Ушул күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарындагы спорттук таймаштардан тартылган Гүлжан Турдубаеванын сүрөттөрү.
ДКО-2018: Көчмөндөрдүн таймашы

1
Кыргызстандын кыргыз күрөш боюнча улуттук курама командасынын өкүлдөрү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында болгон мелдеште бардык алтын медалды алышты.
Сүрөттө: 84 килограммга чейинки салмактагылар арасында чемпион болгон Чыңгыз Чалабаев.

2
Байгелер жети салмакта ойнотулду.
Финалда Бекболсун Сатканкулов казакстандык Алишер Муханбетжановду, Амангелди Эсенбек уулу казак балбаны Меиржан Берекетовду, Равиль Самат уулу түркмөнстандык Медет Халлыгурбановду, Баястан Идирисов орусиялык Ислам Фалякуловду, Чыңгыз Чалабаев казакстандык Леонид Станеевди, Нурбек Кожобеков Арман Калиевди (Казакстан), Тилек Куралов тажикстандык Фархад Анакуловду жеңип, алтын медал тагынды.
Сүрөттө: 55 кг. салмакта байге ээси болгондор. Алтын медалды Бекболсун Сатканкулов тагынды.

3
Алтын байгелерге Бекболсун Сатканкулов (55 кг.), Амангелди Эсенбек уулу (60 кг.), Равиль Самат уулу (66 кг.), Баястан Идирисов (74 кг.), Чыңгыз Чалабаев (84 кг.), Нурбек Кожобеков (96 кг.) жана Тилек Куралов (абсолюттук салмак) ээ болушту.

4
Алыш күрөшү боюнча таймаштар.

5
Кыргызстандын улуттук курама командасы Көчмөндөр оюндарынын 5-күнүнүн жыйынтыгы боюнча биринчи орунду сактап турат.
Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, өлкө куржунунда жалпы 84 медаль бар. Анын 36сы алтын, 18и күмүш, 16сы коло.
Экинчи орунга Орусия командасы 43 медалы (16 алтын, 9 күмүш, 18 коло) менен чыкты. Үчүнчү орундагы Казакстанда 49 медаль бар, анын 11и алтын, 17и күмүш, 21и коло.
Алдыңкы ондукта Түркмөнстан (23 медаль), Венгрия (12 медаль), Иран (12 медаль), Өзбекстан (25 медаль), Украина (9 медаль), Монголия (8 медаль), жана Түркия (6 медаль) командалары турат.

6
Казак күрөшү боюнча күч сынашуу.

7
Көкбөрү боюнча мелдештерге 11 команда катышып, төрт топко бөлүнүп ойношту. А тобуна Кыргызстан, Монголия жана Алтай, В тобунда Ооганстан, Москва облусу (Орусия), С тобунда Красноярск, АКШ, Казакстан, D тобуна Башкырстан, Өзбекстан жана Франция бөлүнгөн.

8
Тайпалык оюндардын жыйынтыгы төмөндөгүдөй:
А) Кыргызстан - Монголия 29:5
Монголия - Алтай 1:0
Алтай - Кыргызстан 0:3 (техникалык утулуш)
В) Өзбекстан - Башкыртстан 19:1
Башкыртстан - Франция 2:0
Өзбекстан - Франция 19:6
С) Москва облусу (Орусия) - Ооганстан 7:2
D) Красноярск - АКШ 18:3
Казакстан - Красноярск 15:3
АКШ - Казакстан 9:20

9
5-сентябрда Кыргызстандын көк бөрүчүлөрүнүн Алтай командасы менен оюну болбой калды. Буга Алтай көк бөрүчүлөрүнүн жарымы оюн талаасына чыкпай койгону себеп болду.
"Азаттыктын" жеке булактарынан алынган маалыматка караганда, Алтай командасынын кээ бир оюнчулары өз өлкөсүнө кетип калган. Ушундан улам аларга техникалык утулуш жазылып, автоматтык түрдө жеңиш Кыргызстанга ыйгарылды.
Алтай командасы буга чейин Монголияга 1:0 эсебинде утулган.

10
3-сентябрдан 5-сентябрга чейин болгон тайпалык оюндардын жыйынтыгында А тобунан Кыргызстан, В тобунан Москва облусу, С тобунан Өзбекстан, D тобунан Казакстан алдыңкы орунду ээлеп, жарым финалга чыкты.

11
Казакстан менен АКШнын көкбөрүчүлөрү.

12
С тобунда ойногон Казакстандын көкбөрүчүлөрү 3-сентябрда саат 12:30да Орусиянын Красноярск командасы менен беттешмек. Бирок казакстандык улакчылар келген эмес. Бир күндөн кийин Кыргызстан менен Казакстандын Көкбөрү федерацияларынын жетекчилеринин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында казак көкбөрүчүлөрү оюнга чыгууга макул болуп, 5-сентябрда эки оюн өткөрдү.
Казакстан - Красноярск 15:3
АКШ - Казакстан 9:20
Казакстан - Красноярск 15:3
АКШ - Казакстан 9:20

13
АКШнын көкбөрү командасынын оюнчусу.

14
АКШнын көкбөрү командасынын оюнчусу.

15
АКШнын көкбөрү командасынын оюнчусу.

16
Франциянын көкбөрү боюнча командасынын оюнчулары кыргыз көкбөрүчүлөрү менен.

17
Франциялык көкбөрүчү өз өлкөсүнүн желеги менен.

18
6-сентябрда жарым финалда Кыргызстан менен Москва облусунун командасы, Казакстан менен Өзбекстандын командалары беттешти.

19
Кыргызстан менен Москва облусунун (Орусия) командасы жарым финалдык беттеште. 6-сентябрь, 2018-ж.

20
Жарым финалдык бул оюнда 23:5 эсебинде Кыргызстандын командасы жеңишке жетип, финалга жолдомо алды.