Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Москвада Ливия боюнча тынчтык сүйлөшүүсү өтөт


Ливияда Улуттар Уюмунун колдоосу менен түзүлгөн Улуттук ынтымак өкмөтүнүн башчысы Фаиз Сарраж жана өзүн Ливиянын Улуттук армиясы деп көрсөткөн топту жетектеген Халифа Хафтар.
Ливияда Улуттар Уюмунун колдоосу менен түзүлгөн Улуттук ынтымак өкмөтүнүн башчысы Фаиз Сарраж жана өзүн Ливиянын Улуттук армиясы деп көрсөткөн топту жетектеген Халифа Хафтар.

Ливиядагы жаатташкан тараптар 13-январда Москвада өтө турган тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышат. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Жолугушууга Ливияда Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен түзүлгөн Улуттук ынтымак өкмөтүнүн башчысы Фаиз Сарраж жана өзүн Ливиянын Улуттук армиясы деп көрсөткөн топту жетектеген Халифа Хафтардын катышуусу күтүлүп жатат. Сүйлөшүүнү утурлай Москвада Орусия менен Түркиянын тышкы иштер жана коргоо министрлери жолугушту. Ливия маселесин чечүү боюнча топту жетектеген Лев Денговдун айтымында, тараптар «элдешүү жараянына кол коюу маселелерин сүйлөшөт».

Орусия менен Түркия президенттеринин чакыруусу менен Ливияда 12-январда атышууну токтотуу жараяны күчүнө кирген. Бирок тараптар ортосунда куралдуу кагылышуу айрым жерлерде уланган.

2011-жылы жарандык согуш башталып, өлкө лидери Муаммар Каддафи өлтүрүлгөндөн бери Ливияда кош бийлик сакталып турат. Өлкөнүн чыгышын парламент жана генерал Халифа Хафтар жетектеген армия көзөмөлдөйт. Ал эми батышы эл аралык коомчулук тааныган Улуттук ынтымак өкмөтүнүн карамагында.

БУУнун колдоосу менен түзүлгөн бул өкмөт баш калаа Триполиде жайгашкан. Хафтардын бийлигин Бириккен Араб Эмираттары, Египет, Орусия колдой тургандыгы айтылып келет. Орусия Ливиядагы жаңжалга тиешеси бар экенин такай четке кагып келгени менен Хафтар тарапта орусиялык жалданма аскерлер согушуп жүргөнүнүн далилдери бар.

XS
SM
MD
LG