Тогуз-Тородо 11-апрелде жүздөгөн адам жыйналып, жаңы салына баштаган фабриканын имаратын, курулушка пайдаланылган техниканы өрттөп салышты. Анда "буга чейин айтылган жергиликтүү тургундардын талап, мүдөөсүн бийлик укпай жатат" деген доомат айтылды.
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда 11-апрелде "Джи Эл Макмал девелопинг" компаниясы куруп жаткан алтын фабрикага байланыштуу тынч жыйын болмок. Ага өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин, компаниянын өкүлдөрү катышып, тургундардын суроолоруна жооп бермек, талаптар айтылмак.
Тогуз-Тородогу чуулуу митинг
Тогуз-Тородогу чуулуу митинг
Ошол жыйынды уюштуруп жүргөн, атын ачык атагысы келбеген жергиликтүү активисттердин бири окуя тууралуу "Азаттыкка" учкай айтып берди. Анын сөзүнө караганда, башында бул жыйын райондук паркта өткөрүлмөк. Бирок айрым адамдар буга ынабай, алтын элеген фабрика курулуп жаткан жерге барып алышкан:
- Абал кооптуу экени чынында эле билинип турган. Ошондуктан "ар кандай чагым чыгып кетпесин, эл арасына кимдир бирөөлөр же фабриканын өкүлдөрү деле таш-паш ыргытып жибербесин" деп, "жыйынды райондук паркта өткөрөлү" дегенбиз. Жаштар ошол күнү эрте эле чогулуп, үн күчөткүч менен көчө кыдырып, элди "райондук паркка келгиле" деп үндөп жүргөнбүз. Бирок бизде фабрикага жакын айылдар бар да. Алар боз үйлөрүн машинага салып алып алтын фабрика курулуп жаткан жерге чогулуп калыптыр. Биздин арабызда аким, акимдин орун басары да бар эле. Чогулгандарды "стадионго баралы, Бишкектен келгендердин сөзүн угалы" деп жалдыраганга чейин бардык. Алар такыр көнбөй туруп алышты. Анан жергиликтүү бийлик жыйынды курулуп жаткан алтын комбинатынын жанында өткөрүүгө макул болду.
Активисттин айтымында, жыйынга келген өкмөт өкүлдөрүнөн жетиштүү жооп ала албагандыктан таш ыргытыла баштап, тополоң чыккан:
- Митинг башталып-баштала электе эле келген комиссиянын өкүлүбү же кимиси, билбейм, "мунун жыйынтыгы эки айдан кийин чыгат, биз азыр лабораториялык жабдуулар менен келдик, элден, малдан анализ алабыз, Макмал алтындын уу калдыктары көмүлгөн жайды текшеребиз, ошондо анализ чыгарабыз" дегенде эле эл таш менен койгулап жиберди. Андан кийин элди токтотууга мүмкүн болбой калды. Милициянын саны аз болчу. Элди токтото албай калдык. Биз буга чейин социалдык тармактарда да бир канча жолу жазганбыз, "коомдук талкуу уюштургула, элди уккула, премьер-министр Сапар Исаков келсин" деген чакырыктар болгон. Өткөндө да "жалаң эле жардамчылар, эксперттер келип алыпсыңар" деп айткам. Эгер саясий чечим кабыл алган жетекчи келгенде кечээгидей кырдаал болбойт болчу. Эгер ошондой жетекчи келип, "фабрика жабылат" дегенде мындай кадамга барышпайт эле.
ИИМ бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 174 жана 234-беренеси, тактап айтканда "Мүлктү атайлап жок кылуу же зыянга учуратуу", "Бейбаштык" боюнча кылмыш ишин козгоп, тергей баштады. Бишкектен Тогуз-Торого милициянын кошумча күчтөрү барды.
"Джи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын директору Максат Жээналиев "уюшулган кайсы бир күчтөр жергиликтүү тургундарга жалган маалымат таратып жатат" деп билдирди:
Булардын коюп жаткан маселелери такыр эле чындыкка жүз пайыз туура келбей жатат.
- Имараттардан 70 пайызы өрттөнүп кетти. Дарбазасы толугу менен кулатылып, талкаланды. Андан сырткары курулушка пайдаланган беш техника бар эле, ошолорду талкалап, өрттөштү. Тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жаткан. Бул жактагы комиссия 1-марттан бери биздин кагаздарыбызды карап чыккан. Булардын коюп жаткан маселелери такыр эле чындыкка жүз пайыз туура келбей жатат. Бул комбинат курулуп бүтө элек. Эски Макмал комбинатында цианид колдонулган, бизде болсо ал колдонулбайт. Дүйнөдөгү жаңы техника, технология менен иштейт. Кайдагы биздин түшүбүзгө кирбеген нерселерди ойлоп чыгарышып, таркатып жиберишип, түшүнбөгөндөр болсо "ууланып өлөт экенбиз, малыбыз ууланып, сата албай калат экенбиз" деп ызы-чуу болуп кетишкен.
Тогуз-Тородо тоо-кен байытуучу ишкананын курулушуна каршы биринчи нааразылык акциясы 1-февралда болгон. Ага катышкан жергиликтүү тургундар "бул фабриканын мал-жанга, экологияга зыян-кесепети тиет" деп билдиришкен.
Парламенттин 12-апрелдеги жыйынында "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Айтмамат Назаров "бийлик элдин талабына көңүл бурган жок" деп айтып чыкты жана жагдайды тиешелүү комитетте кароону сунуш кылды:
- Кечээ "бул фабрика мыйзамсыз курулуп жатат, уруксат берген эмеспиз" деген тиешелүү органдардын билдирүүлөрү чыкты. Анда эмне себептен курула баштаганда токтотулган жок? Коомдук талкуу болгон жок? Эл менен сүйлөшүү болгон жок? Эки айдан ашык убакыт өттү. Эки айдын ичинде ал жерге бир да жетекчи басып барган жок. Орун басарлар эле жөнөтүлдү. Жыйынтыгы кечээги окуя болду. Ал заводго ошол райондун эли каршы. Аны эл менен сүйлөшүп, сүйлөшүү жолу менен чечиш керек болчу. Укук коргоо органдары алдын алуу иштерин жүргүзүшү керек болчу. Ал жерге облустун жетекчилери барышы керек болчу. Мына, райондон делегация болуп өкмөткө келишсе аларды кабыл алган эч ким болгон эмес. Жыйынтыгында ушундай окуяга күбө болдук. Качан эл көтөрүлүп чыкканда гана кыйын болуп барып токтотуп калдык. Завод курулуп жатканда токтотуш керек болчу. Бир аким эч нерсени чечпейт. Акимдин ыйгарым укуктарын жакшы билебиз. Аны чечкенге алы да жетмек эмес. Колунан да келмек эмес.
Тогуз-Тородо алтын элеген фабриканын курулушун парламенттеги Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы, КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев колдоп келет. Ал 11-апрелде өкмөт фракцияга отчет берип жатканда ушул маселени көтөрдү:
- Алтын аралашмалары ташылып сыртка чыгып жатканда, депутаттар "кошумча алым киргизебиз" деп чыгышканда, биз "өзүбүздө ушундай завод курулса экен" деп айтканбыз. Мен муну ошон үчүн колдойм. Ал жакта аким баш болуп алып уюштуруп жатат. Мындай кыла берсек бизге бир да инвестор келбейт.
Өкмөт башчы Сапар Исаков бул жыйында "тополоң чыгаргандар жана ошол абалга жеткиргендер жазаланат" деп убада берди:
- Биз февраль айында ал жердеги иштердин баарын токтотконбуз. Анан жөн турган нерсени келип эле өрттөп салган кандай шумдук? Мен ички иштер министрине тапшырма бердим. Ал жерде уюштургандар бар. Ошолорду териштирип, мыйзам чегинде баарын орду-ордуна келтиришибиз керек. Тиешелүү адамдар жоопко тартылышы керек. Бүгүн мен акимди жумуштан алам. Ал жерде бандиттер, башка нерселер бар дейт. Аты-жөнүн айтып жатышат, биз мунун баарын териштиребиз.
"Джи Эл Макмал девелопинг" компаниясы "Макмал" кенинин базасында тоо-кен байытуучу фабриканы былтыр кура баштаган. Бул компанияны кыргызстандык "Куранды девелопинг" компаниясы менен Ян Вэйхун аттуу кытайлык жеке ишкер түптөгөн.