Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:14

Чындыкка реквием


Уланбек Эгизбаев
Уланбек Эгизбаев

Улан Эгизбаев чындыкты мен үчүн, сиз үчүн, бардыгыбыз үчүн айтты. Чындыкты угуу жеңил, айтуу абдан оор, татаал. Чындыкты айтуу – инсандык эрдик!

Өзүңүзгө суроо берип көрүңүзчү – качандыр бир кезде, өмүрүңүздө бир жолу чындыкты жалтанбай айтып, күрөшүп көрдүңүз беле?! Чындыктын тузу оор, көп учурда сынат (кара жемсөөлөр сындырышат). Чындыкты айтуу ар кимдин эле колунан келе бербейт. Руху жетпейт!

Мен Уланды теледен гана көрчүмүн, таанышып, сүйлөшүп көргөн эмесмин. Бирок анын ар бир берүүсүндөгү кара жемсөөлөрдүн бетин сыйрыган курчтугунун артында канча бир кайрат-күч, эрк, чымыркануу, жалтанбаган эр жүрөктүк жатканын көрчүмүн! Ар бир берүүсүнөн кийин канча бир жек көргөндөрү көбөйүп, душман арттырып атканын өзү да билчү, бирок ал жалтанган жок. Анын жан дилинин түпкүрүндө В.Шукшиндин «Кызыл чие» («Калина красная») чыгармасынын каарманы айткандай «биз болбосок, кара жемсөөлөр бул жашоону ашап койбойбу» деген принцип туруп, кыргыз коомунун канабайрамын чыгара тебелеп-тепсеп, бөртүп-бөртүп таратып, талатып жиберип аткандар өтө көбөйүп, орун-очок алып, төргө өтүп кеткенин көрүп көөнү тынбады, каршы күрөштү. Тек гана пассивдүү байкоочу боло алган жок.

Эмне үчүн чындыкты айтуу ушунчалык оор? Айрыкча азыр оор. Анткени кылтыйтып арамзаланып, артыңдан келип бычак сайган эки жүздүү, принциби жокторду - "акылдуу, кылдат, сезимтал" деп, элдин, мамлекеттин байлыгын уурдап байыгандарды - "эпчил, турмушка жөндөмдүү" деп, кошоматчы, саткындарды – "кыйынчылыктан жол таап кеткен көрөгөч, билерман, ошон үчүн кызматынан кол жуубай келе жатат, чоңоюп-өсүп атат" деп сыйлап төргө өткөрүп, той-ашта ошолорго биринчи сөз берип («Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн»), балдарыбызга ошолордун батасын алып берип жүргөнүбүз жалганбы? Ырыс кесер, саткын, кошоматчы мителер кыргыз коомунун канын билдирбей соруп атса да, аларды биз өзүбүз "жакшыларга" кошуп атканыбыз жалганбы? Чындыкты чыркырап айтып, таза, бирок жупуну жашаган адамдарды колунан келбеген, акыл-эси ордунда эмес, жашаганды билбеген бир байкуш катары санаганыбыз чын да!

Дагы жакшы, арабызда ушундай адамдар бар экенине каниет кылалы (аттиң, эрте өтүп кеткенин карачы)! "Кыргыз жигиттери жалтанбаган эр жүрөк" деген сөздү иш жүзүндө далилдеди. Канча бир саясатчынын «эл үчүн иштейли», «элди ойлойлу», «тарых кечирбейт», «кыргыз эли кечирбейт» деген пафостук сөздөрүн жогорку трибунадан угуп эле жүрөбүз. Уга берип бул сөздөр кадыресе сөздөргө айланып деле кетти. Ушинтип айткан адамдардын көбү элдин ырысын жеген ууру экени да айгине болуп атат. Жылтылдап эл астында башканы сүйлөп, билгизбей элдин ырысын уурдап атышканы канча?

Менин түшүнүгүмдө коррупция, кыргызча айтканда жемкорлук – бул Мекенди сатуу менен барабар. Мекенди тыштан душман келгенде эле коргобойт, анын ичинен иритип-чиритип кертип жеп аткандарга каршы күрөш андан оор, андан татаал. Мекенди ички душмандардан коргош керек!. Анткени өзүң аралашып, таанышып, чогуу жашаган адамдар менен күрөшүү, аларга каршы чыгуу Одиссейдин жазмышынан да оор.

Жаш болсо да ушунчалык жүктү көтөрө алган Улан чынында азамат экен! Кыргыз коомунда Улан сыяктуу чындык үчүн күрөшүп, сынбаган, анын айынан темир тор артында отурган адамдардын бири - Өмүрбек Текебаев. Мен бул адамдын жакыны, таанышы, партиялашы эмесмин, жердешчилик оюм андан бетер жок. Коом өзү чайпалып, ала салып турганда инсан кемчилик кетирбей коймок беле? Анын кемчилиги тууралуу айтып-жазып эле келе жатышат. Бирок анын 20 жылдан ашык убакыт айтып келе жаткан чындыгы үчүн ыраазы болушубуз керек!

Анткени Улан, Өмүрбек сыяктуу жеке тынчтыгын, бакубат турмушун баталгага коюп, жемкорлордун, ысыр кесерлердин бетин ачуу - чыныгы инсандык эрдик! Мындай адамдарды баалап-барктаганына жараша эл эл экендигин, журт экендигин көрсөтөт. Наркы канча экендигин, карманар-тутунар баалуулугу-ыйыктыгы кандай экенин, келечеги барбы-жокпу, ошону көрсөтөт.

Мелис Эшимкановдун «Асабасындагы» Алым Токтомушевдин, дагы башка журналисттердин макалаларын окуганда шыпшынып, туура айтып атканына ыраазы болчубуз. Анан калса алардын даярдаган макалалары 90-жылдары коомчулуктун бүйүрүн кызытып, ал тургай саясий атмосферага таасир этчү. Андан бери Улан Эгизбаевдин журналисттик иликтөөлөрүндөй жогорку кесипкөйлүк менен даярдалган, ашмалтайы чыгып бүткөн кыргыз коомунун бетин сыйрыган берүүлөрдү, макалаларды окубай рухий дүлөй, дудук боло баштаган элек. Кыргыз интеллектуалдары көр тириликке биротоло жеңилип, кара курсактын кулуна айланып калгандай таасир калтырчу. (Дастан Сарыгулов бир кезде айткандай «Кыргыз интеллигенциясы өлүү болуп көрдө жок, тирүү болуп жерде жок», же Салижан Жигитов айткандай «Кыргыз интеллигенциясынын көзү желкесине бүтүп калгандай»).

Тиги же бул саясатчынын жоруктарын ашкерелеген айрым курч берүүлөр, макалалар даярдалып аттты деңизчи, бирок атайын буйрутма менен аткарылганы билинип калчу. Ошондуктанбы, анын артынан сая түшкөн мамлекеттик орган деле болчу эмес. Айтылып, ошол бойдон унутта калып кетчү. Уландын акыркы айларда даярдаган берүүлөрү, менин көз карашымда, бүтүндөй бир парламенттин, коопсуздук органдарынын ишине тете болду. Кыргыз мамлекетинин коррупция деген жети баштуу желмогуз менен күрөшүндөгү эң курч, эң натыйжалуу баскычы болуп калды. Саясий куугунтуктардан жалтанып калган кыргыз журналисттерине дем берип, шыктандырды.

Кыргыз коомунда так ушул интеллигенция (жарандык коом эмес) инфантилдүү болуп калганын Өмүрбек Текебаевге каршы ар кандай «гейттердин» уюштурулушуна карата реакциясынан, Уландын азасынан ачык көрүндү. Эл алдына чыгып жүргөн айрым адамдардан гана сөзү, каза азасы байкалбаса, көпчүлүгү дымып калды. Демек, колу таза эмес, элдин ырысына кол салгандар арабызда абдан көп экен!

Андай куйтулар Манас өлгөндө деле ыйлашкан эмес. "Той берип, аш таратып атыптыр" десе же "бир шоумен келиптир" десе күргүштөп жетип баргандар «Азаттыктын» кеңсесинин астындагы, туулган айылындагы аза тажиясына келген жок. Кана, элдин жакшылары? Көп адамдар (саясатчылар, депуттаттар, коомдук ишмерлер ж.б.) барса болмок. "Барган-барбаганына эмне анча күйгүлтүккө түшүп атасың?" дегендер чыгаар. Бирок аны карап турган жаш муунга, "өз көмөчүнө күл тартпай эл үчүн жан үрөө, котур ташын койнуна катып, мүлтүлдөбөй чындыкты жалтанбай айтуу, башканын акысын жебей таза жашоо – мыкты сапат экен, үлгү ала турган сапат экен, ушундай болсоң элдин алкышына ээ болот экенсиң, элге кызмат кылып, элге-жерге жагат экенсиң" деген сезим кийинки жаш муундардын жан сезимине уялаар беле деген эле ой. Чындыкка багышталган реквиемимди, калп пафос эмес, дилимдин түпкүрүнөн чыккан сөздөр менен аяктагым келет: Мекенге кызмат кылуу деген ушундай болот! Элге-жерге өрнөк болуу деген ушул! Аз болсо да жарык өмүр сүрдү, көптүн бири болбоду. Ушундай уул тапкан ата-энесине, мектебине, айылына, Кочкор аймагына, мүлдө кыргыз элине рахмат! ​

Венера Акматова, доцент

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG