Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:10

Жанар Акаев: Улан микрофону менен Ак үйгө киргенде саясатчылар туш келди качып кетчү


Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

"Уланбек Эгизбаев чындыктын символу болчу, ал келе жатканда саясатчылар качып турчу" деп билдирди бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Кочкордо маркумду акыркы сапарга узатуу учурунда.

- Улан дагы жашаганда коомду тазартмак. Адилеттүү, таза коом түзүш үчүн Уландай адам керек эле. Улан микрофонун көтөрүп Ак үйгө киргенде саясатчылар залдан качып жөнөшчү. Туш келди кабинетке кирип, ага үч мүнөттүк интервью берүүдөн качып турушчу. Анткени Улан чындыктын, акыйкаттыктын, адилеттүүлүктүн символу болчу, - деди Жанар Акаев.

"Азаттыктын" эң мыкты журналисти Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Ата шаарында ооруканада каза болду. Милициянын айтымында, ал Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатында эс алууга барган жеринен сууга чөгүп кетти.

Ал соңку эки айда Улуттук тарых музейиндеги мумия баш болгон экспонаттардын чоо-жайын, Бишкекте жана анын тегерегинде өөрчүп кеткен көрүстөн сатуу бизнесин иликтеп чыккан. Айрым учурларда ага телефондон коркутуп-үркүтүү, түшүнүксүз каттар келгени маалым болгон.

XS
SM
MD
LG