6-февралдагы зилзаланын очогуна айланган Түркиянын Кахраманмараш шаарында Кыргызстандан жөнөтүлгөн ондогон боз үй тигилди.
Тиешелүү шарт түзүлгөндөн кийин бул боз үйлөрдө жер титирөөдөн улам үй-жайсыз калгандар баш калкалайт. Боз үй тигүүгө Түркиянын туш тарабындагы кыргыздар кол кабыш кылды.
Cтамбулда котормочу болуп иштеген кыргызстандык Нурлан Усубакун Түркиянын түштүгүндөгү Кахраманмараш шаарына жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн жана Кыргызстандан жөнөтүлгөн боз үйлөрдү тигүү үчүн келген.
Ал сыяктуу ондогон кыргызстандык ыктыярчылар 12-февралдан тарта Түркиянын ар кыл шаарларынан чогула баштаган. Аларга Түркиянын Ван аймагындагы этникалык кыргыздар да келип кошулган.
Нурлан Усубакун соңку үч күн ичинде Кахраманмарашта жүздөй боз үйдү тигип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө өткөрүп бергенин "Азаттыкка" айтты.
"Биз Стамбулдан 50дөй кыргыз ыктыярчы бардык. Измир, Сакария шаарларынан студенттер келди. Вандык кыргыз боордоштор да болду. Жалпысынан жүздөй киши Кыргызстандан келген боз үйлөрдү көтөрдүк. Жалпысынан бир боз үйгө 10-15 киши батат дешти. Жергиликтүү калк ыраазычылыгын билдиришти. Мындай апаат эч качан болбосун. Бул аймакта абал өтө оор экенин көрдүк".
Дагы бир кыргызстандык ыктыярчы Рысгүл Бабашова кыргыз боз үйлөрүн тигүүгө жардам берүү менен катар өз чөнтөгүнөн элге гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн атайын Стамбулдан Кахраманмарашка барган.
"Биз Стамбулдан кечинде чыктык. Эртеси таңында Кахраманмарашта болдук. Кыргызстандык ыктыярчылардын арасында жети кыз-келин да бар болчу. Мен курбуларым менен 1000 байпак, мээлей, топу, ымыркайларга азык, таттуулардан алып алганбыз. Оболу кыйраган шаардын борборуна барган жерде аларды тараттык. Көрсө куткаруучулар да мээлей менен байпакка муктаж экен. Анан Кыргызстандан келген боз үйлөрдү тиккенге жардам бергенге өттүк. Кыздар жигиттерге кол кабыш кылдык, ууктарды кармаштык. Чай-пайын бердик. Түнү шаарда мэриянын имаратында түнөй турган болдук. Улам жер силкинип, сыртка чуркап чыгып аттык. Биз менен бир канча түрк үй-бүлө да бар болчу. Алар да укташкан жок. Кийин биз Стамбулдан алып барган автобуста түнөп аттык. Колубуздан келишинче кызматыбызды кылып, кайра үйгө кайттык. Кыргызстандан келген боз үйлөр зилзаладан жабыркаган элге жылуу үй болуп берет деген үмүттөмүн".
12-февралда Вандын Улуу-Памир айылынан баш-аягы 38 этникалык кыргыз жолго чыккан. Айыл башчысы Эйүпхан Ватансевер Кахраманмарашка боз үй тиккени алды 80ге таяп калган аксакалдар да барганын айтып берди.
"Кыргыз өкмөтү боз үй жөнөтөт, тиккенге киши керек" деп айылга кабар салдым. Барууну каалагандар өтө көп болду. 85-65 жаштагы аксакалдар да болду. Йозгат, Стамбул шаарында жашаган вандыктар кошулуп 70 киши барып, үй тиккенге кол кабыш кылдык. Көргөн-билгендер келип "мен да үйү жок калдым, мага да бергиле" дегендер болду. Бирок аларга кыргыз өкмөтү түрк тарапка өткөрүп бергенин айтып түшүндүрдүк. Эми Түркиянын Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги боз үйлөрдүн алдына тактай төшөп, электр жарыгын, жылыткычтарды коюп, коопсуздук чаралары каралгандан кийин гана элди киргизет экен. Боз үйлөрдүн тигилгенин көргөн башка шаардагы кишилер мага чалып, ыраазычылык билдирип атышат. Түрк эли боз үйлөргө ыраазы".
Кахраманмарашта тигилген боз үйлөргө түрк медиасы да өзгөчө көңүл буруп, социалдык тармактардын түрк сегментинде ыраазычылык билдиргендер көп.
ATV, ShowTV, StarTV өңдүү алдыңкы телеканалдар жаңылыктарында кыргыздар тиккен боз үйлөрдүн кышында жылуу, жайында салкын болоруна басым жасашты.
Түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын уулу Билал Эрдоган башында турган Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы да Кахраманмарашта боз үйлөр тигилип, "Тилектештик лагеринин" курулушу башталганын Твиттер аркылуу жарыялады.
"Бүткүл Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы катары Казакстан жана Кыргызстан республикалары менен биргеликте Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттигинин (AFAD) координациясында “Тилектештик лагерин” курууну баштадык. Кырсыктан жабыркагандар баш калкалоочу жана муктаждыктарын канааттандыруу үчүн атайын жайды орнотуу иштери кыска мөөнөттө бүткөрүлөт",-деп жазылат билдирүүдө.
Боз үйлөр негизинен Кахраманмараштагы эс алуу жайынын аймагында тигилди. Бул ишке түздөн-түз катышкан "Кыргыз түрктөрү" коомунун жетекчиси Абдулметин Кескин жер титирөөнүн очогу болгон бул шаарда имараттардын дээрлик баары жараксыз болуп калганын, эл кулабай калган мамлекеттик мекемелердин ичинде түнөп жатканын белгиледи. Жергиликтүү бийликтегилер менен байланышкан Абдулметин Кыргызстандан келген боз үйлөр оболу дал ошол мекемеде түнөп аткан үй-бүлөлөргө берилерин кабарлады.
"Кахраманмараш шаарын учурда шаар деп айтуу өтө кыйын, анткени үйлөр, имараттар кыйрап, уранды көп. Элдин көбү башка шаарларга көчкөн экен. Кеткиси келбегендер мэриянын, губернаторлуктун айрым соо калган имараттарында баш калкалап жатат. Алгач ошол имараттарда жашап аткандар боз үйлөргө кирет дешти. Казакстан жана Кыргызстандан 200дөй боз үй келип түштү. Андан тышкары Этноспорт конфедерациясы жана Түркиядагы "Жаачылар фондунун" боз үйлөрүн кошкондо Кахраманмарашка орто эсеп менен 300 боз үй тигилет. Телеканалдардан, соцтармактардан Кахраманмарашка тигилген боз үйлөрдү көргөн зилзала катталган башка аймактагылар да муктаждыктарын айтып атышат. Албетте анын кесепетин ал жерге барганда дагы жакшы түшүндүк. Кудайым башка кырсык көрсөтпөсүн".
14-февралда Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Түркиянын Кахраманмараш шаарында журналисттердин суроолоруна жооп берип атып, Кыргызстандан 120дан ашык боз үй жөнөтүлгөнүн айтты.
"13-февралда бир талаа госпиталы, 20 чатыр, 49 боз үй алып келсек, андан мурун куткаруучуларга кошуп 78и жөнөтүлгөн. Жалпысынан 127 боз үй менен “боз үйлөр” шаарчасы курулууда. Ушул шаарча ураган үйлөрдүн жашоочуларын кабыл алат деп ойлойм" деп билдирди.
Казакстандын Түркиядагы элчилиги Кахраманмарашка Казакстандан да боз үйлөр алынып келингенин, аларды Казакстандан атайын келген кишилер жана Түркиядагы казак диаспорасынын өкүлдөрү тигип атышканын Фейсбук баракчасында жазды.
Ал боз үйлөр да “Тилектештик лагеринин” карамагында болот.