Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:06

Текебаев-Чотонов соту: судьяга алтынчы жолу ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап жаткан сот Айбек Эрнис уулу өзүнө ишенбөөчүлүк билдирүү жөнүндө адвокаттардын өтүнүчүн алтынчы ирет четке какты.

19-июлдагы соттук териштирүүдө сот адвокатты залдан чыгарып жиберип, бул айыпталуучулардын тарапкерлеринин нааразылыгын жараткан.

Натыйжада сот иши кыска убакытка үзгүлтүккө учурап, адвокаттар прокурор Жахонгир Ботобаевге жана судья Айбек Эрнис уулуна ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн.

Алтынчы жол ишенбөөчүлүк билдирүү

Судья Айбек Эрнис уулуна ишенбөөчүлүк билдирүү демилгесин адвокаттар сот жараяны бир сыйра үзгүлтүккө учурап, кайра улангандан кийин көтөрүштү. Адвокат Искен Афиджанов сотко ишенбөөчүлүк билдирүү тууралуу сунушун соттун көз карандысыздыгына ишенбегени менен негиздеди:

- Көрүнүп турат, сиз айыптоочу тараптын позициясын ээлеп алдыңыз. Айыптоонун күбөлөрү да, биздин күбөлөр да баары Текебаевге каршы токулган иш ыдыраганын көрсөтүштү. Эмне үчүн соттойсуз? Сиз үчүн деле бул ишти кароодон баш тартып кетүүңүз жакшы болот го деп ойлойм. Бүгүнкү сот жараянынын үзгүлтүккө учуроосуна да өзүңүз себеп болдуңуз.

Текебаев-Чотонов соту: көрсөтмөдөгү чалкештик

Текебаев-Чотонов соту: көрсөтмөдөгү чалкештик

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотоновго байланышкан сот жараяны уланды.

Адвокаттардын сунушун айыпталуучулар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов да колдоого алышты. "Ата Мекен" партиясынын төрагасы сот менен прокурор жогортон жасалган буйрукту аткарып жатышат деген пикирин билдирди:

- Бул иш жасалма. Бул иш - саясий заказ. Биздин күбөлөрдөн 27 адам биздин пайдабызга көрсөтмө берди. Карама-каршы көрсөтмөдөн Маевскийдикинен башка көрсөтмө болгон жок. Анын калпы кийинки көрсөтмөлөрдө чыкканына карабай, судья прокурорлордун жетегине кирип, тескерисин далилдөөгө аракет кылып, бул жерге келген күбөлөргө басым кылып, сөзүн бөлүп аракет кылып жатат. Мен колдойм адвокаттардын сунушун.

Бул сунушка мамлекеттик айыптоо каршы чыкты. Прокуратура өкүлү сотко ишенбөөчүлүк билдирүү негизсиз деди:

- Сунуш негизсиз. Ошондуктан четке кагууга жатат. Анткени буга чейин да сот тарабынан айыпталуучулардын туугандарынан башка тарапкерлерин тартипти бузганы үчүн процесске катыштырбоо тууралуу эскертүү берилген. Ага карабай, бүгүн андай көрүнүш кайталанып отурат. Ошондуктан адвокаттардын иш бузулду, кароого жатпайт дегени туура эмес.

Жарым сааттык кеңешүүгө кеткен судья Айбек Эрнис уулу жактоочулардын сунушун негизсиз деп таап, 20-июлда ишти кароону өзү улантарын билдирди.

Убактылуу өкмөттүн көрсөтмөсү

19-июлдагы жараянда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров, Абдыганы Эркебаев, Болот Шер көрсөтмө берип, Өмүрбек Текебаевдин "Мегаком" менен эч кандай байланышы болбогонун айтышты. Текебаевге каршы берилген көрсөтмөдө айтылгандай, 2010-жылы 13-майда Текебаев орусиялык ишкерлер менен жолугушууга убактысы болбогонун, ошол маалда кырдаал курчуп турганын баса белгилешти.

Бул күнкү жараянга оппозициялык "Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн бийлигине каршы чыккан "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөсү Керим Макеев да көрсөтмө берип, айыпталып жаткан Текебаев менен Чотонов боюнча оң маалымат беришти.

Ал эми күбөлөрдүн дагы бири, Мамлекеттик чек ара кызматынын мурунку төрагасы Курманакун Матенов 2010-жылы 13-майда кечке жуук Ош шаарынан вертолет менен учуп баргандардын арасында болгонун, аларды азыркы премьер-министр, ошол кезде Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков баш болгон өкүлдөр тосуп алганын айтты. Анын сөзү боюнча, ошол эле күнү облустук администрацияны басып алгандардын өкүлдөрү менен жолугушуу болгон:

- Биздин каршылаш тарапта Ош шаарынын азыркы мэри Айтмамат Кадырбаев, мурунку мэри Мелис Мырзакматов, Оштун мурунку губернатору Мамасадык Бакиров жана Сүйүн Өмүрзаков отурган. Оштун ошол убактагы губернатору Сооронбай Жээнбеков жолугушууга катышкан эмес, аны администрацияны басып алгандар "кирбесин" деп киргизбей коюшкан. Жолугушуу президенттин Оштогу резиденциясында болгон. Сүйлөшүүлөрдө алар имаратты басып алууга тиешеси жоктугун айтышып, "эл менен сүйлөшкүлө" дешкен, Исмаил Исаков саат таңкы үчтөрдө администрацияга кеткен. Эртеси эч кандай күч колдонуусуз эле облустук администрациянын имараты бошотулган.

Түштөн кийинки соттук жараянда Текебаев менен Чотоновдун айдоочулары, партиялаштары көрсөтмө беришти. Кезектеги күбө көрсөтмө берип жаткан учурда прокурор Жахонгир Ботобаев Текебаевдин коомдук жактоочусу Канат Азизди ага маалымат берип, үйрөтүп жатат деген жүйө менен сотту жактоочуну тыюуга чакырды. Сот Айбек Эрнис уулу жактоочунун залдан чыгып кетүүсүн талап кылды.

Жактоочуга Текебаевдин тарапкерлери болушуп кеткен учурда судья айыпталуучулардын жакындары менен адвокаттарынан башка бардык тарапкерлердин залдан чыгуусун талап кылды. Бул нааразылыкты күчөтүп, сот процесси үзгүлтүккө учураган. Кайрадан уланган процесске айыпталуучулардын жакындарынан жана адвокаттардан башка тарапкерлери киргизилген жок.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү 20-июлда уланат. Буга чейинки соттук териштирүүлөрдө Убактылуу өкмөттүн төрайымы баш болгон мүчөлөрү көрсөтмө беришкен.

Адвокаттар эми Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов менен президент Алмазбек Атамбаевдин келүүсүн сурап жатышат.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотонов коррупция беренеси боюнча айыпталып жатат. Алар 2010-жылы Убактылуу өкмөттө мүчө болуп турганда орусиялык ишкерлерден “Мегакомду” алардын пайдасына чечүү үчүн миллион доллар пара алган деп шектелип жатат. Саясатчылар кылмыш ишин саясий куугунтук деп атап, өздөрүнүн ак экенин айтып келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG