Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:06

Уланбектин сөөгү жерге берилди


"Азаттыктын" чыгаан журналисти Уланбек Эгизбаевдин сөөгү Кочкор районунун Көк-Жар айылына коюлду.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева баштаган саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер да катышты.

Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Ата шаарында ооруканада каза болду. Милициянын айтымында, ал Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатында эс алууга барган жеринен сууга чөгүп кетти.

Эгизбаев туура бир ай мурда ардагер журналисттердин колунан “Алтын калем” сыйлыгын алган. Сыйлыкты публицист Кален Сыдыкова коомдогу орчундуу маселелерди тартынбай элдин алдына алып чыгууга кудуреттүү жаш жана таланттуу журналисттерди колдоо максатында уюштурган.

Уланбек Эгизбаев 2016-жылы Эгемендиктин 25 жылдыгына карата Ардак грамота менен сыйланган.

2016-жылы анын кочкорлук окуучу Нургазы тууралуу тарткан “Кыял” даректүү тасмасы дүйнөлүк "Webby Awards" же Интернет-Оскар сыйлыгын жеңип, тасма авторлору Нью-Йоркко барып келишкен.​

XS
SM
MD
LG