Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

Роза Отунбаева: Улан - биздин Данко


Экс-президент Роза Отунбаева.
Экс-президент Роза Отунбаева.

Уланбектин сөөгү керилген кең Кочкордун Көк-Жар айылынын жанындагы мүрзөгө коюлду. Кыргыздын катардагы бир айылы, болгону ал жерде үч миңден ашуун киши жашайт. Уланбектин үйүнүн жанында эки кабат мектеби бар, ошонун жаңы имараты бүткөндөн кийин ал жерде төрт жыл окуган.

Уланбек 1990-жылы төрөлгөн, бу кезде калдайган коммунисттик империя урап, биздин республика жаңыдан каз-каз тура баштаган. Ал өзү эгемен өлкөбүз менен курбалдаш, Кыргызстандын өз алдынчалыгына канча жыл болсо, Уланбек ошончо жашта эле. Жаңы өлкөнүн кан-теринен жаралган муун өкүлү. XXI кылымдагы өлкөнүн тагдыры толугу менен колуна өтчү жаңы муундун өкүлү, анын ишеним арткан жүзү болчу. Уланбек менен кошо келаткан жаңы муундагы жаштар иш десе ишти билген, алдына чоң максаттарды койгон, техникага жакын, мекенчилдикти баарынан бийик баалаган азаматтар. Алар Кыргызстанды өзгөрткүсү келет, эркин, өнүккөн, өзү жана балдары, эли-журту менен жакшынакай жашоо шарты түзүлгөн өлкөдө жашагысы келет.

Мына ушул арык, тыкан, жаны тынбаган жаш улан студент кезиндеги дипломдук ишин жасап жүргөн кезиндеги кесиптик камылгасы мени таң калтырган. Мурда тартылган тасмасынын кыйласы жараксыз болуп калган экен, операторун ээрчитип менин кабинетиме дагы келишиптир. Куду СNN же “Аль-Жазиранын” чыгармачыл тобундай жарыгы менен камерасын ыкчам орнотуп, суроолорду берип, аны илгиртпей жазып алып, тынчымды алганы үчүн кечирим сурап, анан бир паста көтөрүп келген техникасын жыйыштырып офистен чыгып кетишти.

Жайлоо темасы анын жүрөгүнө жакын эле. Ал анын делебесин козгоп ийчү, себеби тоодо туулуп-өскөн бала. Быйыл июлда Ак-Сай менен Арпа жайлоолорундагы ал тартып келген видеону караңыздар. Биздин жайлоодогу бала бакчаларды, чабандар менен балдардын турмушун тартып келгени барган экен. Ал күлүк аттын оозун жыйбай, шамал менен жарышып баратат, тоолук жигитти ат үстүндө көрүп ал.

28 жаштагы ушул жигит бүтүн өлкөнү селт эттирди. 28 жашыңызда сиз эмнеге жетип, эмнелерди жасаганыңызды эстей аласызбы? Ал жанында ийиндешип келаткан кесиптештери менен кошо жемкорлукка, уурулукка, калпка каршы турган, адилеттик үчүн аянбай күрөшкөн, көжөлүп каршы турган, дили таза жаңы кыргыз журналистикасына жол салышты.

Иш дегенде ал өзүн аячу эмес, тыным албай иштечү, жетишип калсам деп шашып турчу, мамлекеттик масштабдагы канча курч маселелерди көтөрдү, ар дайым саясий күндүн анабашында жүрдү. Ысык-Көлдөгү акыркы сааттарынын биринде анын баамына момундай бир факт урунуптур: ким беш мүнөтүнө 500 сом төлөп көл үстүндө скутер минип эс алат, бул 15 миң сом алган кишинин бир күндүк акысы го. Кийинки жылдары ал артынан жаңырыктарды жараткан темаларды канча козгоду?

Биздин күндүн көйгөйлүү көп темаларын тартынбай, коркпой-үркпөй козгоп, сылап-сыйпабай ачык айтып, анан да аны угумдуу тилде унутпас кылып түшүндүрүп берген тайманбас журналистти эстен чыгарбоонун эң мыкты жолу – ал баштаган ишти аягына жеткирүү, козгоп кеткендерин андан ары улап кетүү. Мына ушул темалардын кыйласын журналисттер мурда деле көтөрүшкөн, бир эмес, эки-үч жыл илгери деле жазышкан, бирок да аларга жооп жок болуп атпайбы. Бийлик проблемаларды басып койчу, журналисттер соттук териштирүүлөрдүн төө бастысында калышты, айрымдарын иштен кууп чыгышты, чет өлкөгө баш калкалап кеткендери болду. Коомчулук кыңыр иштердин кыйласын угуп, нааразылыгын айтып, ачуу үшкүрүнүп тим болот, анан бүттү, анан эч нерсе болбогондой тынчып калат. Ушинтип жашап келатабыз. Ушинтип эле жашап жатабыз.

Уланбек Эгизбаев.
Уланбек Эгизбаев.

Президент С. Жээнбеков токтотпоого убада кылган коррупцияга каршы күрөш - оор, узакка созулчу, улам-улам чыга берчү татаал күрөш. Ага бир өлкөнү башкарган кубаттуу деген жалгыз кишинин күчү келбейт. Бул өзү командалык жумуш, оркестр менен иштөө сыяктуу биринчи скрипканы карап түздөнчү иш. Апыртпай айтканда деле, мына ушул биринчи скрипка Уланбек Эгизбаев болчу! Муну Интернеттеги аяк-башы көрүнбөгөн көңүл айтуу агымы, анын кыска, бирок жаркын чыгармачыл өмүрүнө жакшы сөзүн арнагандардын пикирлери да ырастап турат.

Коррупция темасын көтөргөн эркин басма сөздө үнү ачык угулган башка азаматтар да бар экенин айтпай койо албайм. Бирок да бардык эле гезиттер, сайттар, телеканалдар, айрыкча өкмөттүк деп эсептелгендери, президенттин коррупцияга каршы күрөшүндө туу болуп турушу керек эле. Колунан келбейби? Күчү жетпейби? Каалашпайбы? Муну милдет катары эсептешпейби?

Азыркы оркестрде баары мамыр-жумур байланышкан, жиксиз кылып ширелген, оркестр менен негизги коштоочу музыкалык аспаптар бири экинчисин жакшы улай албаса татаал музыканы чогуу-чаран ойноп ийиш мүмкүн эмес. Коррупцияга каршы күрөшкө тартылган бул оркестрдеги журналисттердин ролу баа жеткис.

Тасмада: Мансаптуулардын жер “бизнеси”

Мансаптуулардын жер “бизнеси”
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:31 0:00

Уланбек өз партиясын келиштире ойноп берди, эми башкалар ал баштаган ишти ошондой бийиктикте уланта алабы? Ал тайманбас, принципте бекем турганы менен гана айырмаланбастан, фактыларга негизденип жемкорлордун ким экенин, кайсы жерде “иттин өлүгү” көмүлгөнүн жаңылбай көрсөтүп, “айыптууну” ачыкка чыгаргандыгы менен эсте калчу.

Көр саткандар тууралуу кийинки сюжетин эле алып көргүлө - кыйла жылдардан бери мүрзөлөрдөгү адам өлүмүнөн акча жасагандардын кыңыр иштери ачыкка чыкты, бул ишке аралашкандар билинип калды. Эми алардын атын атап, жоопкерчиликке тартуу гана калды. Антишкен жок, баары унчукпай отурушат. Маалымдоо каражаттарында ачыкка чыккан кыңыр иштерге эмнеге бийлик мамилесин билдирбей отурат?

Канткен менен бул өзү демократиялык коомдун негизги турмуштук мыйзамы го. Бийлик сөзсүз түрдө, мүмкүн болушунча эртерээк ММКнын билдирүүсүнө жооп бериши керек. Эмнеликтен бийлик жер саткандардын толгон-токой көз боемочулуктарына - алардын бир тобун Уланбек Эгизбаев да козгогон - мамилесин билдирбейт? Жалгыз эле бажы тармагында, темир жол же жол курулушунда миллиондорду кургуйга куюп ийчү аткаминерлердин акча шыкалган “жем баштыгын” иликтөө менен чектелбеш керек. Качан биз “Ихласка” байланышкан иш кантип жана кандайча токтотулуп, Айтматов магистралын бойлой кеткен сонун жерлерге апачык эле үйлөр салынып жатканынын себебин биле алабыз? Кимге жана кандайча Түштүк магистралынан ”Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына чейинки сонун жерлер сатылып кеткен? Кандайча темир жол вокзалынын жанындагы “Ала-Тоо” мейманканасынын тарыхый имараты сүрдүрүлүп, ордуна көп кабаттуу кымбат баалуу үй салынып жатат? Жеңиш аянтындагы “Нарын” ресторанын эмнеге сүрдүрүп салышты? Мунун жоопкерчилигин ким алат?

Качантан бери шаардын тарыхый борборун мэрия менен шаар архитектурасынын эч нерсени эске албаган маңкурттары башкарып калган? Шаар тарыхына тиешелүү ар кыл учурларда курулган үйлөр сүрдүрүлүп, алардын орду архитектуралык айласыз бийик үйлөрдүн курулушуна сатылууда.

Эми биз Кыргызстандын тарыхый инсандарынын ысмы жана өмүрү менен тыгыз байланышкан Эркиндик гүлбагын сактап кала алабызбы? Алар жашаган, иштеген жерлер тартынбас “сыйлыгыштырууга” туш келип, айрым үй көпөстөрүнүн эски үйлөрдү сатып алып, анын жерин көп кабаттуу үй салчуларга сатып ийишин кантип токтото алабыз? Биз, шаардыктар, шаардын тарыхый борборун сактап калыш үчүн Бишкектин “алтын алкагын” түзүүнү талап кылабыз. Мындай мисалдар дүйнөдө толтура, алыс барбай эле жаныбыздагы Алматынын тажрыйбасын эске алалы!

Ачык айтыш керек, Уланбек Эгизбаев козгогон бир топ сюжеттер боюнча кылмыш иштери ачылган, коомдук нааразылыктар чыккан, аларга Тарых музейинин реставрациясы, аягына чейин баасы берилбеген музейдеги баалуу мумия экспонаты сындуу маселелерди кошсо болот.

Музейдеги миллиондор
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:21 0:00

Турмуштан көптү көргөн улууларды жаштар көп нерсеге үйрөтө алат. Анын үстүнө азыркыдай ыкчам өзгөргөн, Интернет технологиялары турмуштун бардык тарабына таралып жаткан кезде бул өзү керек нерсе. Биз көп нерсени түшүнө албайбыз, бул жагынан жаштарды эч качан кууп жете албайбыз. Экранга чыккан видео катар жашырылып-жабылып калчу көп нерселерди ачып берип коет. Ошон үчүн Уланбек дайым видеосюжеттер жанрында иштеген, кагаз жүзүндөгү иликтөөгө караганда мунун таасири күчтүү деп эсептеген. Бул болсо ой менен көрсөтүүнүн мамыр-жумур аралашуусун талап кылчу өнөр, техниканы мыкты билбесең бул ишке киришүүнүн кереги жок.

Иликтөө журналистикасы жамы дүйнөдө мына ушул өнөрдүн туу башында келатат, эң татаал, түйшүгү түмөн, убакты-саатты көп алчу, кайра-кайра текшерүүнү, көп каражатты талап кылчу жумуш. Анын натыйжасы да бараандуу. Азыркы журналистиканын мыкты үлгүлөрү – бул бардык өлкөнүн саясий, экономикалык, социалдык турмушундагы айыбын ачкан учурлар. Мунун баары ар кыл пландагы эксперттердин биргелешкен аракетинин натыйжасында жаралат, кайсы бир жашырылып-жабылган көмүскө иштин учугун чубаш үчүн кээде көп кишилер иштешет.

Уланбек Эгизбаев биздин эң натыйжалуу тележурналисттерибиздин бири болчу. Мыкты телесюжеттер менен керемет кыска метраждуу тасмаларды тартып бергени, алары белгилүү дүйнөлүк кино конкурстарда чоң сыйлыктарды алганы, алар Кыргызстандын атын дүйнөгө чыгарганы, биздин карапайым замандаштарыбызды даңктаганы үчүн биз ага карызбыз.

Тасмада: Нургазыны Нью-Йоркко жеткирген кыял

Нургазыны Нью-Йоркко жеткирген кыял
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:18 0:00

Анткен менен Уланбектин сиңирген эмгеги башкада – ал телекөрсөтүү айдыңындагы иликтөө журналистикасын көз тайгылдырган бийикке көтөрө алды. Бүгүнкү милдет – мына ушул бийиктикти төмөн түшүрбөй, прогресс үчүн жемкорлукка каршы жамы коомчулуктун натыйжалуу күрөшүн бир багытка буруу милдети турат. Анткенге "азаттыкчылар" да убада берүүдө, Уланбектин капыс каза болушунан кийин ал дагы айгине болду. Бул журналисттердин жалгыз эле ушул жамаатына тиешелүү эмес. Кеп жалпыбызга, шаарбы же айылбы, борбордобу же аймактардабы – баарыбызга тиешелүү.

Иликтөө журналистикасынын өнүгүү мезгили эми келди. Так ушул учур. Коррупцияга каршы күрөштө мунун мааниси алдыңкы орунга чыгат. Ушундан улам Иликтөө журналистикасынын фондун түзүүнү сунуш кылам. Фонддо акча каражаттары топтолот, ага бул багытта бийлик тарабынан кандай иштер жасалып жатканына кайдыгер карап турбаган, конкреттүү жардам берүүгө даяр, жазаласа деле болбой биздин көз алдыбызда кыңыр иштерин кылдат жасап аткандарды ачыкка чыгарууга жардам бергендер катыша алышат.

Фонддун иши ачык-айкын жүрүшү керек, аны башкаруу көз каранды эмес, эл арасында баркы бийик адамдардан, эксперттерден куралган кеңештин кароосундагы башкаруудан турушу керек. Фонддун уставы, уюштуруу документтери журналисттер арасында дагы кенен-кесири талкууланат, коомчулук тарабынан буга байланыштуу айтылган ыктуу идеялар менен сунуштар кубануу менен кабыл алынат. Фонддун ишин баштоого алгачкы төлөм катары менин пенсиямдан чогулткан миллион сомду кошом, ансыз да ал акча кыйладан бери ар кандай кеп болуп келатат. Кимде-ким өлкөдө чыныгы өзгөрүүлөр болушун кааласа, туруктуу өнүгүүнүн жолуна түшүүнү жактырса Фонддун жыймасына салым кошсун деп кайдыгер эмес жарандарыбызга кайрылам!

Баарыбыз журналисттин коркунучтуу, оор жумушун колдошубуз керек. Домоктун кылычы ар кыл айла-амалдар менен качып кетишти ойлоп турган коррупционерлердин башында салаңдап илинип турушу зарыл. Биздин үй нымдан көгөрүп кетти, баткакка батып калды, акыр-чикири үйүлүп булганып кетти, аны колу туткак адамдар пайдаланууда. Биз бул жакта курулуш менен алектенип атсак, башкалары элдик байлыкты уурдап, кымырып-кымтып кетип жатышат. Жерибиз, үйүбүз жакшылап тазалоону, жууп-чаюуну эңсеп турат.

Таап, айып ачууну журналисттер гана баарынан мыкты аткара алышат. Бул иш жарандардын моралдык жана каржылык колдоосун талап кылат. Бийлик болсо майтарылгыс саясий эркти көрсөтүп, такай колдоп, анан да баштоочу болуп бериши керек.

Уланбекти акыркы сапарга узатып жатып, биз баарыбыз мына ушул киши көңүлүн оорутпаган, керек кезде зыңгырап бекем турган, акылдуу, таланттуу жаш жигит менен болгон кездешкен, аңгемелешкен учурларыбызды эстедик. Биздин балабыздай болгон жаш жигит. Бирок да 28 жаштагы Уланбек көп нерселерди жасоого үлгүрүп кетти. Ал – биздин Данко! Кыргыз журналистикасынын бийиктиги менен күчүн көрсөткөн азамат. Ал таза, калыс Чындыктын өзү болчу.

"Азаттыктын" канаты кайрылды...
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:52 0:00

“Азаттык” радиосунун жамааты Уланбектин айылындагы Көк-Жар орто мектебиндеги кыргыз тили жана адабияты сабагынан кыргыз тилинде эң мыкты дилбаян жазган бүтүрүүчүгө жыл сайын Уланбек Эгизбаев атындагы 500 доллар стипендия берилерин жарыя кылды. Журналисттер үчүн Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктарды, конкурстарды жыл сайын уюштуруп туруу жөнүндө сунуштар айтылды. Анын пландары менен идеялары көп болчу. Ошолордун көбү аягына чыкпай үстөлү менен компьютеринде калды. Мекенге кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөтүп, өлкөнү өзгөртүү үчүн Улан Эгизбаев жанын аябай катуу иштеди. “Азаттыктын”, жалпы эле кыргыз журналистикасынын артка кайтпай турган, өөдө карай тынбай токтолбой чыга берчү бийик чокусу, узак жолу бар.

Роза Отунбаева, Кыргызстандын экс-президенти.

Уланбек, сен дайыма биздин жүрөгүбүздөсүң
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:16 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG