Аэропорттогу расмий тосуп алуу иш-чараларынан кийин президент Алмазбек Атамбаев Ташкенттеги "Эгемендик жана гуманизм" монументине гүл койду.
Андан кийин эки өлкөнүн мамлекет башчылары Кыргызстандын айыл чарба жана кайра иштетүү өндүрүшүнүн көргөзмөсүнүн ачылышына катышты.
Сапар алкагында эки өлкөнүн президенттеринин тар жана кеңири курамдагы кыргыз-өзбек мамилелеринин актуалдуу маселелери боюнча сүйлөшүүсү өттү. Мындан кийин Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы ар кайсы тармакта кызматташтык боюнча он эки келишимге кол коюлду.
"Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, тараптар өз ара ишенимди бекемдөө, коңшулук мамилени, эл достугун чыңдоо багытындагы декларацияга да кол коюшту.
Эки тараптуу делегациянын кеңейтилген жолугушуусунда Ташкент-Анжиян-Ош-Кашкар багыты боюнча жүк ташуу макулдашылды. Ага Кыргызстандын транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов менен Өзбекстандын тышкы соода министри Эльер Ганиев кол койду. Макулдашууга ылайык, Ташкент-Анжиян-Ош-Кашкар багытында жүк ташуу Өзбекстан-Кыргызстан-Кытайдын соода алмашуусуна жакшы шарт түзүп берери айтылды.
Ал эми Орто-Токой суу сактагычын ижара төлөө системасы менен пайдалануу боюнча макулдашууну кароо кийинкиге калганы белгилүү болду.
Президенттердин жолугушуу маалында Шавкат Мирзиёев эки өлкөнүн эли коңшулук ымаланын жакшырышын 25 жылдан бери күтүп келгенин билдирди. Эки мамлекеттин тарыхый жактан калыптанып калган мамилеси соңку жылдары салкындап кеткенин, аны кайра калыбына келтирүүдө аталган декларациянын мааниси чоң экенин белгиледи.
- Тарых өз сөзүн айтат деп ойлойм. Кыска мезгилдин аралыгында эки президенттин эрки менен өз ара түшүнүшүүнүн мына ушундай деңгээлине жетиштик. Боордош эки өлкөнүн элдери буга татыктуу баа берет деп ойлойм. Бээжиндеги, Астанадагы биздин жолугушуулардан кийин, Самаркандагы тарыхый сүйлөшүүлөрдөн кийин биз бардык багыттар боюнча абдан чоң жыйынтыктарга жетиштик. Саясий өз ара алакабыз туурасында кеп кылсак, бир дагы чечилбеген маселе жок. БУУда, КМШда, Кызматташуунун ислам уюмунда биз бири-бирибизди колдойбуз, эч кандай маселе болбойт. Соода-экономикалык мамилелерде биз сиз менен сүйлөшкөндөй, ишкерлерибизге эч тоскоолдук кылбайбыз, - деди Шавкат Мирзиёев.
Алмазбек Атамбаев болсо бул документ Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара көйгөйүн чечүүгө көмөктөшүп, анын достуктун чек арасына айландыра турган мааниси бардыгын айтты:
- Достугубуз, биримдигибиз менен күчтүү болгон мурдагы мезгилдегидей болушубузга сиздин эмгегиңиз зор. Мага карата мамилеңиз, биздин көп улуттуу Кыргызстанга мамилеңиз үчүн, билермандыгыңыз үчүн сизге ыраазычылык билдирем. Бул чечимдер канчалык керек болгондугун, сиздин Бишкекке тарыхый сапарыңыз канчалык маанилүү болгондугун Өзбекстандын да, Кыргызстандын да эли, балким азыр толук маани бере элек болсо, жыл өткөн сайын терең түшүнөт, - деди Алмазбек Атамбаев.
Андан кийин президенттер брифинг өткөрүшүп, анын жүрүшүндө чек араларды тактоо келишими боюнча грамоталарды алмашты.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга мамлекеттик сапары эки күнгө созулат.
Буга чейин 5-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке мамлекеттик сапар менен келип, кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өткөөл келишимге кол коюшкан. Анда Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 1170и же 85 пайызы такталган. Калган 208 чакырым же 15 пайызы жыл соңуна чейин макулдашылары айтылган.