-2009-жылы бир жыл иштеген. Ошол маалда Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG