Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:42

Таласта төрага шайлоо создукту


Талас
Талас

Талас шаардык кеңешинин айрым депутаттары басым болуп жатканын айтып чыгышты.

23-январда «Республика-Ата Журт» фракциясынын үч депутаты шашылыш иштери чыгып калганын айтып, шайлоону кийинкиге калтырууну өтүнгөн эле.

Ага чейин аталган фракциянын өкүлдөрү «Мекеним Кыргызстан» жана "Айкөл" партиялары менен «Талас ынтымагы» деген коалиция түзгөнүн жарыялап, төрагалыкка Аскарбек Шабданов аттуу депутаттын талапкерлигин колдорун билдирген болчу.

Ал эми КСДП менен "Кыргызстан" партиялары Адылбек Жусупбековду төрагалыкка көрсөткөн.

Шаардык кеңештин 18-январга белгиленген алгачкы жыйынына КСДП жана “Кыргызстан” фракцияларынын жетекчилеринен башка депутаттар келбей койгондуктан, жыйын 23-январга калган.

Депутаттарга басым болуудабы?

Шаардык кеңештеги «Республика-Ата-Журт» фракциясынын депутаты Рустам Байгараевдин билдиргенине караганда, «Республика-Ата-Журт» буга чейин «Мекеним Кыргызстан» жана «Айкөл» партиялары менен «Талас ынтымагы» деген коалиция түзүп, төрагалыкка Аскар Шабдановдун талапкерлигин көрсөткөн.

Бирок бул партиялардын айрым мүчөлөрүнө облустук бийлик басым көрсөтүп, коалицияга кирбөөгө чакырган. “Республика-Ата-Журт” партиясынын депутаттары ушундан улам шаардык кеңеш төрагасы шайланбай жатканын айтышууда.

Атын атагасы келбеген «Мекеним Кыргызстан» партиясынын депутаты болсо, буларды айтты:

- Мага облус жетекчиси «Кыргызстан» партиясынан добуш берип коюуну өтүндү. Болбосо сизди макул кылдыра турган кишини табам деген. Ошондон кийин мага мен иштеген мекеменин жетекчилиги чалып, кызмат ордуңду карап коёбуз өңдүү сөздөрдү айтты.

Буга чейин өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү “Кыргызстан” фракциясынын талапкерин колдоо боюнча башка депутаттарды чакырып жатканы белгилүү болгон.

Бирок облус башчысы Дайыр Кенекеев жогоруда айтылган дооматтарды четке какты:

- Ар ким өзү чечет кимге добуш беришти. Бул алардын конституциялык укугу.

Башында Талас шаардык кеңешинин алгачкы сессиясы 18-январга белгиленген. Күндүзгү саат экиге чакырылган алгачкы жыйынга бийликчил КСДП жана “Кыргызстан” фракцияларынын лидерлери гана келип, башка депутаттары келбей койгон. Мунун себебин аталган партиялардын лидерлери жыйынга жарым саат кечигип келип мындайча түшүндүргөн:

- Тилекке каршы жүйөлүү себептер менен биздин үч депутат келбей калды. Алардын жыйынга катышпай турганын эртең менен билдик. «Жумуштар бар, бара албай калдык, тигил-бул» дешти. Төраганы шайлаганда ар бир добуш маанилүү. Ошон үчүн биз партиялаштарыбыз менен сессияны которолу деп сүйлөштүк. Мындан улам мен депутаттарга барып расмий билдирдим, - деди КСДП фракциясынын лидери Айбек Сүйүнтбеков.

"Республика-Ата-Журт", "Айкөл" жана «Мекеним Кыргызстан» фракцияларынын айрым депутаттары бул көрүнүштү атайын жасалган оюн катары баалашууда. "Республика Ата-Журт" фракциясынын депутаты Рустам Байгараевдин айтымында, алгачкы жыйында кворум болуп, сессия башталса, эки фракция оппозицияда калмак:

- "Кыргызстан" менен Социал демократтар бириксе, 15 депутат, ал эми калган үч партиянын жалпы саны 16 депутатты түзөт. Беш партиядан турган депутаттардын ичинен биз – "Республика-Ата- Журт", «Мекеним Кыргызстан» жана "Айкөл" деген үч партия коалицияны түзгөнгө ниет кылып, макулдашканбыз. Бирок КСДП менен "Кыргызстан" партиясынын өкүлдөрү коалицияга киребиз дешсе, сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн.

Элди биримдикке чакыруу ордуна атайылап, ишти максаттуу үзгүлтүккө учуратуу болуп жатат. Албетте, мунун башында бийлик турушу мүмкүн. Себеп дегенде президенттик шайлоо келе жатат. Ошонун алдында ар бир регион,ар бир шаарда бийлик өзүнүн позициясын бекемдеп алуусу керек болуп жатат.
Табылды Акеров

Байкоочулардын баамында, бийликчил партия оппозицияда калууну анчейин каалаган жок. Ошол эле учурда башка фракциянын депутаттары менен бир пикирге да келе албай жатат.

Шаардык кеңештин жыйыны өтпөй, төрага шайланбай жатканына нааразы болгондор арбын. Алардын бири, Талас шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Айнура Орунбаева:

- Элдин жүгүн алабыз деп депутаттыкка баргандан кийин иштеш керек да. Бюджетти эртерээк чечүү керек. Шаардын ар бир кыймылы, мектептердеги пол жууган чүпүрөктөн тарта шыпыргы, самынга чейин бюджет аркылуу чечилет да. Мына, маселен, Таласта азыр жолдордун курулушу бүтпөй жатат.

Мындан мурдараак Жалал-Абад шаардык кеңешинин алгачкы жыйынына да бийликчил эки партия келбей коюп, коалиция оппозициядагы фракциялардан куралган. Анын чыры бүгүн да токтоло элек. Бул көрүнүш боюнча саясий серепчи Табылды Акеров буларды айтты.

- Бул жалпы мамлекеттик системага залал келтирет. Мындайча айтканда системанын туруктуулугун, структуралардын бекемдигин ыдыратуу сыяктуу көрүнүшкө алып келет. Эгерде ушул кырдаал барган сайын улана берсе, албетте, эл иренжийт. Ушул дагы саясий системабы, парламентаризмби деп эл кимди гана болсо ээрчип кетиши мүмкүн. Башкача айтканда, революциядык маанайды күчөтүшү мүмкүн. Элди биримдикке чакыруу ордуна атайылап, ишти максаттуу үзгүлтүккө учуратуу болуп жатат. Албетте, мунун башында бийлик турушу мүмкүн. Себеп дегенде президенттик шайлоо келе жатат. Ошонун алдында ар бир регион,ар бир шаарда бийлик өзүнүн позициясын бекемдеп алуусу керек болуп жатат. Кыргызстанда сот, прокуратурада органдары да бийликке баш ийет. Алар КСДП, "Кыргызстан" партияларына каршы аракет жасабайт. Бул көрүнүштүн аягы өнөкөткө да айланышы мүмкүн.

2016-жылдын 11-декабрында өткөн шайлоодо шаардык кеңешке КСДП, (10 мандат) “Республика-Ата Журт” (10 мандат), “Кыргызстан” (беш мандат), “Мекеним Кыргызстан” жана “Айкөл” партиялары үчтөн мандат менен өткөн. 31 депутатка 11-январда мандаттар берилген. Алардын бешөө гана аял. Байкоочулар Талас шаардык кеңешке келген депутаттардын көпчүлүгү жаштар менен ишкерлер, арасында чоң муштумдар да бар экенин, мурдагы чакырылыштан өзгөчө айырмаланбай тургандыгын айтып жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG