Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:49

Текебаев-Чотонов сотуна Атамбаевди чакыруу сунушталды


Текебаевдин сотуна Атамбаевди чакыруу сунушталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:49 0:00

Текебаевдин сотуна Атамбаевди чакыруу сунушталды

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда Убактылуу өкмөттүн башчысы, экс-президент Роза Отунбаева, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев, “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев баштаган бир катар саясатчылар күбө катары көрсөтмө берди.

Биринчи Май райсотунда уланган соттук териштирүүдө Убактылуу өкмөттүн башчысы, экс-президент Роза Отунбаева келип көрсөтмө берди.

Ал Текебаев менен Чотоновго козголгон кылмыш иш саясий негизде экенин баса белгилеп, судья Эрнис уулу Айбекти адилет болууга чакырды. Ал өз көрсөтмөсүндө Өмүрбек Текебаев 2010-жылдын 13-майында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча жыйындарга катышканын, анын орус ишкерлери менен жолуккудай убактысы деле болбогонун айтты. Текебаевге миллион доллар пара бердим деген орус ишкери Леонид Маевский буга чейин сотко берген көрсөтмөсүндө аны менен 13-майда жолугуп сүйлөшкөнүн билдирген.

Отунбаева 2010-жылы “Мегаком” өңдүү экономикалык маселелерге Убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев жооптуу болгонун жүйө келтирип, ал да сотто күбө катары көрсөтмө берсе көп суроолорго жооп табылмак деген оюн ортого салды.

Роза Отунбаева жана экс-депутат Феликс Кулов да көрсөтмө беришти.
Роза Отунбаева жана экс-депутат Феликс Кулов да көрсөтмө беришти.

- Мен сотко жаран катары келдим. Мен деле сотторго келе бергидей айылчы эмесмин. Сот же соттун имараты жагабы же жакпайбы маанилүү эмес, жаран катары сот алдында суроолорго жооп берүү керек. Өзгөчө бул учурда бардык иштер ошол кишиге келип такалып жатат. Анткени ушул маселелердин баары жолдош Атамбаевдин карамагында болчу.

Ушундай эле Текебаевди жактаган көрсөтмөлөрдү “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев жана президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев берди. Бул күбөлөр Текебаев 21-декабрда ишке чыкпаганын бир ооздон айтышты. Орус ишкери Маевский болсо 21-декабрда Текебаев менен жолугуп, миллион долларды кайтарууну талап кылганын айтып келет.

Каптагаев орус ишкери Алексей Модин тергөө жүрүшүндө Текебаевдики деп видео тасмага көрсөткөн кабинетте убагында Атамбаев отурганын айтты:

- Ал кабинет Атамбаевдики. Атамбаев менен Текебаевдин кабинетин алмаштырып алуу мүмкүн эмес. Текебаевдин иш бөлмөсү узун коридордон оңго-солго кирген эшиктери менен болчу. Атамбаев отурган кабинетте коридорчо анан чоң кабылдама бар болчу. Бул жерден алмаштырып алуу мүмкүн эмес. Ошондуктан Модин кокустуктанбы же атайынбы мурда барып жүргөн кабинетин көргөзүп алды.

Соттук отурумда Текебаев менен Чотоновдун жактоочулары да президент Атамбаевди күбө катары чакыруу өтүнүчүн кайрадан көтөрүштү. Судья Эрнис уулу Айбек мамлекет башчыны чакырууга негиз жок деп өтүнүчтү четке какты. Мындан улам айыпталып жаткан тарап сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Бирок сот бул өтүнүчтү да негизсиз деп тапты.

Текебаевди жактаган күбөлөр анын ак экенин айтканы менен орусиялык ишкер Леонид Маевский бир миллион доллар пара бергенин айткан.

- Мен Чотонов менен Текебаевди “Мегаком” компаниясына кирүү үчүн миллион доллар пара алганы үчүн күнөөлөйм. Бир миллион долларды бизди Кыргызстандын рыногуна киргизүү үчүн сурашкан. Текебаев убадасын аткарган жок же акчаны кайтарбады. Тиешелүү органдарга арыз жазууга аргасыз болдум. Бул жерде эч кандай саясий буйрутма жок.

Соттук отурумда түштөн кийин “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Сайдулла Нышанов, Аида Салянова жана Наталья Никитенко лидерин актаган көрсөтмөлөрдү беришти. Айыпталуучулардын жактоочулары прокурорлор күбөлөргө чагымчыл суроолорду берип, басым жасап жатат деген негизде аларга да ишеним көрсөтпөө өтүнүчүн келтирди. Бирок сот аны канааттандырган жок.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотонов коррупция беренеси боюнча айыпталып жатат. Алар 2010-жылы Убактылуу өкмөттө мүчө болуп турганда орусиялык ишкерлерден “Мегакомду” алардын пайдасына чечүү үчүн миллион доллар пара алган деп шектелип жатат. Саясатчылар кылмыш ишин саясий куугунтук деп атап, ак экенин айтып келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG