Айылдык кеңештерде аялдар азайды
Кыргызстанда элеттеги аялдарды ар тараптуу өнүктүрүү зарылдыгы, айылдык кеңештерде аялдардын ордун көбөйтүү тууралуу маселе козголду. «Аялдар айылдык кеңештерде 30% кем болбосун» аттуу форумда экс-президент Роза Отунбаева башкаруу органдарында эркектер басымдуу экенин айтты. Форумга премьер-министр, парламенттин фракция жетечилери, эркек депутаттар келген жок. Катышуучулар бийлик башчыларынын мындай мамилесинин өзү аялдардын саясаттагы ордуна көңүлкош мамиледен кабар берерин белгилешти.