Ысык-Көл районунда жайгашкан Тамчы айылында ири эс алуучу жайлар, пансионат, лагерлер жок. Бирок акыркы убакта 100 кишиге чейин батырган конок үйлөр көбөйүүдө. Жээги таза, көлү тунук бул аймакка туристтердин агылуусу да жыл санап өсүп жатат. Бирок айылда саркынды суу тазалоочу бир дагы жай жок болгондуктан кир сууну кайра тазалоо олуттуу көйгөйлөрдүн бирине айланды.
Тамчы айыл аймагынын башчысы Бакыт Карабалаев:
- Тамчы айылында абал өтө оор. Конок үйлөрдүн бардыгы септик менен эле иштеп жатышат. Ал жерден сууну сордуртуп, коңшу айылдардагы саркынды суу тазалоочу жайларга ташуу көп каражатты талап кылат. Андыктан айрым ишкерлер мындан качып, көлдү көздөй агызып деле жибериши мүмкүн. Тезинен алдын албасак болбойт.
Негизи эле облуста саркынды суу тазалоочу жайлардын жетишсиздиги жыйырма жылдан бери чечилбей жаткан көйгөй. Айрыкча чоң пансионаттарда. Жылда чечилүүсү убада кылынган менен абал ушул кезге чейин өзгөргөн жок.
Курорттук эс алуучу жайлар ассоциациясынын жетекчиси Акжолтой Насрдинов союз маалынан бери пансионаттарда бир дагы саркынды суу тазалоочу жай жаңырбаганын айтты.
- Азыр чоң эс алуучу жайлар кандай иштеп жатат? Бирөө эскирген, экинчиси бузулуп калган. Мына ушунун баарын жаңырткыла, жакшы шарт түзгүлө деп элге айтып жатабыз. Бирок айланып келип эле маселе каражатка такалып жатпайбы.
Былтыр саркынды суу тазалоочу жайлары толук кандуу иштебеген 20 эс алуучу жай жабылган. Алардын арасында ири пансионаттардан "Береке", "Мүрөк", "Акжол", "Голубая бухта", "Лазурный берег", "Күнөстүү", "Кооператор", "Айкөл", "Аалам" жана "Университет" бар. Дагы жыйырмасына 12 миң сомдон айыппул салынган.
Ысык-Көл районунун башкы санитардык дарыгери Малик Мамбетов тазаланбаган саркынды суулардын зыяндарына токтолду.
- Микробиологиялык жактан алганда жакшы тазаланган суудан миңге жакын ичеги таякчалары чыгышы керек. Ал эми биз анализ алган 15 пансионаттан мындай бактериялар 200 миң, миллионго чейин чыгып жатпайбы. Бул талапка жооп бербейт. Ошондуктан биз пансионаттарга айып салып, кээ бирлерине ушул норманы аткарганга чейин жабуу тууралуу сунуштамаларды бергенбиз.
Ысык-Көлдөгү пансионаттарда негизинен КУ-200 суу тазалоочу курулмалары кеңири жайылган. Булар миң кишилик эс алуу жайларын тазалоого эсептелген. Адистердин айтымында, бир курулманын баасы эле 80 миллион сомду чапчыйт.
Ар жайкы сезондун башталышында пансионаттарга ишмердигин жүргүзүү үчүн атайын паспорт берилет. Ага ээ болуунун талабы - эс алуучу жайлар техникалык, санитардык жактан эл аралык стандарттарга жооп бериши керек. Бирок азыркы учурда мындай бир дагы пансионат жок.
Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев буга деле карабай эс алуучу жайларга уруксат берилип жатканы айла жоктон болууда дейт.
- Эгер биз эл аралык деңгээл менен ала турган болсок, анда техникалык, санитардык талаптарга толук жооп бере турган пансионаттар жок. Бирок салт катары мурдатан бери калыптанып, суусун аз да болсо тазалап иштеп келаткан эс алуучу жайлар бар. Аларды евро деңгээлге жетпейсиңер деп жаап коё албайбыз. Ал эми короосуна чуңкур казып коюп даараткана кылгандар бар, биз мына ошолорго жол бербейбиз.
Каптагаев бул өндүү эс алуучу жайларга быйыл паспорт берилбестигин билдирди. Бир эле эс алуучу жайлар эмес облустун үч чоң шаарлары - Балыкчы, Каракол жана Чолпон-Атада да саркынды суу тазалоочу жай маселеси курч турат. Үч шаарда тең суу тазалоочу курулмалар жок.
2009-жылы Азия өнүктүрүү банкынын жардамы менен Чолпон-Ата шаарына ири саркынды суу тазалоочу жай куруу пландалып, сүйлөшүүлөр башталган. Бирок жогорку жетекчиликтен бул иштин жыйынтыгы боюнча азыркы күнгө чейин жооп ала албай келатканын Экологиялык, техникалык коопсуздук боюнча Тоң, Ысык-Көл райондору жана Чолпон-Ата, Каракол шаарларынын аймактык башкармалыгынын жетекчиси Таалайбек Карасартов айтты:
- Бүгүнкү күнгө чейин АБР менен ким иштейт, ким эмне жумуш аткарат, качан бүтөт, азыр кайсы этапта турат, ТЭОсу качан каралат эч нерсе белгисиз. Бүгүнкү күндө саркынды суу тазалоочу жайды куруу иши эч кыймылсыз жатат. Жогорку жетекчилерден болсо бүгүн да алгылыктуу жооп ала алган жокпуз.
Ысык-Көл облусунда жалпы 160 эс алуучу жай бар. Алардын 78и чоң пансионат болсо, калганы эс алуучу жайлардын ичинен орун алган кичи пансионаттар. Мындан сырткары 100 кишиге чейин батырган конок үйлөрү жүздөп саналат. Адистер саркынды суу тазалоо жаатында чоң эс алуу жайларынын көйгөйлөрүн чече албай жатканда, майда конок үйлөрүнүн көбөйүшү бул жаатта кошумча түйшүк жаратып жатканын белгилешүүдө.